ЭРКЕ ЄСКЄН БАЛАНЫН ЭРТЕӉИ… (“Манастагы” Бокмурундун сабагы же элдик эпостогу эмгек тарбиясы жєнүндє)

  • 22.08.2013
  • 0

“Эмгек эрезеге жеткирет”, “Эмгек  — эрдин кєркү, эр – элдин кєркү” – деп айтылат элде. “Манаста” єз эмгек-мээнети менен кєгєргєн, эсепсиз береке –байлыкка бєлєнгєн Кєкєтєй бай менен кырк миӊ жылкылуу бай Жакып даӊаза кылынып айтылат. Ошону менен бирге эпосто эмгек этпей, мээнет тартпастан даяр оокаттын үстүндє ойноп-күлгєн бекерпоздук, куурай башын сындырбай белен эт-майдын үстүндє чалчаӊдаган эркелик сынга алынат. Буга “топозу токсон миӊ болгон” ошол эле хан Кєкєтєйдүн баласы Бокмурундун образы күбє.

Бокмурун “Кайыпчынын белинен, кайнаган ысык чєлүнєн” таап алган Кєкєтєйдүн жалгыз бакма баласы. Кєкєтєй талаадан таап багып алган жалгыз уулун бардык жагынан бапестеп, кєзүнүн агы менен теӊ айланып, эрке єстүрєт. Бокмурун  кара жумуш деген эмне экенин билбей, түйшүк тартып түйшєлбєй, алтын-күмүшкє бєлєнүп, “ак кол” болуп, эрке талтаӊ чоӊоёт. Бирок эмгексиз эрке єскєн Бокмурунга эс кирбейт. Чоӊоюп жигит болсо да, турмуштун єйдє-тємєнүн, ысык-суугун кєрбєгєндүктєн Бокмурун эч нерсенин баркын билбейт. Мына, Бокмурундун єзүнүн сєзүн тыӊшай кетели:

Эркелик менен ар качан,

Эртеден кечке уктадым.

Эркелик менен жаш жүрүп,

Эчтеме туйбай мас жүрүп.

Эл кадырын билбедим!

Жуулбастан кирдедим,

Журт кадырын билбедим!

Баса, айта кетели, “Манастагы” Бокмурундун бул мисалы педагогикалык психология илиминин баланы эмгексиз, эрке єстүрүүгє байланышкан тємєнкүдєй корутундусунун чындыгын ырастап турат: “Серьезным изъяном в семейном воспитании являются случаи, когда родители почти полностью снимают с детей домашние трудовые объязанности. Ребенок в этих случаях становится центром, вокруг которого (и ради которого) вращается вся семейная жизнь. Любой его каприз выполняется родителями, и он постепенно привыкает к мысли, что взрослые работают и живут только для него, для его беззаботного существования. Сам реальный опыт семейный жизни формирует у детей в таких семьях потребительские отношение к жизни, извращенное, ложное представление о ценности собственной личности” (Педагогическая психология – Москва, Наука, 2006, 219-бет).

“Эрке бала эрте бузулат” деп элде айтылгандай, бапестеп баккан атасы Кєкєтєй ооруп, єлүм алдында жатса, Бокмурун кыз издеп Ооганга кетип калат. Ал үчүн баары жеӊил, баары оӊой, баары текейдей арзан. Ошол турмушту арзан кєрүп, бардыгы мен каалагандай болот деп дєєгүрсүп, кєпкєндүктєн, ал алабармандык менен баштаган “Кєкєтєйдүн ашы” адегенде эле чыр менен башталып, аягы чыр менен бүтүп, эӊ соӊунда “Чоӊ Казатка” алып келет.

Бакма баласын эрке єстүргєн кемчилигин моюнга алып, Кєкєтєй єлүм алдында минтип єкүнєт: “Жалгыз балам Бокмурун, башынан билем шоктугун, баламда акыл жоктугун”.

“Эмгексиз тапкан мал эсепсиз кетет” дегендей, єз маӊдай тери менен иштеп тапкан дүнүйєсү болбогондуктан, “арзандын сорпосу татыбайт” болуп, Бокмурун кийин Кєкєтєйдүн сан жеткис дүнүйє-мүлкүн, эсеп жеткис тєрт түлүгүн каалагандай чачып, жок кылат. Кєкєтєйдүн єзүнүн: “Бир адамдын ырыскы, бирєєгє ырыс болбойт, башка адамдын дүйнєсү, башкага дүйнє болбойт” деген сєзү чын болуп чыгат.

Кенедей түйшүк тартпай, ак нандын үстүндє эрке єсүп, “карга баласын аппагым дейт” дегендей, үстүнє үзүлүп түшкєн бай атасынын долларына ысуулап, эчтекеге эмгеги єтпєй туруп, укмуштуудай кымбат машинада чалкалап-чалчаӊдаган далайлаган бүгүнкү эсирген єспүрүмдєр кимге тааныш эмес. Жакшы деген эмне, жаман деген эмне деген менен иши жок, кєздєрү тумандаган мындай жаштар канчалаган адамдарды “жиптери” менен койдуруп кетип, анан атасынын байлыгынын күчү менен жазадан кутулуп кетип жатышат. Ушундай эмгексиз, мээнетсиз Бокмурундардын чардаган жайлары – сауналар, түнкү клубдар, казинолор. “Мушташуу, бирин-бири курал менен коркутуу, зордуктоо мунун баары түнкү клубдарда болот. Чириген байлардын балдары келип, клубга кирип, атайын сулуу кыздарды карап, жанында жигити болсо да, аны коркутуу жолу менен кызды алып чыгып, эч ким жок жерге алпарышып, зордукташат” (“Мекен” газетасы, 6-март, 2013-жыл). Мынакей, бардыгын арзан кєргєн, оӊой кєргєн, жатып ичээр болуп, белендин үстүндє, турмуштун єйдє-тємєнү менен иши жок, эрке-талтаӊ єскєн чүрпєлєрдүн чоӊойгондогу нравасы.

Ушул контекстте алганда кинорежиссер Актан Абдыкалыковдун тємєнкү оюн эске түшүрє кетүүнүн ылайыгы бар. Кинорежиссер минтип жазат: «Балдарым жєє жүрєт, мен эч качан мектепке, ЖОЖго машине менен алпарбайм. Кээде таӊ калам, «баламды мектепке алпарам, апкелем» дегендерге. Балдардын єзүнүн ырыскысы бар, биз балдарга үзүлүп түшүп, ырыскысына ырыскы кошкубуз келип, бирок ошо ырыскыны жоготуп алып атпайбызбы. Ырыскыны Кудай жєн бербейт да, ага бала эч кимдин жардамысыз, єзү аракет кылышы керек, мээнети жок эле ырыскыны чалчаӊдатып ата-эне берип атса, ал эс тартканда эмне болот? Азабын тартат. Менин балам деле айтат, «тигинин баласы машине тээп жүрєт, мага деле сатып бер» деп, мен айтам: «Үйүӊ бар, тамагыӊ бар, ата-энеӊ аман-эсен, окууга барганга тыйын-тыпырыӊ бар, анан каалайсыӊбы, єзүӊ иштеп, мээнет кылып сатып ал» деп. Кеп акча аяганда эмес, турмушту туура түшүнсє, жашоонун ачуу-таттуусун сезе билсе дейм» («Республика», 19.10.2001). Чүрпєлєрдү тарбиялоодо ар бир ата-эненин Актан Абдыкалыков түшкєн ушундай жолго бурулганы оӊ дегибиз келет. Жанагы Алтайдагы Жакып менен Чыйырдыны кайрадан эстейличи. Кырк миӊ жылкылуу бай ата-энени жалгыз бала Манасты канаттарынын алдына калкалап, тумшуктууга чокутпай, туяктууга тептирбей, куурай башын сындыртпай, Бокмурун сыяктуу эркелетип єстүрүшү мүмкүн эле. Бирок Жакып менен Чыйырдынын ойлоо образы башка болучу. Алар «Мээнет менен жан багыш – адамдыктын белгиси» деген эл накылынын нугунда ойлонгон инсандар. Ата журтунан зордук менен ажыратылып,  Алтайдын Ак-Талаасына кул, туткун катары айдалып келген бир ууч кыргыз менен бирге, итке минген жакырчылыкка, ачкачылыкка туш болуп, бирок акыры єз күчтєрү, єз таман акы, маӊдай терлери менен оокаттуу болуп, бара-бара 40 миӊ жылкы күтүп, сандыгын алтын-күмүшкє толтурууга жетишкен бул үй-бүлє эмгек деген нерсенин баркын жакшы түшүнгєн. Жакып менен Чыйырды эмгектин баланы тотуктуруучу, бышыктыруучу, чыйралтуучу күчүн, жашынан мээнеттүү болсо, чоӊойгондо дєєлєттүү болорун, бала кичинесинен эмгекке жатыкса, башына бакыт конорун єз тажрыйбалары аркылуу тереӊ билишкен кишилерден эле. Мына ошон үчүн бала Манастын тарбия-таалим үчүн Ошпурга койчулукка берилиши Жакып менен Чыйырды үчүн кандайдыр бир кокустук эмес, толук мыйзам-ченемдүү нерсе. Ошпурга баланы берердин алдында Жакып Чыйырдыга минтип акыл салып турат:

«Мал азабын балага,

Бир тарттырып кєрєлү.

Жайлоодогу койчуга,

Алты ай малай берели.

Эркелетип отурбай,

Катыктырып кєрєлү.

Сєз айтууга жатыксын,

Сєєгү бышып катыксын».

Бул сєздєрдєн жана ата-эненин Манасты койчу Ошпурдун колуна берүү жєнүндєгү чечиминен Жакып менен Чыйырдынын эмгек деген нерсени єйдєкүдєй элдик философиянын духунда адамдын адам болушунун жолу, каражат-куралы катары түшүнүшкєндүгү ачык-айкын кєрүнүп турат. Мына ошентип, Манас Ошпурдун колунда тєрт жыл жүрүп, 12 жашка келет. Кыскасы, малчылыктын кыйын-кезеӊ, түмєн түйшүктүү жумушу бала Манастын “балтыр эти толуп” тотугушуна, кагылып-согулушуна, жаштайынан турмушка күйдүм-быштым болушуна, кайралып-бүлєнүшүнє” чоӊ сүрєє болуп, жемиштүү таасирин тийгизген. “Окуган билбейт, токуган билет” дегендей, Манас єзүнчє турмуштук тажрыйба күтүп, эмгек мектебинен Жакып атасы күткєндєй, “сєз айтууга жатыгып, сєєгү бышып катыгып”  чыкты. Ошпурдун колунда жүргєн кездеги тарбия-таалимден чыккан натыйжа “Манаста” бир-эки сап менен: “Ошпурга барып эр болду, эр уулу менен теӊ болду” деп жыйынтыкталат.

Байкасак, соӊку кыргыз тукуму, єйдєкү Актан Абдыкалыков да байыркы Жакып ата менен Чыйырды эненин баланы жашынан єз алдынча мээнетке үйрєтүү аркылуу киши кылуу жєнүндєгү оюнун духунда акыл чуркатып жатат.

Жеӊижок бир ырында эмгек жєнүндєгү єзүнүн оюн чегине жеткире минтип таасын айткан:

Адал эмгек – динибиз,

Ата-баба – пирибиз.

Ємүрү бүтпєйт тирилик

Жаралган адам эмгектен

Жарыша иштеп, түрүнүп.

Акындын ою боюнча адамды адам кылып жараткан эмгек экен. Мындай ой адам баласынын жаралышындагы эмгектин ролу  жєнүндєгү дүйнєлүк акылман ойлор менен үндєшүп турат. Адамды адам кылып эмгек жаратып жаткандан кийин инсан эмгекти кантип дин катары, туу катары тутунбай коё алат? Демек, адал эмгектин кулу болуу – адамдын адеп-ахлагынын кєрсєткүчү. Жеӊижок чыгармаларында даӊазалап ырдаган колунан кєєрү тєгүлгєн, албан түрдүү буюмдарга не бир кооз кыял-сүрєттєрдү чєгєргєн, жез оймок, «ак болот ийне саптаган, ак макмал кєрпє каптаган» эмгекчил керемет уздар – руханий сулуулуктун символу. Эмгекке сыйынуу, эмгекти дин тутуу философиясын, адал эмгекти жер үстүндєгү бардык жакшылыктардын булагы катары эсептеген адеп-ахлакты Жеӊижок атабыз кезегинде улуу “Манастан” мурастап алган.

Эмесе, “Манаска” дагы кайрылалы. Кытайлык Алооке хандын кандуу алааматынын айынан “колу артына байланып, кой ордунда айдалып” Ала-Тоодон Алтайга сүрүлүп келген кыргыздар “Алдыга салса ак жолтой, сүйлєгєнү–жарыя, калыӊ кыргыз ичинде, кадыры бийик карыя” Акбалтанын айланасына баш кошот. Алтайга келип, ач-жылаӊач, карып болуп, не кыларын билбей, айласы куруп турган элге кайрылып, Акбалта: “Медер кылып жүрүүчү, белгилүү кыргыз  элиӊ жок, керүүгє тиккен багыӊ жок, керсейип жүрєр чагыӊ жок, талаага тиккен багыӊ жок, дардайып жатар чагыӊ жок, эмгек кыл балдар, эмгек кыл, акыӊды эмгек кайырат, арыганыӊ семирет, ачкан курсак тоюнат, алтындын кенин казалы, кетмендеп жерди оёлу, жан аябай турушуп, аябай жанды багалы, кар жер менен урушуп” деп  боордошторуна жалындуу чакырык таштайт. Ал арып-азган кыргыздардын аман калышын дыйканчылык кылуудан кєрүп, кєпчүлүктү артынан ээрчитип, аларды єлбєй тирүү калуу єздєрүнүн колунда экендигине ишендирип, “кара жер менен урушууну” (дыйканчылык ишин) чечкиндүү түрдє уюштурат. Акбалтанын демилгесин Ороздунун уулу Жакып: “азып келген кыргыздар, Акбалта тилин алалы, агызып терди маӊдайдан, аштыкты кенен салалы, кайгынын баарын коёлу, кара жерди биз быйыл, кетмендеп жатып оёлу”, – деп катуу колдойт. Бир сєз менен айтканда, кыргыздар түн уйкусун, күн тынымын билбей, ємүр же єлүм деп “тєбєсү менен жер казган” єжєр эмгек-мээнеттин натыйжасында акыры экономикалык жактан бутуна туруп, жок болуп кетээрде ушинтип, єздєрүн єздєрү эл катары сактап калууга жетишишет.

Кыйырып айта кете турган нерсе, алтайдагы кыргыздардын  тагдыры кылдын кырында кылтылдап турганда, оор кризистен кантип чыкканы бүгүнкү эгемендүү кыргыздардын жетекчилерине жана жакырчылыктан жабыркаган элибизге орчундуу сабак. Бүгүнкү күндє кээ бир ак калпакчан атуулдардын кыргыздар эмгекчилдиктин єрнєгүн кытайлардан, япондордон, немистерден же дунган, корейлерден үйрєнүшү зарыл деп газеталарга жазышкандарына, телеэкрандан сүйлєгєндєрүнє күбєбүз. Биз, тескерисинче, азыркы кыргыз тукумдарына эмгекчилдиктин, күн-түн тынбаган мээнеттин үлгүсүн дал ушул «Манастан» алуу керек деп айтаар элек. Экономикалык жактан оӊолуш үчүн єрнєк-үлгүнү башка жактардан эмес, єз коломтоӊдон  издегениӊ эп, єз рухий мурасыӊдын философиясын тереӊ үйрєнгєнүӊ жєн дегибиз бар. “Манаста” кыргыз жери  Ала-Тоо  — береке экен, бел экен, пенде кєрчү жер экен, жердеген адам бай болор, түгєнбєс ырыс-кен экен”, — деп мүнєздєлєт. Бирок айта турган нерсе, албетте, ушул жерди адам жєн эле конуштаса эле, жердесе эле ал єзүнєн єзү ырыска тунуп, бай болуп калбас. “Манастын” кєркємдүк-образдык логикасынан ушул жерди барктап-баалап, кадырына жетип, чекеден тер агызган ак эмгек менен бул жерди кетмендеп иштетип, єйдєтєгү Алтайга ооп барган кыргыздарчылап Ала-Тоодо “тєбєсү менен жер казып”, түйшүктєнсє гана адам ырыс-кешикке, түгєнбєс береке-байлыкка ээ болмок деген идея чыгып турат. А азыр эгемендүүлүктүн учурунда болсо, минтүүнүн ордуна “жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы” делген берекелүү асыл жерибизди таштап, оӊой табылчу оокат издеп, бакытты башка жактан табам деп, чоочун жактарга тентип кетип жатышкан кыргыз жарандарына таӊ калбай коё албайсыӊ.

Биз улуу эпосубуздун ушул эмгек идеологиясы менен куралданууга тийишпис. Атуулдарды, балдарды «Алма быш, оозума түш» психологиясынан, жанбактылык, элеттик эндекейлик, камырабастык, эринчээктик, даярга тап коюу сыяктуу илдеттерден арылта турган, аларды балыкты жегенге эмес, балыкты кармаганга үйрєтє турган идеология “Манаста” жатат. Єлкєнүн эртеӊки экономикасын бүгүнкү єсүп жаткан муундар жасайт. Балдарыбызды жаштайынан “Манастагыдай” єз күчүнє таянуу, єз бактысын єзү куруу, рынок заманында эртелеп эмгекке бышыгуу, єзүнүн жеке бизнесин, экономикасын жаратуу, єзүнүн “боз соолугуна” ээ болуу, материалдык-экономикалык кєз карандысыздыкка жетишүү идеясына тарбиялоо максатка ылайык.

Жалпылап айтканда, “Манастын” таалим-тарбия сабагынан, биринчи иретте, эмгек – бул баланы адам катары калыптандыруунун, киши кылуунун, атуул катары жетилтүүнүн бирден-бир жолу, анын эрешен тартып эр болушунун, эр уулу менен теӊ болушунун” күчтүү куралы деген педагогикалык-философиялык логиканы бурчатпай туюп, кєӊүл чордонуна кармашыбыз абзел. Экинчиден, эмгек жєнүндє кургак насаат айтуу менен чектелбестен, чүрпєнү кичинекей кулунчак кезинен колу менен жумуш жасоого үйрєтүүнүн, баланы эмгек мектебинен єткєрүүнүн зарылдыгы жана жеткинчектин тагдыры үчүн єтє маанилүүлүгү жєнүндєгү осуятты “Манастын” бизге тартуулаган идеялык мурасы катары кабылдап, тарбия практикабызда эскирбес эреже катары тутунушубуз керек. Бүгүнкү илимий педагогиканын баланын туура уюштурулган индивидуалдуу эмгек ишмердиги аркылуу гана анын социалдашуусу ийгиликтүү ишке ашат деген идеясынын тарыхый тамыры “Манаста” жатат.

 

Советбек БАЙГАЗИЕВ,

“Кутбилимдин” баяндамачысы

Поделиться

Комментарии