АЛЫКУЛДУ АЗДЕКТЕГЕН МЕКТЕПТЕ

  • 10.04.2015
  • 0

Тажрыйба алмашуу семинары 6-сентябрь күнү Жети-Өгүз районундагы Данаке Иманов атындагы орто мектебинен башталды. Данаке Иманов быйыл 90 жылдыгы белгиленүү алдында турган Кара кыргыз автономиялуу облусунун агартуу комиссары, бизче айтканда Билим берүү министри болгон. Анын бюсту мектеп алдында бой керет. Мектеп директору Айнагүл Кадыркулова бюст мектептин мурунку бүтүрүүчүлөрүнүн белеги экенин айтып жетине албай турду. Кыргызстандын булуӊ-бурчунан келген калемгер-мугалимдер мектептин окуу-тарбия жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмө менен таанышкан соӊ, топ-топторго бөлүнүп, семинардын алкагында даярдалган ачык сабактарга кирип, аларга айкын, адилет бааларын беришти. Төмөндө семинар катышуучулары менен уюштуруучуларынын ой-пикирлери менен Сиздерди тааныштырабыз.

Айнагүл КАДЫРКУЛОВА, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Данаке Иманов атындагы орто мектебинин директору:

Бүгүн «Кутбилим-Сабактын» даӊкын алыска чыгарган айтылуу калемгерлер келип, абдан кубанып турабыз. Аларга арнап, атайын ачык сабактарды, тарбиялык иш-чараларды даярдадык. Мектебибиз райондогу алдыӊкы мектептерден. Учурда 943 окуучуга 86 мугалим билим-тарбия берет. 10 мугалим — «Билим берүүнүн мыктысы». Дагы бир мактанарлык жагыбыз, мектепте 14 эркек мугалим эмгектенет. Алардын катарын акыркы убакта келечегинен көптү үмүттөндүргөн Мелис Абдылдаев, Ку-банычбек Туюкбаев сыяктуу жаш педагогдор толуктады. Биз өз маселелерибизди өзүбүз чечкенге үйрөндүк. Бир топ долбоорлорго катышып, мектептеги бир канча окуу кааналарын оӊдоп-түзөп, эмеректер менен жабдууга жетиштик. Ушундай долбоорлордун көмөгү менен мектептин жылытуу системасын, бардык окуу кааналарынын каалгаларын, терезелерин жаӊыладык. Жети-Өгүз курортунда мектептин филиалы бар. Ал жерде да он чакты мугалим эмгектенет.

Тамара МАМЫРОВА, Ысык-Көл облустук Билим берүү институтунун мектеп менеджменти жана педагогика лабораториясынын башчысы:

Бүгүнкү семинарга биздин институттун директору Жеӊишбек Букараевич Урумов, бир топ жыл Каракол шаардык билим берүү бөлүмүн жетектеген, учурда институтубуздун лаборатория башчысы Гүлнур Шадыкановна Жумабаева да катышып жатат. Эми семинар тууралуу айтсам, ал абдан уюшулган тартипте өтүүдө. Ачык сабактардын тематикасы кенен, мазмуну тереӊ экени кубандырат. Мен бул мектепте усулдук бирикмелердин иши мыкты жүргүзүлгөнүнө күбө болдум. Келген коноктордон жана айылдык кеӊештин депутаттарынан турган калыстар тобу бүгүн башталгыч класс, математика жана чет тили усулдук бирикмелеринин кароо-сынагын адилет баалашты. Мен да ошол комиссиянын курамында бирикмелердин ишин баалоого катыштым. Бул өтө туура деп ойлойм, анткени мектеп администрациясы же башка предметтик мугалимдер катышканда, сөзсүз жыйынтыгына нааразы болушмак.

Өмүрбек МОЛДОКМАТОВ, Билим берүү кызматкерлеринин Жети-Өгүз райондук кесиптик уюмунун төрагасы:

Ушинскийдин «Мугалим окуп турса гана мугалим» дегенин кимдер билбейт. Бүгүнкү семинардын жүрүшү улуу педагогдун таасын сөздөрүн дагы бир ирет тастыктады деп ойлойм. Анткени мындагы калемгерлердин баары билгенимди үйрөтөйүн, билбегенимди үйрөнөйүн деп келишти. Бул өзү жакшы саамалык. Жогору жакты күтпөй, өз демилгеси менен жер таанып, эл таанып, педагогикалык табылгалары менен ачык-айкын бөлүшкөн калемгерлердин аракети мактоого татырлык. Биз, кесиптешим, Билим берүү кызматкерлеринин Ак-Суу райондук кесиптик уюмунун төрагасы Эсен Садабаев экөөбүз, жанатан бери семинардын ишин талкуулап, мындай бир бүтүмгө келдик. Элибизди ынтымакка чакырган, ар башка аймактарда эмгектенген мугалимдерди тааныштырган, достоштурган ушундай тажрыйба алмашуу семинарлары сөзсүз керек. Бул ишке албетте, мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатууга чакырылган жергиликтүү мекемелер, кесиптик кошундар кол-кабыш кылышы зарыл.

Уриниса НУРБАЕВА, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Зулум Жамашев атындагы орто мектебинин география мугалими, Билим берүүнүн мыктысы, «Кутбилим-Сабактын» калемгери:

Ысык-Көл чындыгында эле «Ысык-Көл — кыргыз бермети» дегендей, кооз жер экен. Көлдүн керемет көркүнө, элинин меймандостугуна ыраазы болдум. Жолдо баратып, Рух Ордого кирип, дүйнө маданияттарынын чордону менен кеӊ-кесири таанышып, андан ары айтылуу Калыгул олуянын мазарына зыярат кылдык. Көл кылаасында жүрүп, Калыгул атанын «Кыш болуп катуу суугу жок, жай болуп мээ кайнаткан ысыгы жок, Ысык-Көл жердин бермети экен, мындан чыкпагыӊар, балдар ай!» деген осуятын эстедим. Чындыгында, кандай акылмандык менен айтылган калыс сөздөр! Акылман деп ушуну айт! Мугалим катары да куржунум маалыматка, жаӊылыкка толуп кайттым. Мурда Ысык-Көлдү, Жети-Өгүздү Интернеттен чыгарып алган түстүү сүрөттөрдөн көргөзсөм, эми балдарга өзүм көрүп келгендерди кошуп, жандуу баяндап берем деген үмүттөмүн.

Инаят ЖАМАНГУЛОВА, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Билим берүүнүн мыктысы, «Кутбилим-Сабактын» калемгери:

Мага мектеп тарыхын, анын азыркы жетишкендиктерин, мында иштеген мугалимдердин ийгиликтерин кыска-нуска слайд аркылуу тааныштырганы өтө жакты. Бул бир жагы, мында эмгектенген мугалимдер үчүн да мыкты мотивация деп ойлойм. Анан мектеп көргөзмөсүнө коюлган эмгектер мени кайдигер калтырбады. Баары сонун. Биринен бири мыкты. Окуучу кыздар сайманын сан түрүн билишет экен. Көз той-бойт. Ушунчалык кооз. Ушуну үйрөткөн мугалим эжейге ыраазы болуп, колун бекем кармадым. Эркек балдардын колунан жаралган түркүн экспонаттарды айт! Биринен бири көзгө толумдуу. Бешинчи класста окуган Дастан аттуу бала: «Дубайдагыдай кооз үйлөрдү курам» дейт көз жоосун алган үйдүн макетин көрсөтүп. Дагы бир окуучу лыжа тебүүчү базанын макети менен тааныштырды. Спортчуларды ары-бери ташыган асма жолу да бар экен. «Ушул идеям ишке ашып калса, айылдыктардын көбү жумуш менен камсыз болушмак» дейт ал. «Жакшы тилек, жарым ырыс» дегендей, биз ага аябай ыраазы болдук.

Алмагүл БАЙЗАКОВА, SOS Герман Гмайнер орто мектебинин башталгыч класстар мугалими, Билим берүүнүн мыктысы, «Кутбилим-Сабактын» калемгери:

Ушул күндөрү бүтүндөй дүйнө эли Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгын кызуу белгилеп жатышат. Биз барган мектеп да ушундан четте калбаптыр. Биринен бири таасирлүү сабактар өтүлдү. Айсакулова Элвина эжейдин 3-класста өткөн тарбиялык сааты кызыктуу болду. Мугалим Улуу Ата мекендик согуш темасын Афган, Баткен согуштары менен байланыштыра алган. Ал эми Айнура Байболотованын 9-класстагы тарбиялык сааты эч кимди кайдигер калтырган жок. Сабак согуш алдындагы бейпил турмушту, Левитандын жарыясын, советтик, анын ичинде кыргыз жоокерлеринин баатырдыгын, элдин фронт, жеӊиш үчүн тылдагы жапырт аракетин таасын чагылдырды. Төрт окуучу кыз ортого чыгып, колундагы сүрөттөрдү көрсөтүп: «Бул менин чоӊ атам. Ал Брянск алдындагы согушта баатырларча курман болгон», «Менин чоӊ атам 1947-жылы өз жерине кайтып келип, согушта алган жарааттарынан улам кайтыш болгон» дегенде көпчүлүгүбүздүн көзүбүзгө жаш толду…Дагы бир мактаарлык жагы, сабакта ушул мектептен апаат согушка аттанып, кайтпай калган мугалимдерге, жогорку класс окуучуларына татыктуу орун берилди. Улуу муундардын өрнөктүү өмүр жолун азыркы жаштар улантып кетерин биз, мугалимдер, Батырбек Байжарыков даярдаган аскерге баштапкы даярдык сабагынан көрө алдык.

Узен АТАКАНОВ,Аксы районундагы №36 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директору, кыргыз тили жана адабияты мугалими, Билим берүүнүн мыктысы, «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси:

Быйыл жалпы журтубуз улуу акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгын белгилеп жатат. Таланттуу акындын чыгармачылыгына, өмүр жолуна бул семинарда да өзгөчө орун берилди. Жыйындар залында өткөн адабий кече абдан таасирдүү болду. Балдар-кыздар акындын өмүр жолун жеткиликтүү кылып сахналаштырып беришти. Балдардын тили так, таасын экен. Музыканын коштоосунда акындын ырларынан жатка айтышты. Мага, айрыкча 9-класста окуган Улук аттуу окуучунун Алыкулдун ырларын көркөм окуганы жакты. Ал жаш болсо да, ошол ырларда жаткан тереӊ ойду жеткире алды. Бул баладан келечекте көптү күтсө болот. Дегеле мектепте Алыкулдун көөнөрбөс талантына зор маани берилери байкалып турат. Алыкулдай уулунун талантын сыйлай билген эл, келечектүү эл деп ойлойм.

А. АЛИБЕКОВ,

«Кутбилим» (Бишкек – Түп – Жети-Өгүз – Бишкек)

Поделиться

Комментарии