И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору, медицина илимдеринин доктору, профессор Ашыралы ЗУРДИНОВ: “ДАРЫГЕРЛЕРДИ ДАЯРДООНУН ЖАӉЫ СТАНДАРТЫНА ЄТТҮК”

  • 22.08.2013
  • 0

И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын ректору, медицина илимдеринин доктору, профессор Ашыралы Зурдинович Зурдиновго Великобританиянын борбор шаары Лондондо Ректорлордун Европалык клубунун мүчєсүнүн диплому тапшырылганы жєнүндєгү куш кабар республикабыздын билим берүү, илим, медициналык коомчулугунун арасына чагылгандай тез тарады. Бул окумуштуунун жеке эмгегин да, ал башкарган жогорку окуу жайынын бийик беделин да баалагандыкка барабар.

– Аталган абройлуу клуб єкүлдєрүнүн курамына карасак, Европа материгинин алкагынан эбак чыгыптыр. Клубга Азия менен Американын ири жогорку жайлары кирет экен. Буга кирген ЖОЖдор, ректорлор илим, студенттерди, окутуучуларды алмашуу, Оксфорд университетинде стажировкадан єтүү сыяктуу иш-чараларга катыша алышат. Лондондогу жолугушууда адистерди даярдоо багытындагы күч-аракеттерди бириктирүү туурасында олуттуу сєз болду, – дейт Аширалы Зурдинов. – Мен єзүмдүн кесиптештериме биздин медакадемиядагы єзгєрүүлєр, ири алды, болочок дарыгерлерди даярдоонун жаӊы программасы жєнүндє баяндап бердим. Асыресе, айрым кєйгєйлүү маселелерди да жашырганым жок. Мисалы, медициналык адистердин жер-жерлерге барып иштешине єбєлгє жаралбай олтурганын айттым.

– Эмне үчүн жаш врачтар облустарга, райондорго барып иштешпейт?

– Анткени бюджеттик негизде билим алган бүтүрүүчүлєрдү жумушка жайгаштыруунун укуктук жєндєєчү механизмдери иштелип чыккан эмес. Элетке барып иштегиӊ келбейби – беш-алты жыл аралыгында алган билимиӊ үчүн акча тєлє, мамлекет сени окутуп-тарбиялоого сарптаган каражатты кайтар. Бирок, мындай учурда мамлекеттин акчасын кайтарып алуунун жолу жок, тиги-бу деп тим болобуз.

Жаш дарыгер элетке барып келсе деле, ал жерде кєпкє тура албайт. Анткени, жергиликтүү бийликтер ага турак-жай маселесин чечүүгє кємєктєшпєйт. Анан калса, бүгүн медициналык кызматкерлер жарыбаган айлык алат. Мурдагы жылы биздин тармактын эмгек маянасы бир топ кєтєрүлгєн. Арийне, анын кєлємү, салыштырмалуу алганда, дагы эле тємєн бойдон калууда. Андыктан катаал мыйзам керек. Советтер Союзунун маалында, маселен, үч жылга бєлүнгєн оорукана, бейтапкана, эмкана, дарыканага барып иштебесеӊ, бєлєк жумушка орношо албайт элеӊ. Мен Лондондогу жыйындан кийин бир топ түрк кесиптештер менен жолугуштум. Себеби Түркиянын жогорку медициналык окуу жайлары менен биздин медакадемиянын байланыштары жакшы. Аларда да жогоруда мен айткандай мамлекетке сєзсүз үч жылдан кем эмес иштеп берүү эрежеси бар экен.

– Учурда студент-медикти окутуу канча каражатты талап кылат?

– Биздин эсептєєлєр боюнча жылына 100 миӊ сом. Асыресе, бул абдан азайтып санагандагы баа. Атүгүл келишим менен окуган студенттер ушул сумманын үчтєн бирин тєлєшєт. Демек, келишимдик негизде окуган медициналык кадрларда да мамлекеттин аласасы, үлүшү чоӊ. Бюджеттик негизде окуу жайын аяктаган жаш дарыгерлерди жер-жерлерге жєнєтє албай жатып, келишим менен окуган бүтүрүүчүлєргє эмне дейбиз. Быйылкы окуу жылында медакадемиянын дипломун 700дєн ашуун жаштарга   тапшырдык. 2-июлда   алар Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоӊ залында Гиппократтын антын салтанаттуу кырдаалда беришти.

Мен баштап, бардык профессорлор, окутуучулар жаш врачтарды элет жерине барып иштєєгє үндєп жатабыз. Ушуга байланыштуу республикабыздагы жети дубандын бийлик єкүлдєрү менен атайын жолугушуу уюштуруп, алардын медициналык кызматкерлерге канчалык деӊгээлде муктаж экендигин үйрєнгєнбүз. Айрым жетекчилер жаш кадрларга колдон келген жардамыбызды аябайбыз деп жатышат. Эми, канча бүтүрүүчүбүз элетке барат, канчасы борбор калаада калат, канчасы Казакстан, Россияга сапар тартат – муну турмуш ырастайт.

– Абалдан чыгуунун кандайдыр бир жолдору изделип жатса керек, Аширалы Зурдинович?

– Эки жыл мурда медициналык жамаат фармацевтик жогорку билим берүү туурасындагы мыйзамдын долбоорун иштеп чыкканбыз. Анда медициналык кадрларды даярдоонун, анын ичинде аларды жумушка бєлүштүрүп, иш ордун сактап берүүнүн кєп маселелери так кєрсєтүлгєн. Тилекке каршы, даярдаган мыйзам долбоору Єкмєттүн, Жогорку Кеӊештин кабинеттеринде кєпкє кармалып жатат. Ооба, Кыргызстанда “Билим берүү жєнүндє” мыйзам иштейт. Биз ошол мыйзамга медициналык жана фармацевтик билим берүү жєнүндє кошумча параграф кошууну же болбосо єзүнчє мыйзам кабыл алууну сунуштадык. Жакында айрым эл єкүлдєрдүн тобу жогорудагыдай сунушубузду колдоого макулдугун беришти. Буюрса, мыйзам долбоорунун үстүнєн иштєє күзгү сессияларда башталат.

– Мыйзамда медициналык билим берүүнүн бєтєнчєлүктєрү эске алынат турбайбы?

– Анткени медициналык жана фармацевтик кадрларды башка адистерди даярдаган система боюнча даярдай албайсыӊ. Учурда биздеги бардык адистер боюнча үчүнчү муундагы мамлекеттик стандартты иштеп чыкканбыз. Баса, мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен кабыл алынган єлкєнү туруктуу єнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдардагы Программасында да мамлекеттик стандартты иштеп чыгуу каралган.

Биз берегидей стандартты єткєн окуу жылынан баштап окутуу жараянына кийирдик. Мурун студенттерибиз эки программа, башкача айтканда, эски советтик жана бир аз ыӊгайлаштырылган батыш программасы менен билим алып келген. Карасак, мунун натыйжасы аз. Ал эми азыркы мамлекеттик стандартта биз эл аралык тажрыйбага таяндык, бирок єзүбүздүн реалийлерди да унутканыбыз жок. Дарылоо факультетинин биринчи курсунун студенттери жаӊы стандартка ылайык окуп, экинчи курска кєчүштү.

Андан тышкары, клиникалык борбор уюштурууга жетиштик. Экинчи курстан баштап болочок врачтар реанимациялык жана башка иш-чараларды жүргүзүүгє мүмкүнчүлүк алышат. Анткени мындай иш-чараларга алар сыркоо адамды кєргєнгє чейин эле каныгууга тийиш. Анын үстүнє биз жаш адистин дипломуна анын компетенттүүлүгүн жана профессионалдуулугун кєрсєткєн баракча кошуунун үстүнєн иштеп жатабыз.

– Медакадемияда гуманитардык сабактарга бєлүнгєн сааттар кыскарып жатыптыр деген пикирге кандай карайсыз?

– Билим берүү реформалоонун алкагында гуманитардык сабактарга бєлүнгєн сааттар кыскарып баратканы чындык. Айтмакчы, Европадагы ЖОЖдордо чет тили, аскер иши, манастаануу, дене тарбия, Ата Мекендик тарых єӊдүү сабактар таптакыр жок. Алар адистик даярдыкка гана кєӊүл бурушат.

– Жаӊы программанын айырмачылыктары кайсылар?

– Быйыл биринчи курсту аяктаган студенттер окууну бүткєн соӊ даярдыкка ээ адис катары калыптанышат. Єткєєл мезгилде бир жылдык дипломдон кийинки окутууну сактап калалы деп жатабыз. Аны бүтүрүүчүлєр Бишкектин же жер-жерлердеги клиникаларынан єтүшєт. Алты жыл окуган соӊ алар практикалык ишмердүүлүккє укук бербеген дипломдуу болушат. Андан ары жогоруда айтылган бир жылдык практиканын врачынын сертификатын алышат. Сертификат менен кошо иштей турган жерине багыттама-направление берилет. Аталган сертификат менен эки жыл жалпы практиканын врачы катары иштешет. Бул, мындайча айтканда, үй-бүлєлүк врачтан айырмасы чоӊ деп эсептелет.

Батышта, маселен, жалпы практиканын врачы эч качан жаш балдар менен кош бойлуу аялдарды дарылабайт. Эгерде дарыгер эки жылдан кийин кошумча экзамен тапшырып, оӊ баага татыса, анда ага үй-бүлєлүк врачтын тємєнкү баскычтагы категориясы ыйгарылат. Андан ары ал беш жыл ичинде єзүнүн макамын (статусун) жана категориясын кєтєрүү үчүн иштєєгє тийиш. Биз болсо кадрларды эски система боюнча даярдап келебиз: бир жылдык ординатурадан баары чыгат – үй-бүлєлүк врачтар да, хирургдар да, анестезиологдор да. Арийне, ушундай кыска мєєнєттє буга жетишүү абдан кыйын. Мурда мындай болчу эмес. Учур чакта дарыгерлер жетишпегенден ушуга барып отурабыз. Быйылкы окуу жылынан баштап биз толук кандуу врачтарды даярдоого єттүк десем жаӊылышпайм. Буюрса, биздин бүтүрүүчүлєр калкыбыздын саламаттыгын сактоодо єздєрүнүн баалуу салымын кошушат.

– Медакадемияда мурдагыдай эле конкурс чоӊбу?

– Врачтык кесип – кадыр-барктуу, ардактуу кесип. Андыктан биздин окуу жайга єтүүнү каалагандар кєп. Мындай кырдаалда жалпы республикалык тестирлєєнүн кийирилгени да жакшы деп ойлойм. Ириде, коррупциялык тобокелчилик, ЖОЖдордун жетекчилерине жасалган басым азаят. Єткєн жылы бюджеттик окутууга конкурс абдан чоӊ болду, бир орунга он эки адам. Атүгүл келишимдик негизде окутууга да конкурс єткєрдүк. Быйыл да болочок студенттерибизди калыс, адилеттүү тандап алууга бардык шарттарды түзгєнбүз.

– Аширалы Зурдинович, медаурасын да айтып берсеӊиз?

– Азыр эл аралык тажрыйбасыз алыс бара албайсыӊ. Медицина илими улам єсүүдє, жаӊылыктар кєп. Биздин профессорлор, окутуучулар, студенттердин єздєрү мезгилдин чакырыктарын кабыл алууга дайыма даяр турушу абзел. Ошондуктан мен эл аралык илимий, агартуучулук, практикалык байланыштарыбызга єзгєчє кєӊүл бурам.

Єткєн жылдын августунда биз Кытайдын Хэбей медициналык университети менен студенттерди алмашуу, алардын базасында биздин окутуучуларды стажировкадан єткєрүү боюнча келишимге кол койгонбуз. Быйыл Хэбейге менин иш сапарымдын учурунда Кыргызстандын дары чєптєрүн бирге иштетүү боюнча да келишимге жетиштик. Айтор, кытайлык кесиптештер менен иш улантылып жатат.

Ушул сыяктуу байланыштар Новосибирск университети менен да түзүлгєн. Түркиянын эки-үч медициналык жогорку окуу жайлары менен алакабыз бар. Киев жана Алматадагы кесиптештерибиз биз менен такай тажрыйба алмашып турушат. Женева университетинин медицина факультети менен бир нече жылдар бою дипломдон кийинки окутуу жагынан үзүрдүү кызматташып келатабыз. Атүгүл алардын жардамы менен єзүбүздє дипломдон кийинки үзгүлтүксүз окутууну кийиргенбиз. Аны жакында швейцариялыктар оӊ баалап кетишти.

– Маегиӊиз үчүн ыракмат.

 

Артыгалы МУРАТАЛИЕВ,       КР Журналисттер жана Жазуучулар союздарынын мүчєсү,

врач-хирург-эксперт.

Поделиться

Комментарии