«МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКЕНИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ!»

  • 31.03.2020
  • 0

Быйылкы Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында, Улуу Атамекендик согуштун Жеңишинин 75 жылдыгына арналган «Мен кыргызстандык экенимине сыймыктанам!» аттуу аймактар аралык сынактын Ош облустук туру март айларында район, шаарлардан тандалган таланттуу балдардын катышуусунда өттү.

«МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКЕНИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ!»

Атайын түзүлгөн Жобонун негизинде өткөрүлгөн сынактарда жеңүүчү деп табылган жалпы 72 окуучу өнөрлөрүн тартуулашты. Сынак жаш курагы боюнча үч жанрда өтүп, улуттук аспапта ойноо, элдик, жекече бий, ыр жанры боюнча ат салышты. Ош облусунан жеңген тогуз окуучу май айында Бишкекте республикалык деңгээлде өткөрүлүүчү телесынакка катышмакчы.

Бул иш-чара окуучулардын Манастан ураан чакырып жана «Манастын» жети осуятын айтуусу менен башталды. Ал эми окуучулардын талантын сыначу калыстар тобу көрүнүктүү маданият өкүлдөрүнөн түзүлгөн.

«МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКЕНИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ!»

— Бул адатка айланган сынактын максаты — таланттуу жана жөндөмдүү жаш аткаруучуларды аныктоо жана колдоо, балдар чыгармачылыгын таанытуу жана аткаруучулардын ортосундагы байланышты бекемдөө, маданияттуу жүрүм-турумдун маанилүүлүгүн улуттук деңгээлде көтөрүү, кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо, катышуучулардын өнөр таанымын өнүктүрүү, өзүнүн аткаруучулук жөндөмүн, көндүмдөрүн, кыялын жана жекелигин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү, музыка мугалимдеринин тажрыйба алмашуу жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу. Сынакты жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү максатында «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия окуу-усулдук борборунун жетекчилери келип катышып, мыктыларды тандоого көмөк көрсөтүштү, — дейт Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Рахманберди Назаров.

«МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКЕНИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ!»

«МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКЕНИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ!»

Ошентип, тогуз окуучу облустук этапта 1-орунга татыктуу болуп, мугалимдери менен кошо облустук балдардын чыгармачылык борбору тарабынан диплом жана белектер менен сыйланышты.

Жеңүүчүлөр: Өзгөн районунун Т.Турбубаева мектебинин окуучусу Бибигүл Маматалиева, Ноокат районунун балдар чыгармачылык борборунан Акылбек уулу Махмуд, Өзгөн районунун М.Нурбаев мектебинен Нурислам Алимбеков, Алай районунун М.Адышев мектебинен Нурсезим Асылбекова, Араван районунун Токтогул мектебинен Мадина Абдыкадырова, Кара-Суу районунун Кулботоев мектебинен Илимбек уулу Курбанбек, Өзгөн районунун И.Жумабаева мектебинен Айбийке Ниязова, Өзгөн районунун Сатыбалды уулу Жолдош мектебинен Умсунай Табалдиева жана Алай районунун Курманжан Датка мектебинен Алтынай Акматова.

Рахманберди Назаровдун айтымында, жыл сайын өткөрүлүп жаткан өспүрүмдөрдүн сынагы быйыл бешинчи жолу өтүп жатат. Сынак райондук, облустук, республикалык жана эл аралык деңгээлде өтүп, жыйынтыкталат.

«МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКЕНИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ!» «МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКЕНИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ!»

— Быйылкы балдарды колдоо жылында иш-чаралар көп болот. Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн таланттуу балдарына жергиликтүү бийлик менен биргеликте колдоо көрсөтөбүз. Окуу жылынын жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылган таланттуу балдар Ысык-Көлдөгү «Барчын» балдардын эл аралык спорттук, ден соолукту чыңдоочу комплексине жылына акысыз эс алышат, — дейт Р.Назаров.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии