Англис тили – ааламдын көпүрөсү

  • 15.08.2013
  • 0

English language summer school in Ak Orgo 008

Заман талабына ылайык англис тили эӊ керектүү тилдерге айланды. Азыркы тапта англис тилсиз жакшы жумуштарга  орношуу кыйын болуу менен бирге, жаштар  көп жаӊылыктарды ушул тил аркылуу алууга аргасыз болууда. Ошондуктан көпчүлүк жаштар биринчи планга англис тилин үйрөнүүнү коюшат.

Республикалык деӊгээлде өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн “Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмеси жаштардын бул муктаждыгын тереӊ түшүнүү менен бирге 2005-жылдан бери Англиялык ыктыярчылар менен тыгыз кызматташып келүүдө.

“Эрайым” англиялык ыктыярчыларды өз аракеттери менен табышкан эле. Себеби уюм өз ишин 1995-жылдардан эле Бишкектин тегерегиндеги конуштардан баштап, көпчүлүк жаштардын англис тилине ынтызар экендиктерине сарасеп салышып, англис тили боюнча бекер курстарды ачууну пландашкан. Жөнөкөй үй-бүлөлөр балдарына англис тилин үйрөтүүнү каалашканы менен азыркы жумушсуздуктун күч алган заманында   тапкандары күнүмдүк оокаттарынан ашпайт. Англис тили курсуна катышуу бир балага эле жол киресин кошкондо 4-5 миӊ сомго айланат. “Эрайымга” 2003-2004-жылдары  Маделен Ривис деген англичанка кыз өзүнүн ички мигранттарга байланышкан долбоорун иш жүзүнө ашырууга келет. Уюмдун кызматкерлери адегенде өздөрүнө англис тили курсун өтүүнү суранышат. Маделен алардын өтүнүчү менен англис тилин “эрайымчыларга” үйрөтө баштайт. Андан соӊ “эрайымчылар” Маделенге Ак-Өргөө конушундагы өздөрү түзгөн Өз Жардам Топторунун мүчөлөрүнүн, ошондой эле муктаж үй-бүлөнүн балдарына англис тилин үйрөтүү жөнүндөгү пландарын айтышат. Ал апасы Клеа Ривис Англиядагы бир мектепте англис тилинен сабак берерин, ошондой эле ага биздин өтүнүчүбүздү айтаарын билдирет. Биздин өтүнүчүбүздү Клеа Ривис кубануу менен кабыл алып, бизге ыктыярчы катары келип балдарга англис тилин үйрөтүүгө макулдугун  билдирет. Ансыз деле Клеа Ривис кызы Маделен иштеген кыргыз жерин, элинин меймандосчулугун өз көзү менен көргүсү келип жүргөнүн Маделен “эрайымчыларга” айткан эле. 2005-жылы уюмдун чакыруусу менен Англиядан Клеа Ривис жай айында келип, Ак-Өргөөнүн балдарына англис тил үйрөтө баштайт. Ага айрыкча кыргыз балдарынын тилалчактыгы, улууну сыйлагандыгы, ошондой эле кыргыз элинин мээримдүүлүгү менен меймандосчулугу аябай жагат. Клеа Ривис жылына англичан балдарына кыргыз маданиятын үйрөтүү, ошондой эле кыргыз балдарына англис тилин үйрөтүү максатында Англиядагы университеттин студенттерин кошо ала келе баштады. Алар балдарга англис тилин үйрөтүү менен бирге биздин жашоо маданиятыбызга да кызыгышып, көп жакшы жактарыбызды өздөрүнө кабыл алып жатышты. 2005-жылга чейин Клеа Ривис  бир гана Ак-Өргөө конушунун балдары үчүн ыктыярчыларды алып  келсе, 2010-жылдан баштап “Эрайым” түзгөн Талас, Ысык-Көл, Чүй областарындагы Өз Жардам Топторунун мүчөлөрүнүн балдарына англис тилин үйрөтүүүчүн англиялык жогорку окуу жайларда окуган студенттерди, ошондой эле жашы улгайып калган, бирок англис тилин үйрөтүүдө тажрыйбасы бар адамдарды алып келе баштады. Быйылкы жылы Клеа Ривис 7 англиялык ыктыярчы алып келди. Алардын эки ыктыярчысы Жоу менен Луис  Чүй районунун Алчалуу айылындагы балдарга, ал эми үч ыктыярчы Шарлотта, Андри, Эмми  Ак-Өргөө конушунун № 77 орто мектептин имаратында жайгашкан “Бүчүр” балдар окуу борборунун мүчөлөрүн, Клеа Ривис менен Анна Гарсид Ак-Өргөө конушундагы № 84 орто мектепте ар кайсы региондон келген 35 англис тилчи мугалимге англис тилин окутуу методикасын жакшыртуу боюнча 10 күндүк курста сабак өтүштү.  Клеа Ривис англис тилчилерди окутуу курсуна эки жергиликтүү ыктыярчыларды да тарткан. Алардын бири Шорокова Салтанат, экинчиси  Динара Султанова. Алар да Клеа Ривис, Анна Гарсид менен биргеликте айылдык  англис тилчи мугалимдердин кесиптик деӊгээлин көтөрүүдө бир топ аракеттерди жасашты. 15-июлда балдардын жайкы англис тили курсу башталса, айылдан келген англис тилчи мугалимдерге арналып уюштурулган 10 күндүк курс  22-июлда ачылды. Бул ачылышка Англиянын Кыргызстандагы ыйгарымдуу өкүлү  Жадит Фарнворд (Judith Farnworth) катышты. Ал бул жолугушууда мындай деди: «Британиялык жана кыргыз ыктыярчылардын ортосундагы кызматташуунун  ийгиликтүү жүрүп жатканын өз көзүм менен көрүп  абдан кубанычта болдум. Британия жана кыргыз мугалимдеринин англис тилди билүүнү жакшыртууга арналган семинарын жана ошондой эле бир нече  англиялык жаш студенттердин Кыргыз Республикасында болушуна мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн жогору баалап жатам. Мен мугалимдердин жана студенттердин абдан катуу иштеп жатышкандыгын көрдүм. Бул биздин маданиятты жана салтты сыйлап үйрөнүүгө да көбүрөөк жол ачуусун көрсөтөт».

Элчи айым англиялык ыктыярчыларды 31-июлда өз кеӊсесинде кабыл алып, англиялык жана британиялык элдердин ортосундагы кызматташууну ыктыярчы катары келишип, кыргыз балдарына англис тилин үйрөтүү, кыргызстандын ар кайсы айылдарынан келген  англис тилчи мугалимдеринин кесиптик деӊгээлин көтөрүүдөгү кылган кызматтары аркылуу бекемдеп жатышкандыгына тереӊ ыраазылыгын билдирди.

Кыргыз айылдарынан келген англис тилчи мугалимдерге арналып уюштурулган курстун ийгиликтүүөтүүсүндө, ошондой эле Ак-Өргөө жана Ак-Ордо конушундагы 100гө жакын баланын англис тилин үйрөнүүсүнө  №84 орто мектептин мүдүрү Динара Иманалиеванын жана  №77 орто мектептин мүдүрү Дүйшекеев Мырзабектин, бул мектепте жайгашкан “Бүчүр” балдар окуу борборунун жамаатынын  да кошкон салымдары чоӊ болду. Англиялык ыктыярчыларга жана №84, №77 орто мектептердин, “Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин, “Бүчүр” балдар окуу борборунун жамааттарына   ата-энелер өз  ыраазычылыктарын билдиришти.                          

Р. ЖУСУПОВА

Поделиться

Комментарии