И.Арабаев атындагы КМУ европалык стилдеги бала бакчалуу болду

  • 04.06.2014
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Уникум» инновациялык мектепке чейинки билим берүү борбору жана окуу жайдын окутуучулары, студенттери үчүн «Герцлия» медициналык борбору ачылды.
Жаңы ачылган бала бакча мектепке чейинки билим берүүчү заманбап инновациялык бала бакча болуп саналат. Ал жакта балдар башка бала бакчалардан өзгөчөлөнүп, мектепке чейинки даярдыктан өтүшөт. Балдарга өзгөчө методика менен сабак өтүлүп, тарбиялоо башкача жол менен жүргүзүлөт. Ар кандай өнүктүрүүчү, билим берүүчү оюндар аркылуу окутулат.
— Ал үчүн биз европалык, америкалык, азиялык мектепке чейинки билим берүү системасын. Методикаларын, ПИЗА сынагында алдыңкы орундарда турган мамлекеттердин билим берүү системасын карап, изилдеп, анализдеп чыктык. Жаңы методикаларды өздөштүрүү үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду менен тыгыз кызматташуудабыз, — дейт окуу жай жетекчиси Төлөбек Абдырахманов.
Бул борбор төрт жаштан алты жашка чейинки балдарды кабыл алат. Бакча жүз орундуу, бирок алгачкы жылдары элүү баланы кабыл алуу пландаштырылган. Бала бакчада үч сааттык, беш сааттык жана он сааттык кызмат сунушталат. Үч сааттык бакчада балдар бир жумада үч жолу келип билим алышса, беш сааттыкта жумасына үч жолу келишет. Он сааттык бала бакчаны тандаган ата-энелердин балдары эртеден кечке бала бакчада болушат. Алар үчүн кадимки бала бакчадагыдай шарт түзүлгөн. Балдар окуп, түшкүсүн уктап, ойноп эс алышат. Бирок бакчадан тамак-аш жасалбайт. Бул жагынан балдары үчүн ата-энелер өздөрү кам көрүшөт.
— Биздин бала бакчада ашкана болбойт, бул жактан тамак бышырбайбыз. Анткени биз европалык стилди тандап алдык. Ал жакта балдардын тамак-ашын камсыздоо үчүн ата-энелерге мүмкүнчүлүк берилет экен. Мисалы, үч, беш сааттык бакчага келген балдарга ата-энелери бутерброд же таттуу токочторду салып беришсе, муздаткычка салып коюп, бала ачка болгон кезде беребиз. Эртеден-кечке бакчада болгон балдарга болсо ата-энелер комитетин түзүп, ошолорго балдарга бир маал ысык тамак уюштуруп берүүнү жүктөйбүз. Ушундай жаңыланууну киргизелик деп жатабыз, — дейт окуу жайдын мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын жана бала бакчанын жетекчиси Токон Орусбаева.

Бала бакча студенттер жана окутуучулар үчүн база болуп берет
Университеттин алдында ачылган борбордун бир канча максаты бар. Ал биринчиден, окуу жайдын мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын студенттери үчүн теориялык алган билимин практика жүзүндө айкалыштыруу үчүн база болуп берет. Себеби бул адистикте билим алып жаткан студенттер бир жуманын бир күнүн мектепте жана бала бакчада өткөрүшү зарыл. Натыйжада студенттер бир күндүк убактысын башка бала бакчадан эмес, өзү окуган эле окуу жайдагы бала бакчадан өткөрүшөт. Экинчиден, кафедранын окутуучуларына дагы илимий-практикалык иштерин жүргүзүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анткени окутуучулар көптөгөн эл аралык долбоорлорго катышып, жаңы, заманбап программаларды түзүшкөнү менен аны практика жүзүндө пайдаланууда студенттер менен гана чектелип келишкен. Эми окутуучулар дагы жаңы табылгаларын ушул бала бакчадан апробациядан өткөрө алышат.
— Биз «Роза Отунбаванын демилгеси» фонду менен иштешип тыгыз жатабыз. Бул фонд аркылуу чет мамлекеттерге барып, бир топ тажрыйба топтоп келдик. Эми ошол тажрыйбабызды бул жактан колдонобуз. Колубуздан келишинче жаңы методикаларды колдонуу менен балдарды өзүбүзгө тартканга аракет кылабыз. Биздин максат традициялуу бала бакчалардан өзгөчөлөнтүп, инновациялык билим берүүчү мекеме кылуу болуп саналат, — дейт Токон Орусбаева.

Мамлекеттик жана жеке кызматташуу
Бала бакча ачуу демилгесин бир жыл мурун окуу жайдын ректору Төлөбек Абдырахманов көтөрүп чыккан. Анын бул демилгесин Билим берүү жана илим министри Канат Садыков колдосо, Эл аралык «Себат» билим берүү мекемеси, «Тика» жана «Санте» уюму материалдык колдоо көрсөтөөрүн билдиришкен.
— Окуу жайдын эсебинен жарым миллион акча сарптасак, «Тика» жана «Себат» билим берүү борбору 1,5 млн. сом жардам берип, ремонт иштерин жүргүзүп, материалдык базасын чыңдап, эмеректер менен жабдып беришти. Андыктан ушул эки уюмга жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондуна, ЮНИСЕФ, ЮСАИДке чоң ыраазычылык билдиребиз, — дейт окуу жай жетекчиси Төлөбек Абдырахманов ачылыш аземде сүйлөгөн сөзүндө.

Медициналык борбор ден соолукка кам көрөт
“Герцлия” медициналык борбору окуу жайдын студенттери жана окутуучулары үчүн жеңилдетилген медициналык кызматтарды көрсөтөт. Борбор акыркы үлгүдөгү медициналык жабдыктар менен жабдылган. Окуу жайдын студенттери жана окутуучулары каалаган учурда кардиологго, офтальмологго, ортопедге, педиатрга, лорго, гинекологго, психотерапевтке, маммологго, неврологго, терапевтке, хирургга, урологго, тиш догдурга кайрылып, массаж, УЗИ, ЭКГ, лаборатория кызматтарын жеңилдетилген баада колдоно алышат.
— Бул медициналык борбор университеттин студенттерин жана окутуучуларын социалдык жактан колдоо иретинде ачылып жатат. Ушул күндө окуу жайдын бир топ студенттерин акысыз медициналык кароодон өткөртүп алдык. Окутуучуларыбыз дагы, кызматкерлер дагы бул кызматтан пайдалана башташты. Эми биз жылына ар бир окутуучуга үч жүз элүү сомдон которуп берип, жыл бою акысыз медициналык кызматты пайдаланалы деп жатабыз, — дейт Т.Абдырахманов.
Белгилей кетсек, мындай медициналык борбор башка бир дагы окуу жайда жок. Буга чейин студенттер ден соолугун чыңдоо үчүн жалпы студенттик поликлинакага кайрылып келишсе, эми бул борбордон эле ден соолугун чыңдай алышат.

Узартылган күн мектеби – ата-энеге жардамчы
Окуу жайда иштеген окутуучуларга, жаш ата-энелерге жардамчы катарында узартылган күн мектеби (продленка) дагы ачылды. Бул кызматты мектептен кийин балдарын таштай турган жери жок ата-энелердин баардыгы пайдалана алышат. Алар каалаган учурунда, каалагандай мөөнөткө балдарын мектепке калтыра алышат. Ал жактан балдарды мыкты педагогдор окутуп, эртеңки күнгө болгон сабактарына даярдантып, ар кандай акыл-эсти өстүрүүчү оюндарды ойнотушат. Мектепте эки класс иш алып барат жана класста он экиден ашык бала кабыл алынбайт.

Музыкалык студия – жаштарга шаттык тартуулайт
Окуу жайдын ушул эле корпусунда мурда колдонулбай жаткан бөлмөлөр ремонттон өткөрүлүп, жаштар үчүн музыкалык борбор ачылды. Анда бардык шарты менен бийлей турган жана үн жаздыруучу бөлмө кызмат кылат. Бул борбордон дагы окуу жайдын студенттери акысыз пайдалана алышат.

Роза Акназарова, Жогорку Кеңештин депутаты:
— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мектепке чейинки мекемелер тартыш болуп турган кезде мындай бала бакча ачуунун өзү эрдик жана колго ала турган жакшы саамалык. Учурда жогорку окуу жайларды оптимизациялоо зарылдыгы тууралуу сөз болуп эле жатат, бирок аны ишке ашыргандар саналуу. Бул жагынан окуу жайдын жетекчиси Төлөбек Абдырахмановдун ишине баа берип, аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып койбосо болбойт. Бул киши чын эле элиме, мамлекетиме кызмат кылам деген адамга ар кандай жолдор табыларын дагы бир жолу тастыктап койду.
Азыр мектептер жождор мыкты мугалим даярдабай жатат дешсе, жождор болсо мектептен начар окуган балдар келип жатат деп шылтоолошот. Мындай көрүнүштү азайтууда бул окуу жайда ачылып жаткан бала бакча чоң салымын кошот деп ишенебиз. Себеби бул окуу жай эми үзгүлтүксүз билим бере алат. Эң биринчиден, эне тилин билген, патриоттук сезим менен билим алууга умтулган, элин-жерин сүйгөн балдарды тарбиялап чыгарыңарга тилектешпиз.

Канат Садыков, Билим берүү жана илим министри:
— Бул идеяны бир жыл мурда Төлөбек Абылович бизге келип айтып, аракет кыла баштаган. Биз дагы аны толук колдоого алып бергенбиз. Минтип жыл айланбай эки борбордун ачылып жатканы бизди абдан кубандырууда. Туура, проблемалар көп. Бирок бул окуу жай өзүнүн ишмердигин педагогикалык багытта алып кете ала тургандыгын дагы бир жолу бекемдеп, тастыктап койду.
Бала бакчалардын жаңы түрлөрүн, вариативдик жактарын, кыска мөөнөттүү мектепке даярдоо программаларын уюштурууда жождордун көбү ушул окуу жайдан үлгү алышы керек. Анткени кээ бир окуу жайлар мурунку бала бакчалардын ичинде иш алып барышууда. Андан көрө алар ушундай кылып ремонттоп, жасалгалап, ичин толтуруп туруп кайра бала бакчаларга өткөрүп беришсе жакшы болмок.

Орхан Инанды, «Себат» билим берүү борборунун директору:
— Биз Кыргызстан менен боордош элбиз. Боордоштугубузду сөз менен эмес ушундай иштер аркылуу бекемдешибиз керек. “Себат” билим берүү мекемесинин Кыргызстанда иштеп жатканына 22 жыл болду. Биз албетте, сиздердин колдооңор аркылуу иштеп жатабыз. Силер балдарыңарды бизге ишенип окутуп жатасыңар. Биз дагы ал ишенимди актоо үчүн колубуздан келген жардамды беребиз. Кыргызда “Жоктун түбү жок болот” деген жакшы сөз бар. Ошондуктан биз колубуздан келишинче бири-бирибизди колдогонго, колдо барын аябаганга аракет кылабыз жана дайым даярбыз.
Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии