Жайлоо бакчалары — балдарга жайлуу жай
- 15.08.2013
- 0
Теӊир-тоолуктар жайлоо бала бакчаларын кеӊири жайылтууну колго алышууда. Нарында «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунун жардамы менен жайлоодогу бала бакча тажрыйбасын жайылтуу боюнча тренинг өттү.
Тренинг жүрүшүндө «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду жана ЮНИСЕФ уюму Чүй, Талас жана Ысык- Көлдүн район акимчиликтериндеги социалдык, билим берүү тармагын тейлеген кызматкерлерди Нарындын жайлоолорунда ачылган боз үйдөгү бала бакчалардын иши менен тааныштырды. Кыргызстанда Ага Хан фондунун жардамы менен мындай бала бакчалардан 20сы ачылган эле. Анын бешөө Нарында ачылган. Кийин Нарын жергесинде ушундай бала бакчалардан дагы тогузу уюштурулган.
Тоолуу өрөөндүн Долон жана Эки-Оттук жайлоолорундагы боз үй бала бакчаларынын айрымдарын экс-президент Роза Отунбаева тренингдин катышуучулары менен өзү кыдырып чыгып, балдар, тарбиячылар менен баарлашты.
Кыргызстанда бала бакчанын жетишсиздиги соӊку жылдары негизги социалдык көйгөйлөрдүн бирине айланды. Ошондуктан Отунбаеванын фонду Ага Хан фонду жана ЮНИСЕФтин жардамы менен алыскы райондордогу жайлоодо жашаган балдарды тарбиялап, окутуу үчүн боз үй бала бакчаларын ачуу демилгесин ишке ашырууну колго алууда.
Бала бакча, мектепке чейинки билим берүү маселесин Кыргызстандын мурдагы президент Роза Отунбаеванын фонду тынбай көтөрүп келет. Р.Отунбаева бөбөктөргө азыр салынган инвестиция келечекте жүз эселеп кайтарымын берерин айтат.
— Кыргызстанда балдардын саны абдан көп. Маселен, 7 жашка чейинки 700 баланы айтып жатабыз. Ошол 700 миӊдин 10 пайызы гана бала бакчага барып жатат. Президенттин стратегиясында 7 жашка чейинки балдарды сөзсүз мектепке даярдаш керек деп жазылган. Бул да өтө маанилүү нерсе. Азыр балдар үчүн салып жаткан ар бир доллар кийин 7-8 долларды сактаарын илимпоздор тастыктаган. Азыркы аракеттер кийин университетте сарптала турган акчаларды үнөмдөйт. Балдарды азыртадан окутуп, билимге азыр сугарышыбыз керек, — дейт Р.Отунбаева.
Аймактарды албаганда эле калк жыш жайгашкан борбор шаарыбыз Бишкекте бала бакчага кезек күткөндөрдүн саны 4 миӊге жетет. Аларды толугу менен кабыл алуу үчүн 150 орундуу бала бакчадан 25и талап кылынат. Бир керебетке бирден гана бала жата турган учурда да, Бишкекке дагы 80 бала бакча курулушу керектинин адистер айтышууда.
А.КАШЫБАЕВА, «Кутбилим»
Комментарии