«СЕЙТЕКТИН» БАЛДАР КҮНҮНӨ БЕЛЕГИ

  • 29.05.2018
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн Улуттук «Сейтек» борборунда 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата бир канча майрамдык иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

«СЕЙТЕКТИН» БАЛДАР КҮНҮНӨ БЕЛЕГИ

Майрамды утурлап, 31-майда эртең мененки саат 10.00до атайын багыттагы мектеп-интернаттардын мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулары жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн концерттик иш-чара болуп өтөт. Бул кечени Балдар жана өспүрүмдөр борбору «Сейтек» ЭЛТР телерадио компаниясы менен биргеликте уюштуруп жатат.

Ушул эле күнү түштөн кийин саат 15.00дө борбор шаарыбыздын Биринчи май районунун балдарына арналган концерттик программа өткөрүлөт.

Ал эми 1-июнда эртең мененки саат 10.00дө  Бишкек шаардык Кеңешинин колдоосу менен социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана мектеп-интернаттардын мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулары үчүн майрамдык иш-чара уюштурулат.

Уюштуруучулардын айтуусунда, майрамдын бардык конокторун кызыктуу концерт жана жакшы маанай күтөт.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии