БИОЛОГИЯ

  • 02.08.2013
  • 0

Бул жаӊы окуу жылында биологияны окутуу 2005-жылы бекитилген мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде алып барылат.

2013-2014 окуу жылы жалпы билим берүүчү мектептерде биологиялык билим берүү мамлекеттик стандарттын негизинде 2012-2013 жылы бекитилген окуу планы жана 2013 ж. кайрадан иштелип чыккан биология предметинин окуу программасы бул курсту окутуунун негизги документтери болуп саналат.

Ушул документтердин негизинде биология предмети 2013-2014-окуу жылы төмөнкүчө окутулат: быйылкы жылы 6-классты бүткөндөр «Өсүмдүктөр биологиясы» курсун толук бүтүрүштү. Эми алар 7-класс болгондо «Жаныбарлар» курсу гана окутулат. Ага мурункудай болуп өсүмдүктөр бөлүмүндөгү материалдар аралашбайт. 2012-2013-жылкы бекитилген окуу планында «Жаныбарлар» курсу жумасына 1 (бир) саатка кыскартылган. Кыскарылган вариант боюнча окутуу жолдору иликтенип, ага жараша түзүлгөн колдонмолор, иштелмелер август кеӊешмесине мектептерге сунушталат. Алар төмөнкүлөр: 1. 7-класста окутулуучу материалдын кыскартылган варианты киргизилип түзүлгөн биология курсунун программасы. 2. Окуу тематикалык план (календардык пландын үлгүсүндөгү). 3. «Биология: окутуу технологиялары, сабактардын иштелмелери» деген аталыштагы мугалимдер үчүн түзүлгөн методикалык колдонмонун кайрадан толукталып иштелген варианты. 4. Окуучулардын чыгармачылыгын  өнүктүрүүгө карата иштелген маселелерди биология сабагында колдонуу. 5. 7-класста окуу жүктөмүнүн кыскаруусун  эске алуу менен түзүлгөн жумушчу дептер.

2012/2013 жана 2013/2014 – жылдан баштап, биологиянын белгилүү бөлүмү бир гана класста окутулат. Башкача айтканда, 6-кл. «Өсүмдүктөр», 7-кл. «Жаныбарлар», 8-кл. – «Адам жана анын ден соолугу». Ал эми 9-кл. «Тириликтин мыйзам ченемдүүлүктөрү» деп аталган жаӊы бөлүм киргизилет жана жогорудай  өзгөрүү  2015/2016 — окуу жылына чейин этап менен жүзөгө ашырылат. Ал 2013-жылы жаӊы чыккан программанын 60- бетинде көргөзүлдү. Анын биринчи этабы быйылкы жылы төмөнкүчө болот:

 

Ал эми биологияны окутууда 8-9-10-11 класстарда өзгөрүү болбойт, жылдагыдай эле өз орду менен эле окутулат.

Жогоруда белгиленген мамлекеттик стандарттын негизги талабына ылайык үч багыт боюнча билимдин инварианттык өзөгүн түзгөн түшүнүктөр концентрацияланып, натыйжада фундаменталдык билим темадан темага, курстан курска калыптанып жүрүп отурат. Окуу процессинин бардык түрүндө, формаларында ушундай инварианттык өзөктү кармап окутууда фундаменталдык маалыматка ээ болуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Мунун жүзөгө ашырылуусунда баштапкы биологиялык түшүнүктөр кызмат аткарат. Инварианттык өзөктү кармап окутуу окуу жүктөмдү жеӊилдетүүнүн күчтүү фактору болуп оптималдаштырууга өбөлгө боло алат. Ал эми айрым мектептерде системалуу маалымат алуу компетенциясына анча көӊүл бурулбай, көбүнчө фактыларга басым жасалып, оюн театралдаштыруу жагы байкалат. Бул учурдун талабына карата биринчи орундагы эӊ орчунду маселе болуп эсептелет. Экинчиден окучуулардын билим алуу ыктарына ээ болуу жагына жетишээрлик көӊүл бурулбагандыктан, маалыматтты өз алдынча өздөштүрүү аракети толук баалуу натыйжа бербей жаткандыгы. Үчүнчүдөн окуу материалдык базаны түзүүдөгү мүчүлүштүктөр лабораториялык, практикалык иштерге кедерги болуусу. төртүнчүдөн, профильдик окутуу билим берүү системасына кирбегендиктен окуу процессинин мотивациялык чөйрөсү жарды бойдон калууда. Бул көргөзүлгөндөр боюнча КАОнун БМП лабораториясында колдонмолор, окуу иштелмелери материалдык база боюнча түзүмдөр иштелип даярдалган. (Алар кеӊешмеге сунушталат). Август кеӊешмесинде жогоруда белгиленгендерди жоюуга жолтоо болгон маселелерди талкуулоону сунуштайбыз: 1. Биология боюнча мамлекеттик стандарттын төмөнкү үч мазмундук багыты боюнча инварианттык өзөктү кармап фундаменталдык маалыматка ээ болууда баштапкы биологиялык түшүнүктөрдүн кызмат аткаруусу боюнча мугалимдер оз оюн ортого салып талкууга даярданууда төмөнкү тизмедеги китепти (7) пайдаланса болот. Анда баштанкы түшүнүктөр боюнча  билимди системалаштыруу жолдору берилген.

 

Биология курсунун мазмундук багыттарынын структурасы

 

2. Окуучулардын маалыматты өздөштүрүү боюнча илим тарабынан изилденген ыкмалар, көндүмдөр, алар боюнча колдонулуучу методдор, стратегиялар ж.б. окутуу технологиясынын жолдомолорун кеӊешмеде талкуулоого карата даярданууда ушул сунушта көргөзүлгөн адабияттардан (5) пайдаланса болот.

3. Биология боюнча азыркы учурдун талабына жараша иштелип чыккан окуу-материалдык базанын түзүмүн ар бир регион өзүнүн шартына жараша ыӊгайлаштыруу жолун талкууласа жана так конкреттүү сунуштар кабыл алынса.

4. Жогорку класстын окуучусунун өз кесип жолун  өзү тандоосу, анын жеке позициясы, өзүн өзү баамдап, келечекке кадам таштоосуна жол ача турган багыт-профилдик окутуу Республикалык масштабда (анын илимий-методикалык негизи Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан иштелип чыкса дагы, канча жылдан бери коомчулук талап коюп жатса дагы) өтө орчундуу маселе болгону менен мугалмдер так талаптарды белгилесе, мүмкүн ордунан козголот беле?!

5. Биологияны окутууда башка предметтер сыяктуу эле көйгөйлүү маселелер орун алган боюнча кыймылдабай турат. Кыргыз тилиндеги мектептер үчүн бардык (6-11 кл.) класстарга биология боюнча окуу китептер чыгып , 2000-2006 жылдан бери мектептерге киргизилип окутулуп жатат. Ал эми орус тилинде окутулган мектептер үчүн алар орусчага которулган жок. Анткени аларды которууга жана чыгарууга Россиянын программасы жана окуу китептери колдонулат. Анын көпчүлүгү 1992-жылы чыккан жараксыз болуп калган окуу китептеринин колдонууга мажбур болушат. Мектептерде биология боюнча адис эместер (медиц.орто билим алган, агроном, юрист..ж.б.) мугалим болуп иштеп жатат. Натыйжада адам баласынын жашоосунун эӊ негизин түзгөн биология боюнча толук кандуу билим болбой жатат.

Мектептерде мына жогорудай маселелер орун алгандыгы билим берүүгө таптакыр сыйбаган көрүнүш жана жаш муундардын алдында кечирилгис кедерги болууда. Ошондуктан август кеӊешмесинде жогорудай маселелер (ошондой эле мектептин өзөгүндөгү маселелер дагы) талкууланып, аларды чечип берүү жагы билим жана илим министирлигине мугалимдердин август кеӊешмесинин атынан сунушталууга тийиш.

Мына ушундай шарттарды эске алуу биологиялык билим берүү 2013-2014 окуу жылдары төмөнкүдөй тартипте окутулат:

2013-2014 окуу жылы боюнча биологияны окутуу багытында суроолор, сунуштар, пикирлер болсо төмөнкү адреске кайрылсаӊар болот: Бишкек, Эркиндик бульвары, 1 – кабат , 13-14 кабинеттер. Телефон  62-23-73, 66-52-25, моб.: 0773-50-58-88

М. Субанова

      Бөлүмдөрдүн  аталышыКласстарСааттар
1.Биология: өсүмдүктөр, бактериялар,козу карындар жана эӊилчектер6 – кл.68
2.Жаныбарлар7– кл.34
3.Жаныбарлар (муунак буттуулардан баштап окутулат)8 – кл.68
4.Адам жана анын ден соолугу9– кл.68
5.Жалпы биология10– кл.34
6.Жалпы биология11– кл.34

 

Окутуу

баскыч-тары

Организм биологиялык системаОрганизмден жогорку системаларОрганикалык дүйнөнүн көп түрдүүлүгү
1. Баш-талгыч мектеп-мекен таанууТирүү организмдер жөнүндөгү негизги маалыматтар (өсүмдүктөр, жаныбарлар, адам)Организмдердин жашоо чөйрөсүЖаратылышта өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын көп  түрдүүлүгү жана алардын туруктуу өнүгүүсү
2. Негизги мектеп Табият таанууТирүү организмдердин тиричилигиндеги жалпы өзгөчөлүктөрүөсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жашоо-чөйрөсү менен болгон байланышыар түрдүү жаратылыш зоналарындагы өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын көп түрдүүлүгү
3. Негизги мектеп

2. Биология

Бактериялардын, козу карындардын, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын организмдери, алардын түзүлүшү жана жашоо тиричилигиндеги процесстер, вирустар. Клетка тирүү организмдердин жашоо тиричилиги менен түзүлүшүнүн бирдигиОрганизм менен чөйрөнүн өз ара байланышы жана алардын туруктуу өнүтүү шарттары Мекенибиздеги жана башка жерледеги биргелештиктери. Алардагы көп түрдүүлүк, жасалма биргелештиктер.Организмдердин классификациясы жана эволюциялык окуу. Жаныбарлар дүйнөсүнүн системасы, эволюциясы, бактериялардын, козу карындардын, эӊилчектердин көп түрдүүлүгү. Адам – бул биологиялык түр.
.   
3. Жогорку мектеп

1. Жалпы биология

Клеткалык метаболизм зат алмашуунун маӊызы. Организмдердин көбөйүшүнүн жана өрчүшүнүн цитологиялык негиздери.Биоггеоценоздор жана агроценоздор. Экосистеманын Глобалдык экология. Түр. Популяция. көп түрдүүлүктү коргоо проблемалары.Органикалык дүйнөнүн өрчүшүнүн кыймылдаткыч күчү, багыттары жана натыйжалары, өсүмдүктөр жана жаныбарлар селекциясы. Биотехнология.

 

АвторлорАталышыклассыБасылып чыккан жылдары, басмаканасы
1Субанова М.

Ботбаева М.М.

Биология6-класс2012 «Билим компьютер»
2Токтосунов А.Т.

Мамытова Б. ж.б.

Токтосунов А.Т.

Мамытова Б. ж.б.

Биология (жаныбарлар)

 

Биология (жаныбарлар)

7-класс

 

8-класс

2006 «Билим куту»

 

2006 «Билим куту»

3Закиров Ж.З.

Давлетова Ч.С.

Биология (адам жана анын ден соолугу)9-кл.2006 «Билим куту»
4Токтосунов А.Т.

Алымбаева Б.Б. ж.б.

Жалпы биология10-11 кл.2006 «Билим куту»
5Субанова М.С.

Сатубаева А.С.

Алымбаева Б.Б.

Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо6-8 кл.2012 «Аракет принт»
6Субанова М.С.

Сатубаева А С.

Алымбаева Б.Б..

Календардык план. Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо6-11 кл.2012 «Аракет принт»
7Эмилбекова Д.А.

Субанова М.

Биологиялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун негизинде окучуулардын билимин системалаштыруу7-кл.2012 «Аль-Салам»
8Субанова М.

Чечейбаева Ж.

Биология боюнча дептер6-кл.2013 «Аракет принт»
9Сапарбаева У.

Субанова М.С.

 

Субанова М.С.

Сатубаев А.С.

Давлетова Ч.С.

Алымбаева Б.Б.

Сатубаева А.

 

Субанова М.С.

Сатубаева А.

Биология боюнча дептер

 

 

Биология боюнча дептер

 

Биология боюнча дептер

 

 

 

Биология боюнча дептер

7-кл.

 

 

8-кл.

 

9-кл.

 

 

 

10-11 кл..

2013 «Аракет принт»

 

 

2012 «Аракет принт»

 

2012 «Аракет принт»

 

 

 

2012 «Аракет принт»

Поделиться

Комментарии