ТЕЛЕ БЕРҮҮДЄН УЛАМ…

  • 22.08.2013
  • 0

Үстүбүздєгү жылдын 7-апрелинде кечке жуук КТРдин «Сєздүн күчү» деген телеберүүсүнє назарым түшүп калды. Анда окумуштуулар жана жєн жай жарандар «Алдыӊ бала бассын, артыӊ мал бассын» деген макалга єз ой-пикирлерин айтып жатышыптыр. Бири «Алдыӊ бала бассын, артыӊ мал бассын» деген туура десе, бири «Алдыӊ мал бассын, артыӊ бала бассын», деген туура деп жатышты. Бул бата келин алганда келинге карата айтылаары баарыбызга белгилүү. Бирок бул батанын туура айтылышын баарыбыз эле биле бербейт окшойбуз.

Биз бала кезде чоӊ аталарыбыз, чоӊ энелерибиз жаӊы келген келинге «Кєп жаша»,  «Бай бол»,  «Алганыӊ менен теӊ кары», «Кудай этегиӊден жалгасын», «Этегиӊ бала бассын, єрүшүӊ мал бассын» деп бата беришээр эле. Биздин ата-бабаларыбыз сєзгє абдан маани беришкен. Кылычка моюн сунбаса да, душманына тизе бүгүп жыгылбаса да, сєзгє моюн сунуп, сєзгє жыгылышкан. Сүйлєє маданияты жогорку деӊгээлде болгондуктан, жогоруда айтылган «астыӊ», «артыӊ» деген сыяктуу чогоол сєздєрдү колдонушкан эмес. Мал кєчмєн элдин негизги байлыгы болгон, жайыт болбосо мал кайдан болсун. Єрүш деп мал жайылчу жайытты айтышкан, єрүшү малдуу, дасторкону майлуу деген сєз тегин жерден айтылбаган. Совет мезгилинде жер-сууну колхоздоштуруу, совхоздоштуруудан улам єрүш деген сєз єз маанисин жоготуп, тээ жер каймактаганда эле пайда болуп айтылып келе жаткан ата-бабабыздын макалы «Алдыӊ мал бассын, артыӊ бала бассын» деп түп тамырынан бери єзгєрүп кеткен. Анткени адамдардын жерге болгон мамилеси да єзгєргєн. Жер, суунун баары колхоз, совхоздорго тиешелүү болгон шартта єрүш жєнүндє сєз кылуу мүмкүн эмес эле.

Азыр заман заӊ, турмуш шарт чоӊ єзгєрүүлєргє дуушар болуп жаткан учур. Ата бабаларыбыздын эзелтен айтылып келе жаткан нускалуу кєєнє сєздєрүн кайрадан калыбына келтиришибиз зарыл. Ал үчүн бурмаланып калган макал-лакаптарды кайра карап чыгышыбыз керек. Жогорудагыдай телеберүүлєрдү, радио уктурууларды кєбүрєєк уюштуруп, жыйынтыгын газета, журналдарга жарыялап, мектеп окуучуларына, студенттерге, жалпы коомчулукка сунуштасак, кыргыз тилинин єнүгүшүнє чоӊ салым кошкон болоор элек.

 

Акчал Атагулов.

Талас облустук чет тилдери

лицей комплекси.

Поделиться

Комментарии