2012-2013-окуу жылындагы орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестатына талапкер болгон 11(12)-классынын бүтүрүүчүлөрүн тест сынагынан өткөрүү жөнүндө ЖОБО

  • 05.04.2013
  • 2

I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1. Жалпы орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестатын алууга талапкер бүтүрүүчүлөрүн (мындан ары талапкер) тест сынагын өткөрүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы жана Улуттук тест жүргүзүү борбору (УТЖБ) тарабынан бардык типтеги жана менчиктеги жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында жүргүзүлөт.

2. Жалпы орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестатын алууга талапкерлерди жогорку мектептин бүтүрүүчүлөрүн тест сынагынан өткөрүү:

— жогорку мектептин бүтүрүүчүлөрүн — талапкерлердин билим алуудагы жетишкендиктеринин деңгээлин көз карандысыз баалоо түрүндө өткөрүүнү;

— окуучулардын билим алуусундагы жетишкендиктерин анализ жасоо жана баалоону жакшыртуу максатында жүргүзүлөт.

3.  Артыкчылык аттестатына талапкерлер 11 (12)-классынын бүтүрүүчүлөрү 4 предметтен кем эмес тест сынагын тапшырышат. Сабактардын саны жана аталышы жыл сайын билим берүү боюнча Кыргыз Республикасындагы борбордук мамлекеттик башкаруу мекемеси тарабынан аныкталат.

4. Тест сынагы артыкчылык аттестатын алууга талапкер жогорку мектептин бүтүрүүчүсүнүн окуу тилинде өткөрүлөт.

5. Билим берүүнү башкаруу боюнча мамлекеттин борбордук органы жыл сайын республикалык усулдук комиссияны (мындан ары РУК) түзөт. Республикалык усулдук комиссия предметтер боюнча тесттердин мазмундук түзүмүн аныктайт. Тесттердин мазмунуна республикалык усулдук комиссия жана Улуттук тест жүргүзүү борбору жоопкер.

 

II. ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ

6. Улуттук тест жүргүзүү борбору даярдаган тесттердин негизинде тест жүргүзүлөт.

7. Улуттук тест жүргүзүү борбору камсыз кылат:

7.1. Тесттердин мазмуну жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайыктуулугун;

7.2. Тест материалдарынын мазмунунун жашырындуулугун;

7.3. Тест жүргүзүүнүн жыйынтыгын чыгарууну жана билим берүү органдарына жеткирүүнү.

8. Тесттик тапшырмалар жалпы орто билим берүү мектептериндеги окуу сабактарынын мазмунуна ылайык тапшырмалардын татаалдык деңгээлдин 3 принцибин сактоо менен түзүлөт: минималдык (негизги), орто жана татаалдыгы жогорулатылган.

Бардык артыкчылык аттестат алууга талапкерлер, тест сынагына сөзсүз катышууга жана үч татаалдык деңгээлдеги тапшырмаларды аткарууга милдеттүү.

9. Тестке киргизүү билим берүү башкармалыгынын мөөрү менен тастыкталган бүтүрүүчүлөрдүн тизмесинин негизинде жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөр өзү менен кошо инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди: паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын сүрөтү чапталган маалымдаманы көрсөтүүсү керек. Маалымдамага мектептин мөөрү басылып, мүдүрдүн колу коюлуусу зарыл.

10. Бүтүрүүчүлөр каттоо баракчасында көрсөтүлгөн орундарга отурушат. Окуучулар үчүн катар номуру коюлган орундар бири-биринен 1- 1,5 метр аралыкта жайгаштырылат.

11. Тест сынагы эртең мененки саат 9-00дө башталат. Тест сынагы башталар алдында бүтүрүүчүлөргө тест тапшырмаларын аткаруу жана жооп баракчасын толтуруу боюнча көрсөтмө берилет. Бул үчүн 30 мүнөт убакыт берилет.

12. Тест жүргүзүү 4 сааттан кем эмес убакыттан кийин аяктайт. Математика боюнча тестке 1 саат, тил жана тарых сабактарына 45 мүнөттөн берилет.

13. Математика боюнча тесттин үстүндө иштөөдө бүтүрүүчүлөр тест баракчасынын бош жерлерине чыгарылыштарын жазууга, жооптор кандай жол менен алынгандыгын көрсөтүүгө, чиймелерди чийүүгө, сүрөттөрдү тартууга милдеттүү.

14. Жооптордун баракчалары жана тесттин баракчаларына тест сынагы өткөн билим берүү мекемелеринин мөөрү коюлушу керек. Мөөр басылбаган баракчалар текшерүүгө кабыл алынбайт.

15. Тест өтүп жаткан убакта сүйлөшүүгө, суроолорду берүүгө (бири-бирине), кандайдыр бир буюмдар менен алмашууга, сөздүктөрдү, эсептөө машинкаларын, байланыш каражаттарын колдонууга (уюлдук телефондор жана башка маалымат булактары) жана аудиториядан чыгууга тыюу салынат. Бекитилген эрежелерди бузган окуучуларды тест өткөрүүчүлөр протокол түзүү менен тестке кайра кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып чыгарып жиберишет, бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алуу укугунан ажырайт.

16. 30 мүнөттөн көп эмес кечиккен талапкерлер, тест сынагына бөлүнгөн убакыттын калган чегинде киргизилет. Тестке келбеген окуучулар үчүн (17-бөлүмчөдө көрсөтүлгөн себептерден тышкары) кошумча тест өткөрүлбөйт жана алар артыкчылык аттестат алуу укугунан ажырайт.

17. Кыргыз Республикасынын Билим берүү боюнча борбордук мамлекеттик башкаруу органынын чечими менен тест сынагынан өтүүдөн төмөнкү бүтүрүүчү-талапкерлер бошотулат:

17.1. Жалпы билим берүүчү мекемелерге аргасыздан барбай жүргөндөр (эл аралык алмашуу программасынын алкагында убактылуу чет өлкөдө окуп жатышкандар);

17.2. Ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) менен шашылыш чет өлкөгө туруктуу жашоого кетип жаткандар, эгерде жыйынтыктоочу аттестацияны алдын ала тапшырууга уруксат берүүчү кагаздары бар болсо;

17.3. Оорунун же майыптыктын айынан үй шартында окугандар;

17.4. Тест сынагы өтүп жаткан учурда болгон эл аралык олимпиаданын, кайрымдуулук марштардын, иш-чаралардын катышуучулары, гастролго чыга турган артист жана таймашууга катыша турган спортсмен талапкерлер;

17.5. Форс-мажор кырдаалына кабылган, качкын же көчүрүлүп келген деген статусу бар талапкерлер.

Эскертүү:

1. Жогорку 17.1., 17.2., 17.3., 17.4.,17.5.  бөлүмчөлөрүнө ылайык талапкер-бүтүрүүчү жалпы билим берүүчү мекеменин чечимин жана билим берүү башкармалыгынын табыштамасын, негиздөөчү документтердин көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Билим берүүнү башкаруунун мамлекеттик борбордук органына тест сынагын  өтүүгө бир жума калганча тапшырууга милдеттүү.

2. Тест сынагына катышуудан бошотулган талапкер-бүтүрүүчүлөр, жалпы орто билим боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик бүтүрүү аттестациясын жалпы негизде бекитилген тартипте тапшырышат.

18. Кыргыз Республикасынын Билим берүү боюнча борбордук мамлекеттик башкаруу органы талапкердин оорусуна же башка жүйөөлүү себептерге байланыштуу тестке катышпай калган учурда аларга гана кошумча тест сынагын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат. Талапкерлерге тест сынагын өткөрүү үчүн негиз болуп жатак бейтапканадан медициналык маалымдама же болбосо компетенттүү мамлекеттик мекемелерден берилген тастыктоочу документтер эсептелинет.

19. Кошумча тест сынагын өткөрүүнүн мезгили, убактысы жана өткөрүү жайы Кыргыз Республикасынын Билим берүү боюнча борбордук мамлекеттик башкаруу органынын буйругу менен аныкталат жана жалпы билим берүүчү мекемелерге тиешелүү билим берүүчү башкармалыктарга ар бир жылдын май айынын 25не чейин жеткирилет.

 

III. ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫН БААЛОО

20. Тесттин жыйынтыгы ар бир предмет боюнча өзүнчө бааланат:

— тесттин жалпы баллынын 75%дан кем эмес баллын топтосо «эң жакшы»;

— тесттин жалпы баллынын 60%дан кем эмес баллын топтосо «жакшы»;

— жалпы баллынын 50%дан кем эмес баллын топтосо «канааттандырарлык»;

— жалпы баллынын 49%ын же андан аз балл топтосо «канаттандыраарлык эмес» коюлат.

21. Тесттин жыйынтыгы боюнча «жакшы», «канааттандырарлык» жана «канааттандырарлык эмес» деген бааларды алган талапкерлер артыкчылык аттестатын алуу укугунан ажырайт.

22. Тесттин жыйынтыгын Улуттук тест жүргүзүү борбору чыгарып, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнө артыкчылык аттестаты менен бүтүрүүгө талапкерлерге тест сынагы өткөн акыркы күндөн кийин беш күндүк мөнөт ичинде жеткирилет.

 

IV. ТЕХНИКАЛЫК АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК КОМИССИЯ

23. Техникалык апеллциялык комиссия (мындан ары ТАК) тест сынагына катышкан бүтүрүүчү-талапкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында түзүлөт. ТАКга комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары, катчысы жана мүчөлөрү кирет. ТАК министрликтин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жана Улуттук тест жүргүзүү борборунун кызматкерлеринен жана республикалык методикалык комиссиянын курамынан түзүлөт. Өз ишинде ТАК ушул жобо жана Кыргыз Республикасынын башка укук-ченем актыларын колдонушат. ТАК арыз берген талапкерлердин жооп баракчасынын туура толтурулганын жана баллдардын (баанын) туура коюлушун текшерет, ошондой эле оптикалык сканер менен окулган жооп баракчасынын толтурулушуна байланышкан процедуралык, техникалык маселелерди карайт.

24. ТАК курамын Кыргыз Республикасынын Билим берүү боюнча борбордук мамлекеттик башкаруу органы бекитет. Орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестаты менен бүтүрүүгө талапкерлердин тест сынагынын жыйынтыгын чыгаруудагы бардык талаш, так эмес маселелер ТАК тарабынан каралат.

25. артыкчылык аттестаты менен бүтүрүүгө талапкер тест сынагынын жыйынтыгын алгандан 7 күн ичинде техникалык апелляция өткөрүү үчүн райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү (башкармалыктары) аркылуу арыз берүүгө укуктуу. Билим берүү бөлүмдөрү каттоо номерлери көрсөтүлгөн апеллянттардын тизмесин факс же электрондук почта менен бекитилген графикке ылайык Улуттук тест жүргүзүү борборуна жөнөтөт.

26. Апелляция жооп баракчалары боюнча жүргүзүлөт, анын толтурулушуна тест тапшыруучу жооп берет. Математика боюнча апелляция жүргүзүүгө, тесттик тапшырмалардын тийиштүү баракчаларга толук жазылган чыгарылышы, сүрөттөрдүн аткарылышы, чиймелери негиз болуп эсептелинет.

27. Гуманитардык-тил предметтери боюнча техникалык апелляция тест тапшырмаларын аткаруу жана жооп баракчасын толтурууга берилген көрсөтмөлөргө ылайык текшерилет. Жооптору белгиленбеген тапшырмалар текшерилбейт.

28. ТАК тарабынан жүргүзүлгөн апелляциянын жыйынтыгы протоколго киргизилип, ага техникалык апелляциялык комиссиянын төрага жана 2 мүчөсү кол коёт. Жыйынтыгы жөнүндө (жыйынтыктын өзгөрүлгөнү же өзгөрүлбөгөнү) апеллянтка маалымдалат. ТАКтын протоколдорунун негизинде УТЖБнун мөөрү басылган тест сынагынын жыйынтык тизмесин берилет.

 

V. ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУ

29. Орто билими жөнүндөгү артыкчылык  аттестаты менен бүтүрүүгө талапкерлердин тест сынагынын жана апелляциялык комиссиясынын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Билим берүү боюнча борбордук мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет. Тест сынагынын жыйынтыгында артыкчылык аттестаты менен бүтүрүү укугуна ээ талапкерлер жөнүндө маалымат билим берүү мекемесине, талапкерлерге, алардын ата-энесине (мыйзамдуу өкүлүнө) апелляциялык процедуралар бүткөндөн кийин 2 жуманын ичинде жеткизилет.

30. Тест жүргүзүүнүн жыйынтыгынын негизинде артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөр жалпы орто мектептин курсу боюнча мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны тапшыруудан бошотулат, төмөнкү предметтер боюнча:

— алгебра жана анализдин башталышы (жазуу);

— эне тили жана адабияты (жазуу);

— мамлекеттик (кыргыз) тили (жазуу);

— ыйгарым (орус) тили (жазуу);

— Кыргызстандын тарыхы (оозеки).

31. Талапкерлер өз каалоосу менен тандап алган бир сабакты жыйынтыктоочу мамлекеттик бүтүрүү аттестациясын жалпы негизде бекитилген тартипте тапшырышат.

32. Артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктай албай калган бүтүрүүчү жеке арызынын жана жалпы билим берүүчү мекемелердин мугалимдер кеңешинин чечими менен жалпы орто билим берүү курсу боюнча (толук же толук эмес) жыйынтык аттестациясына артыкчылык аттестатын алуу укугунан ажыратылып киргизилет.

33. Артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын  жогорку окуу жайларына өтүүдө жеңилдиктер берилет.

Артыкчылык аттестатына ээ болгон бүтүрүүчү Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) кошумча предметтик тесттерин: математика, физика, химия, биология, тарых жана англис тили сабактарын тапшыруудан бошотулат. Бүтүрүүчүдө артыкчылык аттестатынын өзүнүн болушу предметтик тесттердин эң жогорку баллына тең деп эсептелинет.

34. Тест сынагынын негизинде артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын медициналык профилдеги орто окуу жайларынан тышкаркы, башка орто окуу жайларына (окуу формасынын жана ведомстволук баш ийишине карабастан) кирүү экзамендерисиз кабыл алынат.

 

VI. ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮНҮ КАРЖЫЛОО

35.  Орто билими жөнүндөгү аттестаты артыкчылык менен бүтүрүүгө талапкерлердин тест сынагына катышууга байланышкан  чыгымдарын (жол кире, жашоо, тамак-аш) ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү)  көтөрөт.

36. Тест жүргүзүүнү өткөрүүгө  байланышкан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги көтөрөт.

Поделиться

Комментарии

2012-2013-окуу жылындагы орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестатына талапкерлер болгон 11(12)-классынын бүтүрүүчүлөрүн тест сынагынан өткөрү / 09.04.2013 10:28
[...] 2012-2013-окуу жылындагы орто билими жөнүндөгү артыкчылык ... [...]
2012-2013-окуу жылындагы орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестатына талапкерлер болгон 11(12)-классынын бүтүрүүчүлөрүн тест сынагынан өткөрү / 09.04.2013 10:28
[...] 2012-2013-окуу жылындагы орто билими жөнүндөгү артыкчылык ... [...]