Кыргыз тил илиминдеги жаӊы багыттар

  • 22.08.2013
  • 0

 XX кылымдын аягы  XXI кылымдын башында жалпы тил илими күтүлбєгєндєй маалыматтарга чулганып, натыйжада, азыркы коомдук цивилизациянын єнүгүү этабындагы талаптарга, дүйнє элдери бири-бири менен кызматташтык, боордоштук мамилелер аркылуу карым-катыш, байланыш түзүп жаткан учурдагы жашоо шартка ылайык адам баласы тил илими багытындагы жаӊы сапаттагы изилдєєлєрдү єздєштүрүүгє кадам таштады. Ар бир индивид турмуш-тиричилигинде жакшы жашоо үчүн жаӊы билимдерди эски менен айкалыштыра билип, аларды тажрыйбасында колдонууда єзүнүн тилин, маданиятын тереӊ єздєштүрүүгє, ошондой эле башка элдердин тилин, маданиятын да толук үйрєнүүгє талаптанып калды.

Ушундай шарттарда ар бир тил мамлекеттин кызыкчылыгы, улуттун кызыкчылыгы үчүн негизги курал катары кызмат кылышы зарыл экендиги ачыктан-ачык кєрүндү. Ошону менен бирге тилдин коомдогу орду, аткарган кызматы маданияттын туу чокусу катары улам кеӊейип, тил илими єзүнүн «тулку боюна»  башка илимий тармактарды сиӊирип алып жаткандыгы маалым болду.

Баса белгилей турган болсок, филологиялык билимдер бир нечелеген єз ара байланыштагы илимий тармактар менен, мисалы, социолингвистика, этнолингвистика, компютердик лингвистика, тилдик мекен таануу (лигвострановедение), тилдик маданият таануу (лингвокультурология,), тилдик дүйнє тааным (когнитивная лингвистика),  лингвофилософия ж.б. илимий тармактар менен толуктала баштады. Тил илимине тиешелүү болгон жогорудагы илимий тармактар боюнча жаӊы идеялар, илимий кєз-караштар сунушталып, жаралуу, калыптануу, єнүгүү этабында турушса да, бүгүнкү күндє актуалдуу болгон «адамдын тили» жана «тилдеги адам» концепцияларынын калыптанып єнүгүшүндє белгилүү деӊгээлде єз ролдорун ойной башташты. Муну менен биз буга чейинки карт тарыхты басып єтүп, ар бир улуттун, ар бир этностун калыптанышында, түптєлүшүндє, єсүп-єнүгүшүндє баа жеткис алп тилчи-окумуштуулар, филологдор тарабынан иликтенген санак жеткис єтє зор, баалуу изилдєєлєрдүн чордонундагы тилдин мыйзамдарын, тилди система-структуралык түзүлүш катары изилдєєдєгү калыптанып калган салттуу мыйзамдарды четке кагуу менен, таптакыр башка єӊүттє изилдєєлєр жүргүзүлє баштады деген ойду айтуудан алыспыз. Анткени, кандай гана жаӊы багыттагы изилдєєлєрдү албайлы ал сєзсүз түрдє тилдин-система структурасына таянып, салттуу грамматиканын мыйзамдарына, салттуу изилдєєлєргє таянып, кандайдыр бир маселени жаӊы єӊүттєн иликтєєгє алат. Маселен, этишти лексика-семантикалык жактан моделдештирүүнү (социалдык кыймыл аракеттерди жана мамилелерди билдирген этиштердин материалдарында) тилдик дүйнє тааным багыты менен байланыштырып изилдєєгє, саясий терминдердин лексика-семантикалык топторун концепт катары изилдєєгє боло тургандыгын факты-материалдар далилдеп отурат.

Кыргыз тил илиминде жогорудагы аталган багыттар, атайын єзүнчє изилдєєнүн объектиси катары жаӊыдан  карала баштады. Чет элдик, орус, түрк, казак ж.б. тил илимдеринин тилчи-окумуштуулары тарабынан аталган багыттарда изилденип жаткан бир нечелеген илимий-теориялык факты-материалдарга таянып анализ жүргүзүү аракетибизде жаӊыдан гана колго алынып калды. Бирок бул жаӊы багыттардын кыргыз тил илиминде кабылданышы бир топ кыйынчылыктарды, карама-каршылыктарды туудурууда. Анткени мындай карама-каршылыктардын келип чыгышы айрым бир илимий кєз караштардын буга чейинки калыптанып калган салттуу изилдєєлєрдүн чордонунан чыга албагандыгы менен белгиленсе, экинчиден, учур талабы менен тилдин коомдогу аткарган кызматына ылайык бир нечелеген жаӊы багыттарды (компьютердик лингвистика, когнитивдик лингвистика, лингвомаданият таануу, лингвофилософия ж.б.) лингвистикалык изилдєєлєрдүн маселелери катары кабылдоо татаал болуп жаткандыгы менен түшүндүрүлєт. Мындай кырдаалдар кыргыз тил илиминин, ошондой эле изилденип жаткан жаӊы багыттардын эч кандай тоскоолдуктарсыз єсүп-єнүгүүсүнє кедергисин тийгизбей койбойт. Муну менен кыргыз тил илими єзү менен єзү,турмуш-тиричиликте практикалык жактан колдонулуп жаткан тилдик каражаттарды (кээ бири кыргыз адабий тилинин нормаларына тура келбеген тилдик каражаттарды деле: сєздєрдү, сєз айкаштарын, сүйлємдєрдү ж.б.) єздєштүрүү менен, илимий иликтєєгє алуу менен чектелип, башка орус, казак, єзбек ж.б. чет тилдериндеги илимий изилдєєлєргє, теориялык маселелерге таянбай (аларды кєчүрүп албастан) изилдєєлєрдү жүргүзүү керек деген кєз караштын єзү кандай алгылыксыз экендигин баса белгилегибиз келет. Кыргыз тилин изилдєєнүн методдору бир гана кыргыз тилине тиешелүү эмес да. Башка тилдердин методологиясына кайрылып метод алмашуу менен жаӊы багыттагы изилдєєлєрдүн жүргүзүлүшү абзел. Анткени башка тилдер менен байланышта, катышта изилденбей туруп,теориялык факты-материалдарга, ык-амалдарга таянбай туруп бир тил єз алдынча изилденүүгє мүмкүн эмес. Тактап айтканда «туӊгуюкка кептелип, жарыкка чыга албай калган жандыктардын бири» сыяктуу болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, биздин оюбузча, жеке кєз караштар менен чектелүүгє бєгєт коюп, кыргыз тил илиминин єсүп-єнүгүүсүн жалпы дүйнєлүк тил илиминин єсүп-єгүгүүсү менен бирдикте карап, анын артта калуусуна жол бербєє менен, учурдун актуалдуу маселелерин чагылдырган изилдєєлєрдү колдоого алуу арзууга татырлык болор эле деп эсептейбиз.

 

Г.Абдразакова,

 КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери, ф.и.к.

Поделиться

Комментарии