ТАБИЯТ ТААНУУ

  • 02.08.2013
  • 0

Адам, табият, дүйнө, аалам – ажырагыс бир бүтүн нерсе болгондуктан, табиятты таанып билүү, анын мыйзам-ченемдерин үйрөнүү адамзаттын улуу милдети.

Фундаменталдык табигый илимдердин таасири астында  коомдун технологиялык базасы, адамзаттын жашоо шарты кескин өзгөрдү. Табигый илимдердеги жетишкендиктер менен шартталган  XX кылымдагы ачылыштар, заманбап технологиялар дүйнөлүк цивиллизациянын көрүнүшүн таанылгыс кылып өзгөрттү.

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө техниканын өнүгүшүнө байланыштуу келип чыгып, адамзаттын глобалдуу проблемасына айланган экологиялык проблемаларды да чечүүнүн жолдорун ошол эле табигый илимдер изилдеп табышууда. Демек, табигый илимдердин негиздерин окутуунун окуучулардын дүйнөнү таанып билүүсүн камсыз кылуудагы жана аларга таалим-тарбия берүүдөгү ролу ар дайыма жогору.

Табият таануу тармагындагы  илимдердин негизи орто мектепте физика, химия, биология, география  предметтери аркылуу окуп-үйрөнүлөт. Бул предметтерди алгач баштоодо айрым элементардык түшүнүктөр талап кылынат. Мисалы, биологияда зат, молекула түшүнүктөрү, георграфияда басым, магнит, компас, уюл ж.б. түшүнүктөрдү калптандыруу татаал болушу мүмкүн ж.б. Ошондой түшүнүктөр 5-класстын «Табият таануу» предметинде калыптандырылат.

Табият таануу предмети мурдагыдай эле жумасына 1 сааттан, жыл бою 34 саат окутулут.

Окутуу предмет боюнча мамлекеттик стандарттын, «Табият таануу» окуу программасынын жана Э.Мамбетакунов, В.А.Рязанцева тарабынан жазылып, жарык көргөн «Табият таануу» окуу китебинин негизинде жүрөт.

Бирок, Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептеринде окутууга маданияттык-компетенттик негизде мамиле жасоо жана окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалоо проблемаларынын үстүндө жүргүзүлүп жаткан педагогикалык изилдөөлөр мектептерде табигый билим берүүнүн мазмунуна концептуалдык өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын шарттады. Ал төмөнкүлөр менен түшүндүрүлөт:

1. Окуучуларга табият жөнүндө билим жана тарбия берүүнүн маанисинин ар дайым жогору бойдон калышы.

2. Кыргызстан мамлекеттик өз алдынчалуулукка жетишкенден кийин жалпы билим берүүнүн мазмунуна айрым өзгөртүүлөр киргизилгени менен, окуучулардын табигый билимдеринин деӊгээлинин бүгүнкү күндүн талабына ылайык келбей жатышы.

3. Окуу сааттарынын кыскартылышы.

4. Илим жана техниканын, технологиялардын тынымсыз өнүгүшүнө жараша окуучулар өздөштүрүүгө зарыл болгон маалыматтардын тез ылдамдык менен көбөйүшү.

5. Табигый циклдеги предметтерди окутуунун натыйжасында билимдүү окуучуларды гана даярдоо эмес, мамлекет үчүн, адамзат үчүн зарыл жумуштарга жарамдуу, компетенттүү инсанды даярдап чыгаруунун бүгүнкү күндө маанилүү болушу.

«Мектепте окутуу эч качан бош орундан башталбайт, ал дайыма баланын өнүгүүсүнүн кайсы бир стадиясына таянат» — деп окумуштуулар белгилесе, негизги жана орто мектепте билим берүүнүн сапаты окуучулардын башталгыч мектептен алган билимине жараша болору практикада да далилденген. Демек, жогорудагыдай нуктагы концептуалдык өзгөрүүлөр башталгыч билим берүүнүн мазмунунда да орун алуусу мыйзам ченемдүү.

Окуучулардын табият жөнүӊдөгү элементардык түшүнүктөрүн башталгыч класстан тартып калыптандыруу идеясына ылайык, советтик доордо мектептердин 1–4-класстарында «Жаратылышты үйрөнүү» деп аталган предмет окутулчу. Бирок, анын бир топ кемчиликтери айкын болду. Мисалы, бул предметтин мазмуну мурдагы союз учурундагы эрежеге ылайык борборлоштурулган программа боюнча аныкталып келген. Ал жаратылышты үйрөнүүнүн жалпы талаптарына жооп бергени менен, анын айрым маселелерин толук чагылдыра алган эмес. Ар кайсы республиканын, аймактын, элдин мүнөздүү өзгөчөлүктөрү камтылбаган. Анда ар тараптуу программа, окуу китептерин түзүү мүмкүн да эмес болучу.

Мына ушул негизде 1992-1993-окуу жылынан баштап эгемендүү республиканын мектептеринин 1–4-класстарында «Мекен таануу» деген, ал эми анын логикалык уландысы катары 5-класска «Табият таануу» деген жаӊы предмет киргизилип, окутулуп келүүдө.

Бирок, “Мекен таануу” предметинин мазмунунда курчап турган дүйнө, кыргыз жеринин жаратылышы, айрым табигый кубулуштар жөнүндө окуу материалдары менен бирге эле мекен, мамлекет, мамлекеттин символикалары жөнүндө түшүнүктөрдүн, мекенде болуп жаткан ар кандай социалдык кубулуштардын, мектеп, ата-эне, жолдо жүрүү эрежелери, коопсуздук, жүрүм-турум эрежелери ж.б. боюнча тексттердин, ырлардын, жомоктордун орун алышы башталгыч мектептин окуучуларында табият жөнүндө алгачкы түшүнүктөрдү системалуу калыптандыра албай калды. Табигый предметтер боюнча окуучулардын билим көрсөткүчтөрүнүн союздан кийинки кездеги кескин төмөндөшүн буга байланыштырбай коюуга болбойт.

Мекен таануудагы жогорудагыдай окуу материалдары «Алиппе»,  «Жашоо-тиричилик коопсуздугу», «Адеп» ж.б. предметтерде кайталанып берилиши ыӊгайсыздыктарды пайда кылып жаткандыгын атайын сурамжылоо кезинде башталгыч класс мугалимдери, ата-энелери да белгилешти.

Предмет «Мекен таануу» деп аталса, ал мекен, мамлекет, мамлекеттик символдор жөнүндө түшүнүктөрдү, мекендин гана жаратылышын, өзгөчөлүгүн үйрөтүү менен чектелиши керек. «Мекен», «мамлекет», «мекендин жараны» деген түшүнүктөр негизги мектепте «саясий-коом таануучулук» предметтерде берилсе деле кеч болмок эмес”,- деген ой-пикирлер да айтылды.

Мына ушундай жагдайлардан улам, башталгыч мектепте табигый билим берүүнү жолго коюу, ал үчүн 1-4 класска “Мекен таануунун” ордуна мурдагы «Жаратылышты үйрөнүүнү» алып келүүнүн, балким аны «Табият таануу» деп эле атоонун актуалдуулугу далилденди.

Мындай өзгөрүүлөр киргизилсе, 5-класстын табият таануу курсунун мазмунуна да айрым өзгөрүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Мына ушул маселелер боюнча сиздердин сунуш-пикирлериӊиздерди күтөбүз.

Мугалимдердин август кеӊешмесинде табият таануу предмети боюнча төмөнкү маселелерди талкуулоо сунушталат:

1. Табият таануу предметин сапаттуу окутуунун бүгүнкү күндөгү орду жана мааниси.

2. Аталган предмет боюнча билим берүүдөгү кыйынчылыктар жана аларды четтетүү аракеттери.

3. Мамлекеттик стандарт, окуу программасы жана окуу китебине илимий-методикалык талдоо жүргүзүү. Тажрыйбалар менен бөлүшүү жана сунуштарды иштеп чыгуу.

4. Бул предметти окутуу процессинде жаӊы маалыматтык технологияларды, окутуунун интерактивдүү методдорун колдонуу тажрыйбалары, алардын окуучулардын билимдеринин сапатына тийгизген таасири.

5. Окутуу процессинде компютердик технологияларды колдонуу боюнча сунуштар жана тажрыйбалар.

6. Табият таануу предмети боюнча окутуу каражаттарын түзүү, окутууну интенсификациялоо маселелери.

 

Э.Мамбетакунов,

Б.Мурзаибраимова,

В.Савочкина

Поделиться

Комментарии