Жайкы эс алуу жагымдуу болду

  • 15.08.2013
  • 0

Талас облусундагы Кара-Буура районунда учурда админи­страциянын балансында турган мейманкана быйыл профили өзгөртүлүп, эс алуу жайга алмаштырылды. Учурда ал социалдык жактан муктаж үй-бүлөнүн балдары эс алуучу лагерь катары кызмат көрсөтүүдө. Быйылкы жылга 60 баланы эс алдырууга багытталган иш жүргүзүлдү.

— Демөөрчүбүз «Вертекс Голд компаниясы» ремонт иштерине, эмгек жана иш менен камсыз кылса, жаштар бөлүмү жумушсуз жа­рандарды ишке тартты. Мындан тышкары райондун жалпы мекеме- уюм жетекчилери колдоо көрсөтүшүп, керектүү эмеректер алынып, зарыл муктаждыктар чечилди. Айыл аймак башчыларынын колдоосу менен матрацтар алынып, шейшептер сатылып алынган. Мында укук коргоо кызматкерлери да өз салымын кошконун белгилей кетүү керек. Чолпонбай айыл аймак башчысы демилге көтөрүп, балдарга шахмат ойноочу жана эс алуучу чоӊ чатыр тигип беришти. Мектеп директорлору жана бала бакчанын башчылары ашкананы жабдуучу буюмдары, чаӊ соргучтар менен камсыз кылышты. Негизгиси, жеке демөөрчүлөр да биздин бул демилгени колдоорун билдирип жатышат. Бул демилгени баштоодо Кара-Буура айылдык кеӊешине макулдашууну туура көргөнүбүздө каршы болушкан жок. Депутаттардын райондук биргелешкен кошмо жыйынынын төрагасы Жээнчороев Кубанычтын колдоосу абдан жакшы болду десек болот. Бул иштин баарын колго алып уюштуруу ишин көзөмөлдөп турган Кара-Буура районунун акими Чолпон Төрөкуловдун алгачкы жаратман иштери деп ойлойбуз, — дейт аталган райондун акиминин орун басары Салкын Карбосова.

Мындан тышкары райондо Татарстанда өткөн универсиадага барып жеӊип келген бир нече уул-кыздарды тосуп алуу салтанаттуу иш чара менен коштолгон. Алар: Барпыбеков Канимет — Чон-Кара- Буура айылы, Алымкулова Бурул — Кара-Суу айылы, Сапарбек уулу Дуулат — Жаӊы-Жер айылы, Бейшеке айыл аймагы. Жеӊүүчүлөргө райадминистрациянын айыл аймак башчылары тарабынан белектер тапшырылган.

М.КАЙЫПОВ, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии