МИНИСТР ЭЛЬВИРА САРИЕВА БИР КҮНДҮК ИШ САПАРЫ МЕНЕН ОШ ШААРЫНДА БОЛДУ

  • 03.04.2015
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева бир күндүк иш сапары менен Ош шаарына барып, анын алкагында Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №9 Рудаки мектеби менен толук таанышып, мугалимдердин сабак өтүү процессине катышты. Окуучулар менен маектешүү учурунда бүтүрүүчү класстын окуучуларына кесип тандоо боюнча өзүнүн кеӊештерин берип өттү.

Ошондой эле быйылкы окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн 110 баллдан кем алган  абитуриенттер  жогорку окуу  жайына  өтө  албастыгын эскертип,  катуу  даярдыктарды көрүү тапшырмасын берди. Жылдагыдай  коммерциялык жолдор менен окууга өтүүгө аракет кылгандар катуу көзөмөлгө алынаарын кошумчалап өттү.

Иш  сапардын  жүрүшүндө №23 Панфилов атындагы мектеп-гимназиясында шаардагы мектеп директорлору жана бала бакча жетекчилери менен да жолугушту. Анда мугалимдер билим берүү тармагында кездешип жаткан көйгөйлөр боюнча, тактап айтканда окуу китептери айрым класстын окуучулары үчүн татаал түзүлүп калгандыгын айтып, мектеп окуучулары үчүн окуу китептерин түзүүдө тажрыйбалуу практик-мугалимдердин катышуусу менен алардын пикирин эске алып түзүүнү сунушташты.

Мектеп  мугалимдеринин, анда иштеген техникалык кызматкерлердин айлыгынын аздыгы боюнча берилген суроого, министр Э.Сариева: “Мугалим-дердин статусун көтөрүү аракеттерин жүргүзүп жатабыз. Мамлекет тарабынан мугалимдерге, көӊүл бурулбай жаткандыктан ишин таштап кеткендер көп болууда жана өз иши менен алектенбей кошумча акча каражатын табуу үчүн башка нерселерге алаксып кетүүдө. Биз өкмөттөн мугалимдердин айлыгын 50% жогорулатууну   талап  кылып жатабыз, тиешелүү мыйзам ка-был алынса жаӊы окуу жылынан баштап айлык акы жогорулайт”, — деди ал.

Жакынкы  айларда  билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча Ош шаарына иш сапары менен дагы келерин айтып кетти, — деп билдирди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын пресс-кызматы.

Министр айым Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда да болду. Э.Сариеваны аталган окуу жайдын жетекчилиги заманбап үлгүдөгү салынып жаткан окуу корпусу менен тааныштырып, анын келечеги жана толук бүтүү пландарын көрсөттү. Андан соӊ, министр окуу жайдын жалпы профессордук жамааты менен жолугушуу өткөрүп, айрым суроолорго жооп берди.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии