ХИМИЯ

  • 02.08.2013
  • 1

Химия предмети мектепте окутулуучу башка предметтер сыяктуу эле окуучуларды инсан катары калыптандырат. Мектептин алдына коюлган негизги максаттарга жетүү үчүн химия предметин окутуунун милдеттери окутуунун билим берүүчүлүк, тарбия берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк бирдиктүү кызматтарынын позициясында ишке ашырылат.

Мектептин химия курсу окуучуларды илимдин негиздери менен тааныштыруусу зарыл, б.а. :

— окуучулардын химиялык закондорду, теорияларды, түшүнүктөрдү аӊ сезимдүү өздөштүрүүсүн, химия илиминин методдору менен тааныштырууну камсыз кылат;

— дүйнөгө илимий көз карашын калыптандырат, ошондой эле химиялык билим берүү — ар бир адамга зарыл болгон маданияттын милдеттүү элементи болуп саналат;

— эмгекти сүйүүгө, адеп ахлактуулукка, предметти сүйүүгө, жаратылышка сарамжалдуу мамиле кылууга, илимдин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар экендигин урматтоого, жалпы адамзаттык баалуулуктардын приоритетин түшүнүүгө тарбиялайт;

— окуучулардын ой жүгүртүүсүн, билимге ээ болуудагы өз алдынчалыгын, чыгармачыл активдүүлүгүн өнүктүрөт;

— эл чарбасын химиялаштыруунун негизги тармактары, курчап турган чындыктагы химиянын маанисинин жогорулап бара жаткандыгы тааныштырууну камсыз кылат, хемофобияны жеӊүүгө көмөк берет;

— окуучулардын практикалык билгичтик жана көндүмдөрүн, предметтик компетенцияларын калыптандырат, болочок кесибин туура тандоого даярдайт.

Окуучуларды химия предмети боюнча жалпы билимге даярдоо 8–9–класстарда ишке ашырылат жумасына 2 сааттан кем эмес убакыт бөлүнөт. Көрсөтүлгөн сааттардын саны негизги мектепте мазмундун милдеттүү минимумуна камтылган окуу материалдарын окуп үйрөнүүгө каралган. Окуу материалын тереӊирээк окуп үйрөнүүгө базалык программанын вариативдик бөлүгүнөн пайдаланууга болот. Бул, мектепте химия боюнча билим берүүнүн экинчи этабы болуп саналат жана ал жогорку класстарда (10–11-класстарда) химиядан билим берүүнүн улантуунун негизин түзөт. Ошондуктан химия предметин окутуунун экинчи этабы жалпы билим берүүчү бардык окуу мекемелерине милдеттүү жүктөлөт.

Жогорку класстарда окуучулардын химия боюнча билимдери химиянын системалык курстарын окуп үйрөнүү аркылуу өнүктүрүлөт. Алар теориялык жактан жана прикладдык багыттуулугу боюнча ар түрдүү болушу мүмкүн. Бул этап, мектепте химиялык билим берүүнүн үчүнчү этабы болуп саналат. Болочокто жогорку класстарда химия предметин профилдик дифференцирлөө принциби менен окутуу мүмкүн. Химияны милдеттүү түрдө окутууга 10–11 класстарда жумасына 2 саат бөлүнөт. Химияны профиль боюнча жогорку теориялык жана профилдик деӊгээлде окутуу зарыл болсо, аны дагы базалык окутуу программасынын вариативдик бөлүгүнүн эсебинен көбөйтүү мүмкүн.

2013–2014 окуу жылына карата мектепте предметтердин анын ичинде химияны окутууну оптималдаштырууга байланыштуу окуу пландары өзгөргөн болчу. Натыйжада бул убакытка чейин 8–класста химия предметин окуп үйрөнүүгө 3 саат бөлүнүп келсе өткөн окуу жылында 2 саат гана бөлүнгөн. Жаӊы 2013–2014 окуу жылында окуу планында көрсөтүлгөндөй 8–класста химия курсун окуп үйрөнүүгө жумасына 2 саат бөлүнөт, окуу жылында баары биригип 68 саатты түзөт.

2013-2014–жылы базалык программада окуу материалдарынын ирети өзгөртүлдү. Мисалы, 8–класста 6-бөлүмдөгү Галогендер эӊ акыркы 9-бөлүмгө жылдырылды.

9–класста өткөн жылкы 8–класстын материалдарын кайталоого 3 саат, 5- бөлүмдөгү “Элементтердин химиясы” темасына 13 саат, 6-бөлүм  “Органикалык бирикмелер боюнча алгачкы түшүнүктөр” темасына 7 саат бөлүнүп, ушул бөлүмдөгү практикалык сабак алынып ташталды.

10–класста жыл башындагы кайталоо 1 саатка кыскартылды. 4-бөлүмдөгү “Жыпар жыттуу углеводороддор”(4 саат), темасынын ичиндеги “Углеводороддордун табигый булактары” темасы өзүнчө бөлүнүп 2 саат берилди. 5 — бөлүмдөгү “Жогорку молекулалуу бирикмелер”эӊ акыркы 9 — бөлүмгө которулду.

11–класста 2013–2014 окуу жылында “Жалпы химия” курсун окутуу улантылат. 2014–2015 окуу жылында 11 класста “Жалпы химия” курсунун ордуна Химиялык билим берүүнүн мамлекеттик стандартында белгиленгендей “Адам тарабынан заттарды жана химиялык реакцияларды таанып билүү жана колдонуу”блогуна ылайык окуу материалынын мазмуну өзгөрүшү күтүлөт. Ошол себептүү 2013–2014 окуу жылында 10–класстын химия курсун окуп үйрөнүү “Татаал эфирлер . Майлар” темасы менен бүтүрүлүп келерки окуу жылында 11–класста “Углеводдор”, “Азоту бар органикалык бирикмелер” жана “Жогорку молекулалуу бирикмелер”темаларын окуп үйрөнүү улантылат. Андан ары жогоруда аталган блокко тиешелүү окуу материалдары окулуп үйрөнүлөт.

9-10–11-класстарда химия предметин окуп үйрөнүүгө мурдакыдай эле жумасына 2 сааттан бөлүндү. Химия мугалимдери мектепте химиялык билим берүүнүн системасын билүүлөрү зарыл.

2013-2014-окуу жылында колдонулуучу химия боюнча окуу программасы, химиялык билим берүүнүн мазмунун оптималдаштыруу, экологиялаштыруу, маданияттык, компетенттүүлүк, иш аракеттик мамиленин өӊүтүндө жаӊыланган Мамлекеттик стандарттын негизинде кайрадан каралып , оӊдолуп, толукталып басмага даярдалат. Анын негизинде окуу китептери, окуу методикалык колдонмолор кайрадан түзүлөт.

Окуу материалдарын пландаштырууда спецификалык химиялык түшүнүктөрдүн минималдуу санын кошуу принцибинин негизинде башка окуу дисциплиналарынан билимди максималдуу айкалыштырууну эске алуу зарыл.

Учурда предметтик мазмунду оптималдаштыруу шартында химия предметин башка табигый жана гуманитардык предметтер менен интеграциялап окутуу боюнча тажрыйбалар пайда болууда. Ошол себептен жалпы орто билим берүүчү мектептерде химия предметин башка предметтер менен интеграциялап окутуу аракеттерине үйрөнүү зарыл. Өзгөчө түрдүү предметтерде кайталануучу темалар болгондо, мисалы, “Заттын түзүлүшү”, “Атомдун түзүлүшү” физикада да , ошондой эле химияда да окутулат. “Аминокислоталар, белоктор, нуклеин кислоталары” химияда да, биологияда да окутулат. Мындай темаларды интеграциялап окутуу жакшы натыйжаларды берет.

Учурдагы мектепте жаш муундарды реалдуу жашоого даярдоодо экологиялаштырылган, табигый математикалык циклдеги предметтердин ролу өсүүдө. Ошол себептүү окуучуларды, табигый илимдердин жетишкендиктерин өндүрүштүк жана жашоо тиричилик чөйрөсүндө аӊ сезимдүү пайдаланууга даярдоо максат коюулууда. Табигый-математикалык циклдеги предметтерди мамлекеттик стандартта жана окуу программалары аркылуу экологиялаштыруу иши  жүргүзүлдү. Окуу материалдары буга чейин окуу планында бөлүнгөн саттардын чегинде окутулат. Ар бир класста 5 сааттан резервдик убакыттар каралды.

Химия курсун окуп үйрөнүүдө Д.И.Менделеевдин мезгилдик системасынын алгачкы, кыска жана эл аралык узун формаларын колдонуу зарыл. Химия  предметинде каралган демонстрациялык, лабораториялык, практикалык иштер менен катар, химия мугалимдери микроилимий экспериментти, старттык экспериментти өздөштүрүү үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүүлөрү зарыл.

Август кеӊешмесинде химия мугалимдеринин секциясында төмөнкү актуалдуу маселелерди талкуулоо сунуш кылынат:

— мектептин химия предметинин базалык программасындагы мазмундук – структуралык өзгөрүүлөр;

— окуучулардын жетишкендиктерин баалоого жаӊыча мамиле кылуу проблемалары;

— химия предметин тереӊдетип жана профилдик окутууга өтүүнүн маселелери;

— окуучулардын компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү проблемалары;

Сунуш кылынуучу окуу программалары, окуу китептери, окуу методикалык колдонмолору: (Кыргыз тилиндеги мектептер үчүн)

1. Химия. Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн программа (8–11 класстар). Бишкек. “Билим” 2012. (түзүүчүлөр: Кособаева Б., Жакышова Б., Рыспаева Б., Кудайбергенов Т.Т.).

2.Орто мектептерде химия боюнча тереӊдетилген билим берүүнүн программасы (8-11 класстар үчүн), (түзүүчүлөрү: Кособаева Б.М., Молдогазиева С.М., Иманкулова Г.И.) 28 – 81 б.;

3.Табигый-математикалык багыттагы класстар (мектептер) үчүн экологиялаштырылган химия курсунун программасы (8-11 класстар), (түзүүчү Кособаева Б.М.) 82-124 б.

4. Б.С. Рыспаева, К Р. Рысмендеев. Химияны тереӊдетип окутуу боюнча программа.  Бишкек. 2011.

5. Орто мектептерде химия боюнча базалык билим берүүнүн программасы, (түзүүчүлөр: Кособаева Б.М., Жумалиева Ч.И., Жакышова Б.Ш. кайрадан каралып, оӊдолуп, толукталып жарык көрдү. Бишкек, «Билим куту»,   2006-, 2008-, 2009- жылдар.

1. Кособаева Б.М. Химия: Орто мектептин 8-кл. үчүн окуу китеби. – Бишкек: Шам, 1999.

2. Кособаева Б.М. Орто мектептин 8-кл. үчүн окуу китеби. – Бишкек: Билим,  2006.

3. Кособаева Б.М. Орто мектептин 8- классында химиядан базалык билим берүүнүн методикасы.-  Бишкек:  Технология, 2001.

4. Исмаилова С.И. ж.б. Орто мектептин 8-кл. үчүн окуу китеби. – Бишкек:  Билим- компьютер, 2009.

5. Исмаилова С.И. ж.б. 8-класста химияны окутуунун методикасы. Бишкек:  Билим- компьютер, 2009.

6. Кособаева Б.М., Жакышова Б.Ш. Химия сабагында колдонулуучу окутуу каражаттарынын системасы.-  Бишкек: Билим, 2005.

7. Сулайманкулов К.С. Кособаева Б.М. Орто мектептин 9-кл. үчүн окуу китеби. – Бишкек: Педагогика. 2006.

8. Фельдман Ф.Г., Рудзитис Г.Е.  Орто мектептин 8-кл. үчүн окуу китеби. – М.:   Просвещение, 1995.

9. Фельдман Ф.Г., Рудзитис Г.Е. Орто мектептин 8-кл. үчүн окуу китеби. – М.:   Просвещение, 1996.

10. Фельдман Ф.Г., Рудзитис Г.Е. Орто мектептин 9-кл. үчүн окуу китеби. – М.: Просвещение,1996.

11. Фельдман Ф.Г., Рудзитис Г.Е. Орто мектептин 10-кл. үчүн окуу китеби.– М.:   Просвещение,1996.

12. Фельдман Ф.Г., Рудзитис Г.Е. Орто мектептин 11-кл. үчүн окуу китеби. – М.:  Просвещение,1996.

13. Цветков Л.А. Орто мектептин 10-кл. үчүн окуу китеби. – М.:  Просвещение, 1996.

14. Ходаков Ю.В. ж.б. Орто мектептин 8-кл. үчүн окуу китеби. – М.: Просвещение,  1984.

15. Ходаков Ю.В. ж.б. Орто мектептин 8-кл. үчүн окуу китеби. – М.:  Просвещение,  1984.

16. 1984.

17.  Молдогазиева С.М. ж.б. Орто мектептин 10-кл. үчүн окуу китеби. – Бишкек: Шам,   2008.

18. Кудайбергенов ж.б. Орто мектептин 11-кл. үчүн окуу китеби. – Бишкек: Шам,   2008.

19. Б.С. Рыспаева, К Р. ж.б. Рысмендеев Химия  8- класс. Окуу китеби.  ( Химиядан тереӊдетилген билим берүү класстар үчүн). Бишкек. 2006.

20. Б.С. Рыспаева, К Р. Рысмендеев. Химияны тереӊдетип окутуу боюнча программа.  Бишкек. 2001.

21. А.О. Абдыкапарова, Б.М. Кособаева  ) “Химия жана биология предметтери боюнча болочок мугалимдерди даярдоонун  экологиялык багыттуулугу” Бишкек. : Гүлчынар. 2011.

22. Жакышова Б.Ш., Рыспаева Б.С. Химияны окутуу процессинде педагогикалык технологиянын элементтерин колдонуу Бишкек., “Максат”. 2012.

Б.Кособаева,

Б.Жакышова,

Б.Рыспаева

Поделиться

Комментарии

Айганыш Коргонбаева / 19.08.2014 10:11
8-класстын баардык программаларын бере аласыздарбы?