МЕЗГИЛДЕН АРТТА КАЛБАГАН МЕКТЕПТЕ

  • 10.04.2015
  • 0

Мезгил үнүн, доордун духун туя билген, келечекке көз карашы тереӊ, жаӊыланган коомдун талабына белен мугалим ар дайым урмат-сыйга, кадыр-баркка татыктуу. Мына ошондой ойдун маанисине төп келген мектепте болуп, андагы жагымдуу жаӊылыктар, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү өрүштүү кадамдар жүрөккө уялап, кубанычтуу кабарларын окурмандардын ой ордосуна сунгум келди.

Дал ушул өӊүттөн караганыбызда жүрөгүн балдарга арнаган агартуу азаматтары эмгектенген билим уясынын бири – Кара-Балта шаарындагы №4 орто мектеби. Мектеп тарыхына саресеп салсак, анын алгачкы кадамы 1933-жылдары башталган. 1991-жылы үч кабаттуу окуу имараты бүткөрүлүп, пайдаланууга берилип, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн. Андан соӊ, 2003-жылы кыргыз класстары ачылып, окутуу орус, кыргыз тилдеринде жүзөгө ашырылган. 2008-жылдан баштап, кыргыз тилинде гана окутула баштаган. Учурда 33 мугалим эмгектенип, 765 окуучуга билим, тарбия беришет. Жыл өткөн сайын мектептин материалдык-техникалык базасы чыӊдалып барат. Өткөн 2014-жылы башталгыч класстардын тогуз каанасынын, актовый залдын, 100 орундуу ашкананын жылытуу системалары жаӊыртылып жабдылып,  жаӊы  муундагы  сегиз компьютер алынган. Буга сарпталган каражат шаардык мэрия тарабынан каржыланган.

Кош  кабаттуу  терезелер  коюлуп, кыш мезгилинде жылуулуктун туруктуу сакталышы камсыз кылынып,  спорт  аянтчалар  тиешелүү жабдуулар менен жабдылган. Андан сырткары спортзалда машыгуунун түрлөрү боюнча секциялар толук кандуу жүргүзүлөт. Өзгөчө, үч кабаттуу мектептин ар бир кабатында айнек-терезелердин пардалары ар түрдүү түстө тартылыптыр. Маселен, биринчи кабатты көгүлтүр зал дешет. Асманыбыз ачык болуп, билим шамы көгүлтүр оттой жанып туруусун чагылдырат.

Экинчи кабат – жашыл зал. Бул билим дүйнөсүнө багыт алган жолдорунда жашыл жарыктын жаркырап туруусун ачыктайт. Үчүнчү кабат – кызгылт түстө. Бийиктиктин, патриоттуулуктун, сабырдуулуктун, ыймандуулуктун белгиси, символу. Окутуу бир кезметте жүргүзүлгөн мектепте сабактан соӊ түрдүү ийримдерди, секцияларды, иш-чараларды өткөрүүдө ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн.

— Менин башкы максатым – сапаттуу билим, таасирдүү тарбияны камсыз кылуу. Ал үчүн мугалимдерге жана окуучуларга толук шарт түзүп берүү жетекчилик, атуулдук милдетим. Келечекте мектепти гимназияга айландыруу максатындамын, — дейт, чарбачыл мектеп директору Замир Асанкулович.

Печать

Мектептин окуу-тарбиялоо жараянында дайыма башкаларга үлгү болушкан: А.Саргалдаева, А.Карашева, Н.Асыранкулова, Т.Кайыпова, А. Келдибекова, У.Асанбаева, У.Токчулукова, А.Токсобаева, А.Абдылдаева, Д.Жумалиева ж.б. менен сыймыктанышат.

Мектептин локомотиви – алдыӊкы мугалимдер

666666666

Аида САРГАЛДАЕВА, директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары, Минск шаарында өткөн КМШ мугалимдеринин үчүнчү курултайынын делегаты:

 —  Үстүбүздөгү  окуу  жылында Мамлекеттик    тилди  өнүктүрүүгө басым жасалды. «2014-  жыл – Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына»    жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  тил жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын 25 жылдыгына карата иштиктүү  аракеттер жүргүзүлдү. Өзгөчө кароо-сынактар жогорку деӊгээлде уюштурулуп, окуучулардын, мугалимдердин жана ата-энелердин колдоосуна ээ болгон. «Манас таануу» сынагына катышкан 18 мектептин ичинен 2-орунду багындыргандыгы эле тилди өнүктүрүүгө карата иш-аракеттерин алгылыктуу экендигинен кабар берип турат. Мындан тышкары залкар жазуучу Ч. Айтматовдун – 86, кыргыздын кымбат акыны А.Осмоновго – 100 жана улуу манасчы С. Каралаевдин – 120 жылдыктарына карата өткөрүлгөн бардык сынактарда байгелүү орундарга жетишишкен. Ошондой эле тил сынагынын райондук этабында долбоор боюнча 3-орунга татыктуу болушту.

Кыскасы,  аракеттер  арбын, жетишкендиктер  жогору.  Айтууга жеӊил,  аткарууда  татаал  болгон жеӊиш  туусун  желбиреткен  иш-чараларга турмуштук мүнөз берүүдө кыргыз тили мугалимдери Абдылдаева Айхан, Алгожоева Чынара жана Мырзагелдиева Эльнуранын ысым-дарын сыймыктануу менен атасак болот. Алар «кыргыз тили», «кыргыз адабияты» жана «Манас таануу» класс-канааларын учур талабына шайкеш  жасалгалап,  жабдышып, окуучулары менен биргеликте «Класстын өздүк китепканасы» бурчтарын уюштурушкан.

Натыйжада мектепте мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө окуучулардын сабаттуулугу артты. Тил тазарса, дил агарат, — дейт Минск шаарында өткөн КМШ мугалимдеринин үчүнчү курултайынын делегаты, директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары А.Саргалдаева.

Келгиле, «Бирге окуйбуз»

Мектеп ар түрдүү долбоорлор менен иштеп билим сапатын көтөрүүнү максат тутат. Алардын бири USAID «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында «Баланы үй-бүлөдө окутуу» темасында ата-энелер менен биргеликте семинар тренинг болуп өттү.

«Балдарды  үй-бүлөдө  окутуу, тарбиялоодо окуучу, ата-эне жана мугалим үчилтик байланышынын механизмин чыӊдоо» — максаттарын өзөк туткан семинар-тренингтин уюштуруучусу жана жетекчиси башталгыч класстардын мугалими Асанбаева Урунпашанын чыгармачылык чеберчилиги ата-энелердин да алкоосуна ээ болду.

Арийне, ар бир мектептин өз алдынчалуулугу, бөтөнчөлүгү болот эмеспи. Мугалимдер класстан тышкаркы иштерди өткөрүүнүн түрдүү формаларын байма-бай колдонушат. Өзгөчөлүгү — ал иш-чараларга ата-энелердин, коомчулуктун жана педжамааттын толук кандуу тартылышы. Алар көрүүчү, байкоочу катары гана катышпастан жүргүзүлүп жаткан процесске окуучулар менен биргеликте түздөн-түз байланыш түзүшөт. Далил катары «Атам, апам жана мен» деген спорттук таймашты айтууга болот.

 Ибраим ЧОТОВ, КР Билим берүүсүнүн отличниги

Поделиться

Комментарии