«Файэрфлайздын» жаӊы ийгилиги

  • 15.08.2013
  • 0

IMG_7548

Акөргөлүк балдардын англис тили студиясынын алдында түзүлгөн «Файерфлайз» вокалдык тобу республикалык «Бөбөктай» телесынагынын лауреаты деп табылды.

Көптөгөн таланттуу бөбөктөрдүн келечек тагдырына багыт берген бул телесынактын уюштуруучусу, СТВ каналынын башкы директору Каныбек Абдыкадыровдун айтуусунда, аталган сынак эки турда өтүп, финалдык бөлүккө таланттуулардын таланттуулары, чыгаандардын чыгаандары тандалып алынып, теледен жалпы жумурай журтка өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. «Демөөрчүлөр бир да баланы, бир да чыгар­мачыл топту белексиз калтырышпады. Баарына бирдей тиешелүү дипломдор, баалуу белектер берилди. Анткени булардын баары алдыга суурулуп чыккандар болчу»,-дейт Каныбек Жумабекович.

Бул күнү сыйлык менен сыймыкка бөлөнгөн жаш таланттардын ичинде өспүрүм манасчы Майрамбек уулу Эльдар, кичинекей бийчи кыз Аскарбекова Ясмина, Сокулук районундагы Жаӊы-Жер орто мек­тебинин 8-классынын окуучусу Улукбек Тургунбеков да бар. Улукбек аккардеонду атасынан үйрөнгөн. Келечекте музыкалык билим алууну дегдейт.

Кыял демекчи, акөргөлүк балдар-кыздардын да келечек максат­тары бийик, кол жеткис. «Файэрфлайздын» жаш ырчылары – Азамат, Алтынай, Адилет, Бегимай, Кайрат, Жамила, Ислам жана Эльдар орто мектепти аяктаган соӊ, Американын, Европанын атактуу окуу жайла­рынан билим алууну каалашат. Азырынча алар англис тилин тереӊдеп үйрөнүү менен бош убактыларында Америка ырларын ырдоону адатка айлантышкан. «Аракет кылсаӊ, берекет» дегендей, таланттуу балдар өткөн жылкы Америка ырдарынын сынагында көпчүлүктүн көзүнө илинсе, быйыл телесынактын лауреаты аталышты.

А.АЛИБЕКОВ, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии