КЫРГЫЗСТАНДА “БАЛДАР ФИЛАРМОНИЯСЫ” ИШТЕЙ БАШТАЙТ

  • 20.05.2016
  • 0

Учурда коомчулукта жана массалык маалымат каражаттарында балдардын жана жаштардын маданий деңгээлинин төмөндүгү, ошол эле мезгилде ата-эне балдары менен чогуу барып, маданий эс ала турган жайлардын жокко эселиги жөнүндө көп айтылып жүрөт. Ата-энелер балдары менен бирге маданий-агартууга, эс алууга, жеке убактысын балдары менен чогуу өткөрүүгө көп көңүл бурушпайт. Глобалдаштыруу мезгилинде дүйнө жүзүндө маданиятты өстүрүүгө, балдарга арналган  маданий иш-чаралардын улам-улам жаңы формалары өздөштүрүлүүдө. Мисал үчүн, Австриядагы, Германиядагы балдар музейлери, балдар театрлары, Нью-Йорктогу балдар филармониясы — булардын бардыгы ийгиликтүү иштеп жатышат жана алар абдан популярдуу. Муктаждык, же зарылдык бар болсо, демек сунуш да өз деңгээлинде болушууга тийиш.    Бул максатта “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы менен биргеликте “Балдар филармониясы” аттуу жаңы уникалдуу долбоорду баштоодо. 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун пресс-катчысы Т.Шайдуллаеванын берген маалыматына таянсак, “Балдар филармониясы” Кыргызстанда алгачкылардан  балдар жана ата-энелер үчүн, үй-бүлөлүк эс алуу жана бийик искусствонун  оболку кадамдарына  болгон жолун көрсөтүү үчүн тарбиянын баштапкы кадамы болгон уникалдуу долбоор.

—           Бул долбоордун максаты — балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын музыкалык   билимин калыптандыруу, инсандык өнүгүүсүнүн негизгилеринен болгон эстетикалык табитин  өстүрүү жана музыкалык маданиятынын өнүгүүсүнө салым кошуу.   Балдар филармониясы — балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын бош убактысын пайдалуу жана  ата-энеси менен бирге өткөрүү үчүн гана эмес, концерттердин жаңы формалары, ыкмалары – презентациялар, мастер-класстарды көрсөтүү, оркестрлердин репетицияларында катышуу жана атактуу музыканттар менен баарлашуу аянтчасы да болууга  тийиш. Кийинки концерттердин программалары дүйнөлүк эң мыкты тажрыйбалардын негизинде балдардын, өспүрүмдөрдүн  кызыкдарлыгын эске алуу менен түзүлөт жана регулярдуу түрдө уюштурулуп турат. Балдар Филармониясында  популярдуу музыканттар балдар, өспүрүмдөр менен болгон жолугушуусунда өздөрүн  педагог катары да көрсөтө алышат. Ал эми мектептер болсо, музыка сабактарын класстан тышкаркы шартта музыканттардын, инструменттердин  “жандуу” үнүн угуу мүмкүнчүлүгү  менен өткөрө алышат. Билет баасы 18 жашка чейинки балдар үчүн 50 сом,  чоңдор, ата-энелер үчүн 100 сом, — дейт Т.Шайдуллаева.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”  

 

Поделиться

Комментарии