Аралыктан окутуунун арымы арта берет

  • 07.06.2013
  • 0

Аралыктан окутуунун арымы арта беретТаанышуу иретинде

Чогулдуров Муктар Дүйшөнович 1961-жылы Фрунзе шаарында туулган.

1985-жылы А.Жданов атындагы ардактуу Ленинград мамлекеттик университетинин  география факультетин аяктаган.

1991-1994-ж.ж. ушул эле окуу жайынын аспирантурасын бүтүрүп, өз кесиби боюнча илимдин кандидаты деген илимий даражаны ийгиликтүү жактап алган. Муну бүткөндөн кийин анын метеорология жана гидрология кафедрасынын инженери, андан кийин физикалык география жана ландшафттаануу кафедрасынын улук лаборанты, окутуучусу болуп бекитилген.

1995-жылдан тарта өз мекенинде эмгектенип, Кыргыз агрардык академиясынын доценти, Туризм жана спорт министрлигинин эл аралык жана ички туризм башкармалыгынын катчысы болуп иштеген.

  1999-жылдан бери БГУда үзгүлтүксүз эмгектенип, доцент, факультеттин деканы, окутуу-инспекциялык башкармалыгынын башчысы, окуу бөлүмүнүн эл аралык билим берүү борборунун  башчысы, биринчи проректор болуп иштеп келди. Ал эми 2011-жылдан бери азыркы кызматты аркалап келүүдө.

К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетине караштуу Үзгүлтүксүз жана аралыктык билим берүү институтунун директору, география илимдеринин кандидаты, доцент М.Чогулдуров окуу жайда жасалып жаткан иштер жана кабыл алуу өнөктүгүндөгүөзгөчөлүктөр тууралуу “Кутбилимге” берген маегинде айтып берди.

— Урматтуу Муктар Дүйшөнович, өзүӊүз башында турган бул окуу жайынын кыйла мезгилден бери ийгиликтүү иштеп келе жатканына карабастан, ал жөнүндө кененирээк маалымат берилбей жүргөндөй сезилет. Мүмкүн болсо, ушул жагдайга толуктоо киргизе кетсеӊиз.

— Бул – туура пикир, анткени көпчүлүк учурда биздин жана ага окшогон бөлөк окуу жайларынын жүргүзүп жаткан иш-аракеттерине жалпыга маалымдоо каражаттары анчейин назар салбай, негизги көӊүлү алар баш ийген университеттерге бөлүп келе жатпайбы. Эми, өзүбүздүн институтубузга кайрыла турган болсок, ал 1999-жылдын башында БГУнун окумуштуулар кеӊешинин чечиминин негизинде, анын ректорунун расмий буйругу менен уюштурулган. 2011-жылдын аягында Үзгүлтүксүз жана аралыктык билим берүү институту болуп кайрадан түзүлүп, юридикалык жак деген мартабага (статуска) ээ болгон. ҮАББИнин уюмдаштыруучусу (учредители) болуп БГУ эсептелип, ал анын турпаттык тармагы катары, кесиптик жогорку билим берүү чөйрөсүндө окутуп-тарбиялоого укук бере турган лицензияга ээ болгон. Баса, бул окуу жайын ачуунун демилгеси жана туӊгуч мүдүрү — мурдагы Билим берүү жана илим министри, университетибиздин бүгүнкү ректору, профессор Абдылда Инаятович Мусаев эсептелээрин атайлап белгилеп кетүүгө тийишмин.

Институт адеп негизделген мезгилден тарта калыптануу, өсүп-өнүгүү, андан ары өр таянуунун, өзүнүн таасирдүүлүгүн  жогорулатуунун үстүндө болуп, сырттан окутуу айдыӊында тийиштүү орун ээлөө жолун татыктуу басып өтүп, бул багыттагы таанылган окуу борборуна айлана алды деп, толук жоопкерчилик менен айта алмакчыбыз.     

— Институттун ушул таптагы түзүлүш-турпатын да окурмандарыбызга маалымдап берсеӊиз.

— Ал гуманитардык жана экономикалык деген негизги эки багыттан турат. Биринчисине: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу; менеджмент; китепканатаануу жана библиография; педагогика; филологиялык билим берүү; социология жана социалдык иш; журналистика; психология; саясаттаануу деген тармактар таандык.

Экинчиси: экономика; дүйнөлүк экономика; бухгалтердик эсеп; талдоо жана аудит; каржы жана насыя (кредит); ишканадагы экономика жана башкаруу деген блокторду өз кучагына алат.

Ал эми ушул эки багыттын карамагында: экономика, каржы жана бухгалтердик эсеп; менеджмент жана социалдык-маалыматтык технологиялар; гуманитардык сабактар; тилдерди окуутунун теориясы менен практикасы деген багыттагы беш кафедра иштеп жатат. Алар аралыктык ыкма менен окутуунун практикада өзүнүн жемишин берип жаткан бардык түрлөрүн кеӊири пайдалануу менен ар кыл 14 тарам боюнча жаштарга кесипкөйлүк жогорку билим берүүнүн программаларын жүзөгө ийгиликтүү ашырып келүүдө.

Үзгүлтүксүз жана аралыктык окутуунун чечүүчү максаттары менен милдеттери эмнеде турат дейсиз?

— Албетте, алардын негизги өзөгүн — заманбап маалыматтык-коммуникативдик технологияларга таянуу менен, каалоочуларга сапаттуу билим берүү, өзүнүн билим деӊгээлин жашап турган боюнча жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүү, каалаган жерде жана каалаган учурда  билим берүү жана маалымат ресурстарына жетишүүгө жол ачуу, бул үчүн жаш курагына, кесибине, билимине карата чектөөлөрдүн, окутуучу педагогдор менен туруктуу байланышта болуу, жекече түрдө кеӊеш алып туруу өӊдүү маселелер түзүп турат. Жалпысынан алганда окутуп, билим берүүнүн бул түрүнүн пайдубалына окутуучулардын жетекчилигинин көзөмөлү астында студенттердин өз алдынча иштөө талабы коюлган. Аны ишке ашыруу үчүн бизде баардык ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн. Тактап айтканда, алар илимий, илимий-усулдук, практикалык маанидеги окуу куралдары, тийиштүү программалар, дарстардын электрондук курстары ж.б. ресурс булактары менен кеӊири өлчөмдө камсыз болгондугуна бөтөнчө басым жасап кетким келет.

—  Силердин окуу жайыӊарга абитуриенттерди кабыл алуунун жол-жобосу кандай жана ал өзүнүн билим берүү ишмердигин кайсы программалар боюнча жүргүзөт?

— Бизде орто, атайын орто, кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн программалары боюнча, аралыктык билим берүүнүн  технологияларын колдонуу аркылуу ишке ашырылат. Студенттердин жаӊы отрядын кабыл алуу болсо, жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жана ички копьютердик тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча аӊгемелешүүнүн негизинде жүргүзүлөт. Орто билимдин базасында ЖРТнын, чет өлкөнүн жарандары үчүн орто мектептин сабактары боюнча компьютердик тестирлөөнүн, кесиптик орто билим берүүнүн базасында  — ЖРТнын профилине карата кирип жаткандар үчүн дагы эле Орто мектептин профилдик эместер — ЖРТнын, чет өлкөлүктөр — орто мектептин сабактары боюнча  компьютердик  тестирлөөнүн жыйынтыктарына карата кабыл алынат. Ал эми жогорку билимдин базасындагылар — профилдештирилген сабактар боюнча аӊгемелешүүнүн бүтүмдөрүнө байланыштуу  кабыл алынат.

 Окуу мөөнөттөрү: орто билимдүүлөр үчүн – 5, кесиптик орто билими барларга – 3, жогорку билимдүүлөр үчүн — 2,5 жыл. Биздеги окутуу курстар болуп, өндүрүштү уюштуруу, адистер менен иштөө боюнча менеджерлерди даярдоо, психологиялык машыгууларды (тренинг) өткөрүү, бухгалтерлик жана каржылык эсепке  окутуп-үйрөтүү,  кеӊсе (офис) менеджерлерди чыгаруу, кытай жана англис тилдери боюнча багыттарды өзүнө камтып турат.

— Муктар Дүйшөнович, эмки сөз институттун кадрлык курамынын материалдык-техникалык жана эл аралык байланыштары туурасында жүрсө дейбиз.

— Кудайга шүгүр, биз бул жагынан жетишерлик деӊгээлде камсыз болгонбуз. Институттун жалпы профессордук-окутуучулук курамы ушул тапта 17% адисти түзсө, 61 штатыбызда турган, 113 кошумча түрдө иштөөчү кызматкерлер. Алар билим берүү, тарбиялоо жаатында узак жылдардан бери ат салышып келаткан тажрыйбалуу, дасыккан, өз кесибин мыкты билген тарбиячылар менен өздөрүн жандуу иште көрсөтүүгө умтулган сыймыккор, келечектүү илимпоздор, бөлөк ЖОЖдордун профессорлору, мекеме, уюм, фирмалардын жетекчилери жигердүүлүк менен катышып келүүдө. Материалдык-техникалык базабыз болсо, мезгил талаптарына толук жооп бере алчу үч компьютердик класстан, электрондук китепканалардан турат. Илимий, илимий-усулдук адабият жана башка окуу куралдары менен жетишээрлик түрдө камсыз болгонбуз. Биз өткөн жылы кытай тарап менен негизги үч багыт боюнча эки тараптуу, өз ара пайдалуу келишим түзүүгө жетиштик. Алар: аралыктык окутуу жана телекоммуникацияларды колдонуу менен жаӊычыл (инновациялык) технологияларды киргизүү, кытай тилин окутуп-үйрөнүү боюнча заманбап усулдарды колдонуу, Синьцзян мамлекеттик педагогикалык университети, География жана туризм институту менен биргеликте Көл калаасынын экотутумун изилдөө болуп саналат.

Жетишилген макулдашуулардын аркасында кытай элчилигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, БГУнун ректору А. Мусаевдин колдоосу астында биз гранттык негизде кытайдан жалпы наркы 58 миӊ долларды түзгөн 60 лингафондук-компьютердик комплект алып, бул техниканы Пекинден атайын чакырылган программист-адистер жыйнап-курап кетишти. Мындай жабдуу азыр өлкөбүздүн бир дагы ЖОЖунда жок. Себеби ал маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялардын эӊ акыркы (ноу-хау) үлгүсү болуп саналат. Анын жардамы менен биз өзүбүзгө БГУнун Конфуций институтунун кошумча борборун ачып,  кытай тилин үйрөнүү боюнча беш айлык курсту иштете баштадык. Аны ийгиликтүү бүтүрүп, жогорку балл алгандар институт аркылуу Кытайга такшалмаларга (стажировка) жөнөтүлүп, жатаканасы менен окуусу бекер болуп, мындан тышкары, студенттерге 250, магистранттарга 280 долларга чейинки стипендия берүү жагы каралган. Борбордун мультимедиялык классынын ачылыш аземине Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй, КР Билим берүү жана илим министри К.Садыков, БГУнун ректору А.Мусаев  катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү

Жогору жакта белгилеп кеткендерди жалпылап айтканда, институтубузга келип билим алууну каалагандарга зарыл болгон баардык шарттарды түзүп бере алат демекчимин. Эгерде алар ушундай чечим кабыл алышса, анда эч жаӊылышпайт деп айта алам.

Маектешкен Т. Мамбетов,  Кыргызстан Журналисттер кошуунунун мүчөсү

Поделиться

Комментарии