ЫМУДА КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛУП ӨТТҮ

  • 01.03.2023
  • 0

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун педагогика факультетинин башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы адистигинин 3-курсунун студенттеринин кесиптик-базалык практикасын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү.

ЫМУДА КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛУП ӨТТҮ

Адистиктин студент-практиканттары Каракол шаарынын райондук мектептеринде беш жумалык практикадан өттү. Кафедралардын окутуучу-методисттери практиканттар менен тыгыз байланышта иш алып барып, методикалык жардам көрсөтүлүп турду Конференцияда практика өтүү мезгилиндеги ийгиликтери, башталгыч мектептин окутуу методикасын өздөштүрүүдөгү топтогон тажрыйбалары менен бөлүштү. Практиканын жыйынтыгында, администрация тарабынан П-31 тайпасынын студенти Беккожоева Айзирекке ыраазычылык кат берилип, алкыш сөздөр айтылды.

Поделиться

Комментарии