БРИТАН ОКУУЧУЛАРЫ СЕКС ЖӨНҮНДӨ БИЛИМ АЛАТ

  • 13.03.2015
  • 0

Британ өкмөтү мектеп окуучуларын жыныстык байланыштын негиздерин окутууга кеӊеш берген көрсөтмө чыгарды. Ага ылайык 11 жаштан кийинки окуучуларга “жыныстык катнашка качан макул болуу керек” дегендей темалар окутулат.

Мындай  кадам  жыныстык катнаш жана ич ара мамилелер боюнча сабак бардык мектеп ку-рактагыларына милдеттүү түрдө өтүлүшү керек деген сунуш пар-ламенттик  билдирүүдө  жары-ялангандан  кийин  жасалууда. Би-Би-Синин үй-бүлө жана коом маселелери боюнча кабарчысы Жон Макманус жыныстык катнаш боюнча эртелей тарбия аркылуу өкмөт эмнеге жеткиси келип жа-тат? – деген суроону иликтеди.Британ коомунда жыныстык байланыштар маселеси ырбап турган учур. Теле экрандарда, жарнамаларда, атүгүл мектеп-терде да секс жөнүндө сүрөт, видеолорду көрүүгө болот. Бул өлкөдө порнографияга расмий түрдө тыюу салынган. Бирок ал интернет аркылуу оӊой эле та-былат.

Британиядагы сексуализация-нын бир белгиси – жашы жетелек кыздардын боюна бүтүп калуу көрсөткүчү. Британияда акыркы жылдары эртелей боюна бүтүп калган кыздардын саны азайып баратат. Маселен, азыркы учурда бул көрүнүш 1969-жылдан берки эӊ төмөнкү көрсөткүчтө.

Бирок  соӊку  иликтөөлөргө таянсак,  Европа  биримдигине кирген өлкөлөр арасында бул өлкө жашы жетелек кыздардын боюна бүтүшү боюнча төртүнчү орунда келатат.

Балдардын  кайрымдуулук уюмдары кандай болгон учурда да, өкмөттүн мектептерде жыны-стык катнаш боюнча сабактарды өтүү аракеттери бул маселени жумшартууга жардам берет деп эсептешет.

Кооптуу учурлар

Билим берүү министри Никки Моргандын айтымында, секс те-масына келгенде балдар катуу кысым алдында калышат. Аларга кооптуу учурларда жардам керек.

«Биз кыздарыбыздын били-мин гана жогорулатпастан, алар-ды Улуу Британиянын заманбап жашоосуна да даярдашыбыз ке-рек», — дейт ал жергиликтүү ге-зиттерге берген интервьюсунда.

Өлкөнүн  мыйзамдарына ылайык, 16 жашка чыкканга чей-ин жыныстык катнашка барууга тыюу  салынган.  Бирок,  ошого карабастан, мектеп жашындагы балдарга жыныстык мамиле түзүү жолдорун үйрөтүү керек деген пикирлер үстөмдүк кылат.

Негизинен эки кооптуу жагдай бар. Биринчиси, өспүрүмдөрдүн арасындагы жөнөкөй эле роман-тикалык мамилелер жыныстык канташка өтүп кетиши ыктымал. Анткени жаш адамдардын таби-яты ошондой. Бири-бирине катуу тартылат, бирок жыныстык бай-ланышка даяр болбойт.

Экинчиден,  жашы  жетелек кыздарды  сексуалдык  жактан колдонуу маселеси курч. Айта-лы, өспүрүм кыздарга сексуал-дык зомбулук көрсөтүлгөн бир катар фактылар боюнча изилдөө жүргөн. Сурамжылоого алынган чоӊ кишилер көпчүлүк кыздар сек-суалдык катнаштын курмандыгы болгонун өздөрү дагы байкабай калат деп айтышкан.

Британияда чоӊ кишилер жаш кыздарды жыныстык байланышка алдоо жолу менен тарткан фак-тылар катталган. Анда өспүрүм кыздарды алгач белек-бечкек ме-нен өздөрүнө имеришет. Андан соӊ “биз доспуз” деген шылтоо менен жыныстык байланышка көндүрүшөт.

Мектеп жашындагыларга жы-ныстык байланыш тууралуу сабак өтүүнү жактаган тараптар өкмөт мындай тарбиялык сааттарды милдеттүү түрдө окуу процессине киргизиши керек деп эсептешет.

Азыркы учурда эгер ата-эне-лер мындай сабактар диний ба-алуулуктарга жана адеп-ахлакка каршы келет деп эсептесе, анда балдарын жибербей коюуга укугу бар.

Кыргызстанда жыныстык билим берүүгө кандай карашат?

Кыргызстанда  мындан  бир нече жыл мурда мектеп окуучу-ларына  жыныстык  байланыш жөнүндө маалымат берген «Сергек жашоо» аттуу китеп нааразылык-тарды пайда кылып, тарбиялык сааттан алынып салынган. Ай-рыкча, диний өкүлдөр мындай са-бактар балдардын адеп-ахлагын бузат деп, каршылык билдирген эле.

Ал  эми  Британ  өкмөтүнүн мектептерге жыныстык мамиле жөнүндө сабак киргизип жатка-нын Кыргызстандагы дин өкүлдөрү кандай карайт?

Диний эксперт, Кыргызстан-дын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов балдарга бул багытта чыны менен эле билим берили-ши керек деп эсептейт. Бирок ал диний эрежелерге дал келгидей болушу шарт деп айтууда Би-Би-Сиге берген интервьюсунда.

«Бул тууралуу мусулманчы-лыкта кеӊири айтылган. Балдар-га атасы, кыздарга энеси, андан сырткары бир жыныстагы адам-дар – кыздарга аялдар, балдарга эркектер билим бериши керек. Ба-тышта көбүнчө кыздарга коопсуз сексти үйрөткөн, кантип боюна бүтүрбөй коюуга болот дегендей нерселерди түшүндүрүп олтуруп, жыныстык мамилелерге шыктан-дырып коюу коркунучу болуп жат-пайбы. Бул туура эмес.

Шариат боюнча, жыныстык ма-миле бойго жеткенде, үй-бүлөлүү болгондо,  никеден  кийин  гана болушу керек. Никелешүүдөн ки-ийнки жыныстык мамилелердин тартиптери, адеби жөнүндө сабак өтүлсө болот» , — дейт Чубак ажы.

К.А.

Поделиться

Комментарии