МУЗЫКА

  • 02.08.2013
  • 0

Балдарга музыкалык  билим жана тарбия берүү байыртадан  эле  салт болуп келген. Музыкалык тарбия берүү элдик педагогиканын эӊ башкы бөлүктөрүнүн бири болуп саналат, ошол сыяктуу эле бүгүнкү күндө да музыкалык тарбия берүү жалпы билим берүү мектептеринде маанилүү орунду ээлейт.

Музыкалык тарбия берүүнүн эӊ башкы максаты – инсанды музыка аркылуу тарбиялоо, биринчи кезекте баланын инсан болуп калыптануусуна  багыт берүү. Музыкалык тарбия берүү баланын көркөм дүйнөгө болгон көз карашынын, башкача айтканда эстетикалык маданиятынын фундаменти болуп саналат.       Мектептеги курак баланын инсан болуп калыптанышынын эӊ маанилүү мезгили болуп саналат. Бул учур балдардын ар нерсеге болгон кызыгуусун, чыгармачыл активдүүлүгүн эӊ алгачкы калыптандыруучу учур болуп, анын андан ары умтулуусуна жол ачат. Музыкалык тарбия берүү аркылуу б.а. музыка сабагы аркылуу баланын руханий жактан жана ошол эле мезгилде физиологиялык жактан өсүшүнө шарт түзүлөт, дагы да баланын көӊүл буруусунда, эске тутуусунда, кабыл алуусунда чоӊ роль ойнойт.

Окуу планындагы соӊку өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат

Музыка предмети  орто мектептерде 1–7–класстарда окутулат, жумасына мурдагыдай эле бир сааттан убакыт бөлүнөт, жылына 34 саат.

Окуу программасындагы өзгөрүү жөнүндө маалымат

Орто мектепте башталгыч класстарда 1-4-класста музыка сабагы, куррикулумдун негизинде, ал эми 5-7-класстар 2012 – жылы иштелип чыккан окуу программанын негизинде жүргүзүлөт. Түзүүчүлөр — Н. Ниязова М. Касей Ш. Кемелгазиева, З. Куменова, А. Борбодоева, Ч. Барпиев («Билим», Бишкек, 2012).

Мугалимдерге сунушталган Укуктук нормативдик документтер:

1. Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнү жаӊылоонун концепциялары. Эстетикалык тарбия берүүнүн концепциясы. Кыргыз билим берүү институту. Типография КСХМ. Бишкек – 1995.

2. Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары. — Бишкек: «Билим куту» басма борбору,  2006.

3. Кыргыз Республикасындагы жалпы орто билим берүүнүн Алкактык Улуттук куррикулуму. – Бишкек, 2008.

Пайдалануучу окуу китептери

1. М. Касей, К. Шамбетова, А. Шакирова, Ж. Дуйшеналиев. «Музыка» 2-класс боюнча окуу китеби. (кыргызча, орусча, өзбекче). «Билим-компьютер», «Зангак».

2. М. Касей, К. Шамбетова, А. Шакирова. «Музыка» 3 – класс үчүн окуу китеби. (кыргызча, орусча, өзбекче). «Билим-компьютер», «Зангак».

Музыка предмети боюнча мугалимдерге сунушталган адабияттар.

1. Касей М. «Мекен таануу музыкада» башталгыч класстар үчун кошумча окуу куралы. КИО, Бишкек, 2008.

2. А.Бөдөшов, К.Эралиева. «Күнбалдары». Б:, 2007. «Учкун».

3. Ырда бөбөк. Ырлар жыйнагы (түзгөн Т. Саламатов.  Фрунзе «Адабият» 1991.

4. Балдар хору үчүн чыгармалар (түзгөн Т. Чокиев. Б.; «Кербез» басма үйү 2009).

5. Ыр десте (ноталуу ырлар жыйнагы. Кыргыз жазуучуларынын көркөм адабий жайылтуу бюросу. Б.; 1994);

6. Кыргыз композиторлор Союзу. (түзгөн К. Молдобасанов. Ф.; «Кыргызстан», 1989).

7. Дүйшалиев К.Ш. Кыргыз эл музыкасы окуу китеби. – Б.: «Шам» 2007.

8. Дүйшалиев К.Ш. Кыргыз эл ырлары, термелери жана дастандары. (Кыргыз эл музыкасы окуу китебинин хрестоматиясы) «Кербез» басма үйү, Бишкек 2009,

9. Ж. С. Дуйшеналиев, Л. В. Усенко, К. С. Сейдекулова. Мектепке чейинки Курактагы балдарга музыкалык тарбия берүү. Методикалык колдонмо. SN.artLtd. Полиграфический комплекс. Бишкек-2010.

10. «Жалпы билим берүүнүн мазмунун жана окутуу технологияларын модернизациялоо» (Тарыхый-коом таануучулук жана эстетикалык билим берүү лабораториясы).Басып чыгарууга жооптуулар: А.Б.Элебесова, Ж. С. Дуйшеналиев. Б:, I бөлүк, II бөлүк, 2010-2011.

Август кеӊешмесинде талкуулана турган маселелердин актуалдуу тематикасы:

1. Музыка сабагында окуучулардын музыкалык шык – жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруунун жолдору;

2. Окуучуларга музыкалык – эстетикалык билим, тарбия берүүнү, музыкалык чыгармаларда колдонулуучу көркөм каражаттардын негизинде уюштуруу;

3. Окуу куралдарын учурдун талабына ылайык жергиликтүү шарттагы тематикалык планды түзүү (календарлык план);

4. Музыка предметин окутууну өз ара жана башка предметтер менен байланыштыруу боюнча иш–тажрыйбалар;

5. Элибиздин, ошондой эле дүйнө элдеринин музыкалык мурастарын кеӊири пайдалануу багытындагы иш–тажрыйбалар;

6. Окутууну турмуш менен тыгыз байланыштыруу, окуучуларды күндөлүк жашоо–тиричилигиндеги бири–бирине болгон жылуу мамилесине, жакшы көндүмдөргө, адаттарга үйрөтүү, эмгектик иш–аракеттерди аткарууга көнүктүрүү маселелери;

7. Музыкалык мектептерде эмгектенген мугалимдер менен пикир алмашуу, алдыӊкы иш – тажрыйбаларды жайылтуу жана кесипке багыт берүү маселелери;

8. Музыка сабагын жүргүзүүдө, ар бир мугалим чыгармачылык ишмердүүлүгүн арттыруу менен заманбап жаӊы ыкмаларын иштеп чыгуу;

9. Окуучуларга музыка сабагында уктуруу үчүн берилген музыкалык чыгармалар  боюнча  жеткиликтүү  түшүнүк алууну жана талдоону уюштуруу маселелери;

10. Музыка сабагында окуучулардын жеке өз алдынча ой жүгүртүүсүн калыптандырууга багытталган жаӊы ыкмаларды колдонуу маселелери;

11. Окуу программасына ылайык чыгармалар боюнча аудио, видео жазылмалары жана көрсөтмө куралдарды, ноталык жана музыкалык адабияттарды (күүлөрдүн жана ырлардын антологиясы),окучууларды кызыктыруу үчүн компьютерди колдонуу маселелери ж. б.

 

Б.Эсенгулов

Поделиться

Комментарии