«МАНАС» ЭПОСУ МАЖАР ТИЛИНЕ КОТОРУЛДУ

  • 15.08.2013
  • 0

IMG_7581

Мажарстан Илимдер Академиясынын илимий кызматкери, БГУнун ардактуу профессору, «Кыргыз тили» төш белгиси­нин ээси, түрколог Даут Кара белгилүү драматург Бексултан Жакиевдин вариантынын негизинде «Манас» эпосун мажар (венгер) тилине которуп, китеп окурмандарына тартуу кылды.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жыйындар залында бул тарыхый окуяга арналган кереге кеӊеш өтүп, анын ишине жаӊы котормонун автору, түрколог Даут Кара, котормо ишине демөөрчүлүк кылган Будапешт шаарынын Зугло районунун акими Панчак Ференс, са­амалыкка демилгечи болгон «Алыкул Осмонов» атындагы коом­дук фонддун директору Памирбек Казыбаев, драматург Бексултан Жакиев, манасчы, төкмө акындар — Т.Бакчиев, Н.Уралиев, Р.Исаков, Э.Иманалиевдер катышып, бирдиктүү түрк адабиятындагы колго аларлык зор жаӊылыкка өз бааларын беришти. Жыйынды жетектеп отурган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекет­тик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов «Манас» эпосун башка тилдерге которуу аркылуу биз өзүбүздүн кы­лым карыткан маданиятыбызды, каада-салтыбызды, тарыхыбызды бөлөк элдерге таанытып жатканыбызды кубануу менен белгиледи.

Поделиться

Комментарии