«Мен-Бизнесмен» долбоору старт алды
- 15.08.2013
- 0
Бишкек ишкердик клубунун «Мен-Бизнесмен» долбоору 2013-жылы башталып, анын ишине Кара-Балта шаарынан, Бишкектин жаӊы конуштарынан, ошондой эле Ош, Жалал-Абад облустарынан 20дай жаш ишкерлер тартылган.
Жакында Кой-Таш айылындагы туристтик борбордо болуп өткөн Ишкердик лидерлик боюнча жайкы лагердин жүрүшүндө жогорудагы 20 жаш ишкерлер өздөрү даярдап келген бизнес-пландарын Бишкек ишкердик клубунун активдүү мүчөлөрүнүн алдында жакташты.
«Мен-Бизнесмен» долбоорунун координатору Диана Орозбаеванын бизге берген маалыматына таянсак, республикабыздын чар тарабынан келишкен жаш ишкерлер учурдагы жайкы лагерге катышуу үчүн www.окуу.kg онлайн бизнес академиясынын ишкердик боюнча онлайн окуу курсун ийгиликтүү аякташып, андан соӊ Бишкек ишкердик клубу уюштурган бир жумалык жайкы лагерге катышуу укугуна ээ болушкан.
Жаш ишкерлер бир жумалык жайкы лагердин жүрүшүндө ишкердиктин сырлары, ишкананы башкаруу, ишкердикти пландаштыруу, ишкердиктин түрлөрү, мыйзам маселелери, өкмөт менен кызматташуу, маркетинг жана каржылоо боюнча зарыл билимдерди байма-бай үйрөнүшкөнүн журналисттерге айтып беришти.
А.АЛИБЕКОВ, «Кутбилим»
Комментарии