Бишкектин №33 орто мектебинде өрт чыкты

  • 15.08.2013
  • 0

11-августта Бишкектеги №33 орто мектебинин спорт залы өрттөнүп кетти.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалым болгон­дой, тилсиз жоо тууралуу маалымат саат таӊкы 5:50 чамасында келип түшкөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.

№33 орто мектеп 2011-жылы толук оӊдоодон өткөрүлгөн. Имарат кеӊейтилип, спорт залы өзүнчө курулган эле. Басма сөз кызматы тараткан расмий билдирүүлөргө ылайык, келип чыккан өрттөн окуу класстары зыян тарткан жок.

Өз маалыматыбыз.

Поделиться

Комментарии