Ош технологиялык университети абитуриенттерди чакырат!

  • 04.06.2014
  • 1

Берекелүү Ош жергебиздин түштүк-чыгышынан орун алган Ош технологиялык университети бүгүнкү күндө илим-билимдин ыйык ордосуна, жаштарга татыктуу тарбия, терең билим тартуулаган жогорку окуу жай.

Ош технологиялык университетинин тарыхы 1963-жылы Фрунзе политехникалык институтунун жалпы техникалык факультетинин базасында атайын бир бөлүм болуп ачылуу менен башталган. Азыркы учурда ОшТУда 42 кафедрада 500дөн ашык профессор-окутуучулар эмгектенет. Алардын ичинде бир КРУИАнын академиги, эки КР Илимине жана Билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, тогуз Эл аралык жана республикалык инженердик, педагогикалык, экологиялык академиялардын академиктери жана мүчө-корреспонденттери, 13 илимдин доктору жана профессору, 80ден ашуун илимдин кандидаты жана доценти бар. Учурда университетте күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө 12000ден ашуун студент билим алышууда. Университетте жогорку квалификациялуу адистерди даярдоонун заманбап системасы болуп саналган билим берүүнүн кредиттик технологиясына өтүү процесси жүрүп жатат. ОшТУ республиканын түштүгүндөгү жогорку окуу жайлардын арасынан пилоттук университет катары тандалып алынган.

 

Урматтуу мектеп бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер!

Жогорку окуу жайын  жана адистикти тандоо  жооптуу кадам

Сапаттуу жогорку билим, абройлуу кесип эртеңки күнгө ишеним арттырууга мүмкүнчүлүк берип, ийгиликтүү карьера, татыктуу маяна, жогорку социалдык статус жана коомдо кадыр-баркка ээ болууга шарт түзөт. Биздин университет көп жылдык (50 жылдан ашуун) тарыхы бар, илимий пайдубалы бекем, курулуш, энергетика, автотранспорт, инженер технолог, архитектура, экономика, менеджмент, экология, кибернетика жана маалыматтык технологиялар жаатында компетенттүү адистерди даярдоо боюнча даңктуу салты бар ЖОЖдун бири. 2011-жылы биздин окуу жай европалык университеттердин Улуу Хартиясына кабыл алынган. 2013-жылы Кыргызстандын «Үлгүлүү окуу жайы» деп таанылган. Мындай таануу университетибиздин эл аралык интеграциялык билим берүү мейкиндигинде багыттуу ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жетишилген. Университетте бир катар эл аралык долбоорлордун негизинде түзүлгөн институт, тил борборлору иштейт. Университет ТАСИС, ТЕМПУС, ДААД европалык билим берүү программаларынын негизги жергиликтүү координатору жана аткаруучусу. Шанхай Уюмуна Кызматташ мамлекеттер мүчөлүгүнүн университеттер тармагынын мүчөсү.

Бүгүнкү күндө университетте заманбап эл аралык стандарттарга жооп берген илимий-техникалык окуу комплекси түзүлүп, интернет түйүнү менен байланышкан электрондук китепкананы, мультимедиялык класстардын тармагын жана лингафондук лабораторияларын камтыйт. Университет өзгөчө көңүлдү социалдык маселелерди чечүүгө бурат: студенттер үчүн жаштар борбору, спорттук машыгуу залдары, студенттер үчүн атайын үй шартындагы 500 орундуу студенттик жатакана ж.б. иштейт. Түзүлгөн шарттар студенттер үчүн сапаттуу билим алууга, алардын чыгармачыл таланттарын жана жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Студенттердин университетте окуу учурундагы мүмкүнчүлүктөрү:

• Университеттин эл аралык долбоорго өнөктөшү катары европалык ЖОЖдун биринде бир жылдык курс окуу;

• өнөктөш европалык ЖОЖдун биринде европалык ЖОЖ сертификаттарын алуу укугу менен практика жана стажировка өтүү;

• Тармактын эң мыкты ишканаларында практика өтүп, келечекте ошол тармакка ишке орношуу;

•  Окуу менен жумушту айкалыштыруу;

• Илимий-изилдөө конференцияларына жана олимпиадаларга катышып, магистратурага өтүүгө мүмкүнчүлүк алуу;

• М.М.Адышев атындагы стипендиянын ээси болуу;

• ОшТУнун магистратурасында жана ошондой эле өнөктөш европалык ЖОЖдорунун магистратурасында жана аспирантурасында (PHD) окууга, аскердик даярдоону университетибиздеги аскер факультетинде аяктап, кичи лейтенант наамына ээ болушат.

Биздин бүтүрүүчүлөр бир катар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө, республикабыздын жогорку мамлекеттик башкаруу органдарында,  Жогорку Кеңешинде, облустардын губернатору жана ири компаниялардын, ишканалардын жетекчилик  кызматтарында ийгиликтүү эмгектенишүүдө.

Урматтуу абитуриенттер! Ата-энелер менен мугалимдер үйрөткөн акыл-эстүүлүк, ыймандуулук, патриоттуулук, тырышчаактык жана түбөлүктүүлүк салтын бекем сактагыла. Кесип тандоодо көздөгөн максатыңарга жетип,  инженердик-технологиялык багытта билим алууга кадам таштагыла! Келечегиңер кең, жолуңар ачык болсун!

 

ОшТУнун ректору, профессор А.О.Абидов

 

ИНЖЕНЕРДИК-КУРУЛУШ ФАКУЛЬТЕТИ

• 750100. Архитектура  (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест,  чыгармачылык сынак)

• 750400.  Шаар курулушу (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест,  чыгармачылык сынак)

• 750500.  Курулуш (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, чыгармачылык сынак)

• 750200. Архитектуралык чөйрөнүн дизайны (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест,  чыгармачылык сынак)

• 620200. Жер түзүлүшү жана кадастрлар  (академ. даражасы — бакалавр); (негизги тест, физика же  математика)

• 620100. Геодезия жана аралыктан байкаштыруу кадастрлар (академ. даражасы — бакалавр); (негизги тест, физика же  математика)

Адистиктер:

• 620101. Колдонмо геодезия (квалификациясы — инженер); (негиз. тест, физика же  математика)

• 750002. Унаа тоннелдеринин жана көпүрөлөрдүн, темир жолдордун курулушу (квалификациясы — инженер);  (негиз. тест, физ. же математика)

 

 

ЭНЕРГЕТИКА ФАКУЛЬТЕТИ

• 640100. Жылуулук энергетика жана жылуулук техника (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, физика же математика)

• 640200. Электроэнергетика жана электротехника (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, физика же математика)

• 610300. Агроинженерия (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, физика же химия)

 

 

ТАБИГЫЙ-ТЕХНИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ

• 550800. Кесипке окутуу  (академ. даражасы — бакалавр); (негизги тест)

• 510200. Колдонмо  математика  жана информатика (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, матем. же физика)

• 710300. Колдонмо  информатика (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, физика же математика)

 

КИБЕРНЕТИКА ЖАНА МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

• 690300. Маалымат коммуникациялык технологиясы жана байланыш системалары (академ. даражасы — бакалавр);  (негиз. тест, физика же математика)

• 700200. Техникалык системалардагы башкаруу (академ. даражасы — бакалавр);   (негиз. тест, физика же математика)

• 710100. Информатика жана эсептөө техника (академ. даражасы — бакалавр);   (негиз. тест, физика же математика)

• 710200. Маалыматтар системалары жана технологиялары (академ. даражасы — бакалавр);  (негиз. тест, физика же математика)

• 710400. Программалоо  инженериясы (академ. даражасы- бакалавр);   (негиз.тест, физика же математика)

• 531200. Компьютердик  лингвистика (академ. даражасы  — бакалавр); (негиз. тест, англис тили)

 

 

АВТОМОБИЛДИК УНАА ФАКУЛЬТЕТИ

• 670100. Жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстери (академ. даражасы – бакалавр ); (негиз. тест, физика же математика)

• 670200. Унаа-технологиялык машиналарды эксплуатациялоо жана комплекстери (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, физика же математика)

• 670300. Унаа процесстеринин технологиясы (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, физика же математика)

• 650400.  Технологиялык унаалар жана жабдуулар (академ. даражасы. — бакалавр); (негиз. тест, физика же математика)

 

ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШТЫ ПАЙДАЛАНУУ ФАКУЛЬТЕТИ

• 610600. Айыл-чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, физика же химия)

• 760300.   Техносфералык коопсуздук (академ. даражасы  — бакалавр); (негиз. тест, физика же математика)

• 630200. Геологиялык чалгындоонун технологиясы (академ. даражасы  — бакалавр); (негиз. тест, физика же математика)

• 720100.  Химиялык технология  (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, химия же физика)

• 740100. Тамак-аш азыктарын өсүмдүк чийки заттарынан алуунун өндүрүшү жана технологиясы  (академ. даражасы — бакалавр);  (негиз. тест, биология же химия)

• 520800. Экология жана жаратылышты  пайдалануу (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, химия же биология)

• 740200. Тамак-аш азыктарын жандык түрүндөгү заттардан алуунун өндүрүшү жана технологиясы (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, биология же химия)

• 570700. Текстиль жана костюм искусствосу  (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, чыгармачылык сынак)

• 730100. Токой иши жана ландшафтык курулуш (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест,  биология)

• 720200. Биотехнология (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест,  биология же химия)

Адистиктер:

• 630001. Колдонмо геология  (квалиф. — инженер); (негиз. тест, физика же математика)

 

КАДРЛАРДЫ КАЙРА ДАЯРДОО  ИНСТИТУТУ

ОшТУнун бардык адистиктери боюнча жогорку жана орто билимдердин базасында экинчи жогорку билим алуу үчүн адистерди даярдайт. Мында орто окуу жайларын жана жогорку окуу жайларын аяктаган адистер, кайрадан башка адистикке ээ болуу же жогорку билимдүү болуу максатында билим алышат. Жогорку билимдүү адистер эки жыл, ал эми  кесиптик орто билидүү адистер үч жыл окушат.

 

 

 

 

ЭКОНОМИКА ЖАНА  БАШКАРУУ ФАКУЛЬТЕТИ

• 580100. Экономика (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, матем)

• 580500. Бизнес-информатика (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, матем)

• 580200. Менеджмент (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, матем).

• 580700. Бизнес башкаруу (академ. даражасы — бакалавр); (негизги тест, математика)

• 710300. Колдонмо  информатика (академ. даражасы — бакалавр); (негиз. тест, физ. же матем)

 

Кесипке багыттоо жана даярдоо борбору

• мектеп окуучуларын жалпы республикалык тестирлөөгө даярдайт;

• областтык жана республикалык предметтик олимпиадаларга даярдайт;

• шаарларда жана региондордо базалык мектептерди түзөт жана аларда ОшТУнун олимпиадасын өткөрөт;

• ОшТУда  жана базалык мектептерде кесипке багыт берүү иш-чараларын, «ачык эшик» күндөрүн өткөрөт;

• ОшТУда жана базалык мектептерде даярдоо курстарын; кыска мөөнөттөгү курстарды уюштурат.

 

 

Жождор  аралык Аскердик факультети

Ош технологиялык университетинин базасында уюшулган жогорку окуу жайлар аралык аскердик факультети 1998-жылы КР Коргоо министрлигинин макулдашуусу менен ачылган. Бүгүнкү күндө аскердик факультет өлкөбүздүн түштүк региону, анын ичинде Ош жергесинде жападан жалгыз факультет болуп, запастагы офицерлерди даярдоодо. Мында Ош шаарындагы бардык жогорку окуу жайларынын студенттери 2-курсунан баштап окуй башташат. Алар окууда эр-жигиттик негизги сапаттарды, ар-намыстуулукту, чыдамкайлыкты, Ата мекенге болгон патриоттуулукту, аскер куралдарын колдонууну, согуш талаасындагы жөндөмдүүлүктөрдү жана аскердик бардык тактиканы теориялык жана практикалык жактан үйрөнүшөт. Факультетте студенттердин аскердик терең билим алуусуна эң мыкты шарттар түзүлгөн. Техникалык, ок аткычтар, тактикалык байланыш, инженердик даярдоо, РХБЗ боюнча даярдоо класстары, спорттук жана марш тебүү аянтчалары ишке киргизилген. Дөңгөлөктүү жана кужум техникаларды сактоо үчүн БОКС жабдылган. Учур талабына ылайык аскердик даярдык мамлекеттик тилде жүргүзүлүүдө. Ошондой эле илимий иштерге да чоң көңүл бурулуп, жетиштүү окуу куралдары менен жабдылган китепкана ачылган.

Бул факультете окууну аяктаган соң, студенттер өз адистиги менен бирге, аскердик билетин жана КР Куралдуу күчтөрүнүн запастагы кичи лейтенанты аскердик чинин алышат. Эң негизгиси мындай аскердик факультеттин башка жогорку окуу жайларда жоктугун эске алыңыз. Жогорку окуу жайлар аралык аскердик факультет болгондуктан, студенттерди кабыл алууда да эң биринчи ОшТУнун, андан кийин башка окуу жайлардын студенттерин кабыл алышат.

 

ТЕХНОЛОГИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ

9-жана 11-класстардын базасында күндүзгү бөлүмдүн төмөнкү адистиктерине абитуриенттерди кабыл алат:

• 20406. Байланыш тармактары жана коммутация системалары 9-кл. – 15 (11-кл. — 215) (квалификациясы — техник);

• 230109. Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо9-кл. – 15 (11-кл. — 315) (квалификациясы — техник);

• 230701. Колдонмо информатика 9-кл. – 15 (11-кл. — 315) (квалификациясы – негизги жалпы билим берүүчү мектептердеги информатика мугалими);

• 140212. Электр менен жабдуу 9-кл. – 15 (11-кл. — 215) (тармактар боюнча) (квалификациясы — техник);

• 260903. Тигилүүчү кийимдерди моделдештирүү жана конструкциялоо 9-кл. – 15 (11-кл. — 415) (квалификациясы – конструктор-модельер);

• 260901. Тигүү өндүрүшү 9-кл. – 15 (11-кл. — 415) (квалификациясы – техник-технолог);

• 190604. Автоунааларды техникалык тейлөө жана оңдоо 9-кл. – 15 (11-кл. — 215) (квалификациясы — техник);

• 240404. Нефтини жана газды кайра иштетүү  9-кл. – 15 (11-кл. — 415) (квалификациясы – техник);

• 130403. Ачык тоо-кен иштери 9-кл. – 15 (11-кл. — 415) (квалификациясы – техник);

• 080108.  Банк иши 9-кл. – 15 (11-кл. — 135) (квалификациясы – банк иши боюнча адис);

• 080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) 9-кл. – 15 (11-кл. — 135) (квалификациясы — бухгалтер-экономист);

• 080106. Финансы 9-кл. – 15 (11-кл. — 135) (квалификациясы — финансист);

• 080501.  Менеджмент 9-кл. – 15 (11-кл. — 135) (квалификациясы — менеджер).

• 110302.   Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу  9-кл. – 15 (11-кл. — 215) (квалификациясы — техник);

• 040101. Социалдык иш9-кл. – 15 (11-кл. — 615) (квалификациясы  — социальдык кызматкер);

• 270208. Инженердик курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо  9-кл. – 15 (11-кл. — 125) (квалификациясы  — техник);

• 190701. Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу 9-кл. – 15 (11-кл. — 215) (квалификациясы  — техник);

• 220206. Маалымыттарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу 9-кл. – 15 (11-кл. — 315) (квалификациясы  — техник);

Эскертүү:

Тестирлөө предметтеринин кыскартылган шарттуу белгилениши (алар жогорку индекс катары берилген):

1 — математика; 2 — физика; 3 — информатика; 4 — химия; 5 — кыргыз  (орус) тили; 6 — тарых.

Жогорку индекстеги биринчи экзамен – негизги экзамен болуп саналат

 

ЖАЛАЛ-АБАД ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА БАШКАРУУ КОЛЛЕДЖИ

Жалал-Абад технология жана башкаруу колледжи 2005-жылы 4-ноябрда ОшТУнун Жалал-Абаддагы филиалынын базасында түзүлгөн. Колледж болуп Жалал-Абад областтык мамлекеттик юстиция башкармалыгынан 2006-жылы мамлекеттик каттоодон өткөн. Азыркы мезгилде аталган колледжде 235 студент билим алып, сегиз окутуучу, беш ага окутуучу, алты окуу жана окуу-усулдук куралдардын авторлору, бир илимдин кандидаты, бир доцент эмгектенет. Окуу жайда “Жалпы билим берүү” жана “Атайын адистиктер” секторлору түзүлгөн. Окуу жай заманбап компьютердик жана лабораториялык жабдуулар менен жабдылып, адистиктерге жараша түрдүү окуу залдарында билим берүү жүргүзүлөт. Окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жетиштүү деңгээлде уюштурулган.

Ал эми жаңы окуу жылына карата төмөнкү адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жүргүзөт:

• 190701. Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу;

• 140212. Электр менен жабдуу;

• 080106. Финансы жана кредит;

• 080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп.

 

Биздин дарегибиз: Жалал-Абад шаары, Панфилов көчөсү 34,

тел: (03722) 7-38-00,  (03722) 7-40-01

 

 

АЛАЙ ГУМАНИТАРДЫК ТЕХНОЛОГИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ

М.М.Адышев атындагы Алай гуманитардык технологиялык колледжи 2006-жылы июль айында уюшулган. Азыркы мезгилде биздин колледжде 152 студент билим алып, 13 окутуучу, эки ага окутуучу, бир илимдин кандидаты эмгектенет. Окуу жай заманбап компьютердик жана лабораториялык жабдуулар менен жабдылып, адистиктерге жараша түрдүү окуу залдарында билим берүү жүргүзүлөт. Окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жетиштүү деңгээлде уюштурулган.

Ал эми жаңы окуу жылына карата төмөнкү адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жүргүзөт:

0601. Экономика жана бухгалтердик эсеп;

0324. Информатика;

1004. Электр менен жабдуу;

1705. Автоунааларды оңдоо жана техникалык жактан тейлөө;

0312. Башталгыч класс мугалими.

Биздин дарегибиз: Алай району, Гүлчө шаарынын Ленин көчөсү 36, телефону (0552) 47-25-12, (0778) 96-39-61.

 

Окууга тапшыруу үчүн керектүү документтер:

1. Аттестат, диплом же 9-кл. бүткөндүгү тууралуу күбөлүк  (түп нускасы);

2. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк (көчүрмө);

3. Сүрөт 3х4, 8 даана;

4. Аскердик билет же каттоо күбөлүгү (аскерге милдеттүүлөр үчүн)

Байланыш маалыматы:

Телефон: (03222) 4-37-37, (0703) 04-37-37, (0553) 04-37-37, (0779) 04-37-37, (0773) 24-83-69; (0773) 46-40-81,                     (03222) 4-33-97; (0555) 15-15-59

ОшТУнун сайты: www.oshtu.kg

 

 

 

Поделиться

Комментарии

kurmanbek / 27.08.2014 23:21
640200