Ала-Тоонун алгачкы агартуучусу калтырган мурас

  • 15.08.2013
  • 0

580623_279309235535111_140934886_n

Кечээ жакында Э.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетте кыргыз элинин тунгуч агартуучусу Э.Арабаевдин 130 жылдык юбилейинин жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү. Отурумга Кыргызстандын белгилүү окумуштуулары катышып, Э.Арабаевдин педагогикалык мурастарына, агартуучулук  жана саясий ишмердүүлүгүнө кеӊири токтолушту. Отурумду  И.Арабаев атындагы КМУнун ректору,  тарых илимдеринин  доктору,  профессор Т.Абдырахманов ачып, Эшенаалы Арабаевдин 130 жылдык юбилейинин алкагында университетте өткөрүлгөн иш–чаралар тууралуу кеӊири токтолду. Андан соӊ Педагогика институтунун директору, п.и.д., профессор, Ж.Байсалов «Э.Арабаевдин мурастарынын кайрадан жаралышы» деген аталыштагы докладын жасап, педагогика институтундагы жумушчу топ тарабынан даярдап, басып чыгарган агартуучунун эмгектеринин презентациясын сунуштады. КР УИА корр-мүчөсү, п.и.д., профессор Э. Мамбетакунов Э.Арабаевдин мектеп окуучуларына табигый билим берүүнү жакшыртууга кошкон салымына кенен токтолду.  Окумуштуу андан ары Э.Арабаев  атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин демилгеси менен чыгарылган Э.Арабаевдин акыркы «Табият таануу алиппеси» китебине сереп жүргүзүп, баалуулугун белгиледи.  Э.Арабаевдин урпактарынын демөөрчүлүгү менен кайрадан басып чыгарылган экинчи эмгек К. Карасаев менен бирдикте жазылган  чоӊдор үчүн алиппе «Жаӊылык»деп аталат.  «Жаӊылык» — Э.Арабаевдин тарыхый баалуу китеби» аттуу доклад менен педагогика илимдеринин доктору, профессор  С.Рысбаев ой бөлүштү. Отурумга андан сырткары Э.Арабаевдин туугандары жана боордош казак элинин окумуштуулары катышышты. Кызуу талкуулоолордон кийин жыйынтыктоочу тегерек отурумдун катышуучулары тарабынан резолюция кабыл алынды.

Алгачкы агартуучу аркалаган жүк 

Т.Абдрахманов, Э.Арабаев атындагы КМУнун ректору

Улуу агартуучунун мурастарын сактап, аларды жарыкка чыгарууда биздин окуу жайда атайын жумушчу топ иштеди. Мааракени жөн эле майрам тойго айландырбай, илимий багытта жемиштүүөткөрө алдык деп тартынбай эле айта алам.  Кыргыз элинин сабатсыздыгын жоюуда ат көтөргүс жүктү аткарган, бир кылымдык тарыхы бар Э. Арабаевдин алгачкы окуу китептерин араб графикасынан кыргыз алфавитине оодарып, жалпы элге жайылтууда профессор Ж.Байсалов жетектеген Педагогика институтунда  ийгиликтүү иштер жүргүзүлдү. Натыйжада, Институттун жумушчу тобу тарабынан Э. Арабаев менен Х. Сарсекеев биргелешип жазган «Алиппе» баш болгон   «Алгачкы эмгектер» деген аталыштагы  тунгуч агартуучунун 3 эмгеги камтылган жыйнак ( 1–басылышы 300 нускада, ал эми 2012-жылы дагы бир эмгегин кошуу менен толукталган 2 -басылышын 17 басма табак көлөмүндө)  даярдалып, басмадан чыгарылуу менен республикага таркатылды. Бул китепке Э. Арабаевдин «Окууга тез үйрөтүү жолдору же алиппе» (1911-ж.), эне тилин окутуу боюнча алгачкы методикалык колдонмо – «Жазуу жолундагы саамалык» (1925-ж.) жана эӊ алгачкы сүрөттүү «Кыргыз алиппеси» (1928-ж.) киргизилген.

Бери эле болгондо жүз жылдан бери кеӊири таанышууга мүмкүндүк болбой келген бул баалуу эмгектер балдарды мектепке даярдоо жана мектеп окуучуларына кыргыз тилин окутуунун методикасын өркүндөтүү  тармагындагы жаӊы изилдөөлөргө, жаӊы ачылыштарга кошумча жолдорду ачаары талашсыз.

Ошону менен катар эле, Э.Арабаевдин тарыхий өмүр баяны, анын жазып калтырып  кеткен эмгектери жана элге кылган кызматы мындан ары дагы ар тараптуу  изилденип, коомчулук алдындагы өзүнүн жогору  баасын алат деген чоӊ ишенимге  негиз боло турган башка дагы факторлор бар. Мындай факторлордун өтө маанилүүсү  катары мүлдө кыргыз элине, өзгөчөөлкөнүн билимий жана илимий коомчулугуна  биринчи жолу кайрадан тартууланып жаткан Э. Арабаевдин Д. Шамгунов менен бирге   даярдаган «Табыйат таануу алип бее» китеби болуп эсептелинет. Тилекке каршы, бул эмгек кыргыз  коомчулугуна канчалык керек жана баалуу болсо дагы, айрым себептер менен азыркы  учурга чейин көмүскөдө калып, Кыргызстандын билим жана илим  ааламында дээрлик эле белгисиз болуп келген. Анткени, китептин айрым көчүрмөлөрү кай бир адамдардын колунда жана жеке архивдеринде болуп, айрым себептер менен кеӊири коомчулукка жеткен эмес. Алардын бири, көрүнүктүү окумуштуу, Э. Арабаевдин өмүр тарыхы боюнча ири адис, профессор Аскар Осмонкулов бир топ эмгек жумшоо менен басмага даярдап, бир нече жыл мурда И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетине тапшырган нускасы болчу. Тилекке каршы, каражаттын жоктугунан улам бул эмгек учурунда жарык көрбөй калган жана анын кол жазмасы дайынсыз болуп кеткен.

Ушуларды эске алуу менен, Эшенаалы Арабаевдин 130 жылдык юбилейине  байланышкан Э.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги  иш–мерчемдердин маанилүү бөлүгү  катары бул  эмгекти элге  кайтарып, коомчулуктун назарына сунуштоо маселеси каралган   эле. Белгиленген тарыхий миссияны аткаруу жаш окумуштуулардан турган топко тапшырылып, алардын катарындагы Миргүл Эсенгуловага Россия Федерациясынын Москва областындагы Химки шаарындагы Россия мамлекеттик китепканасынын филиалында сакталып турган Эшенаалы Арабаевдин Дмитрий Шамгунов менен жазган атактуу китебинин жалгыз түп нускасынан көчүрмө алып келүү милдети жүктөлгөн болчу. Бул миссия жана китепти латын алфавитинен кириллицага оодарып, түстүү сүрөттөрүн заманбап кылып кайра даярдап, редакциялоо менен басмага даярдоо иштери ийгиликтүү аяктап, тарыхий эмгекти кайрадан Эшенаалы Арабаевдин өзү сүйүп, өмүрүнүн акырына чейин кастарлап, кызмат кылган кыргыз элине тартуулап  олтурабыз.           

Кошумча белгилеп кете турган нерсе, «Табыйат таануу алип бееси» өзүнүн авторунун тагдырын бөлүшүп, ашкере кыргызчылыгы жана кыргызчалыгы үчүн   идеологиялык репрессияга алынуу менен  1932-жылы жарык көргөн бойдон тыюуга алынып, кыргыз элине кеӊири жетпей келген.  Ошондуктан, ондогон жылдардан кийин гана бул китепти мекенине алып келип, Кыргызстандын жалпы элине, өзгөчө билим  жана илимий коомчулукка кайрадан тартуулоо ишинен китептин өзүн гана эмес, анын автору Э. Арабаевди дагы реабилитациялоонун маанилүү ишааратын байкоого болот.

Авторунун башына түшкөн мезгил сынагы менен татаал тагдырын кошо бөлүшкөн  эмгектер жалаӊ илимий жана билимий  булактардан болбостон, ошондой эле социалдык эс тутумдун дагы абдан маанилүү феномени болуп кала бермекчи. Бул өӊүттөн алганда,  алардын азыркы учурда жана келечекте  кыргыз коомчулугу үчүн өтө баалуу тарыхий  булак катары кыла турган  кызматтары али алдыда. Анткени,  Э. Арабаевдин алиппе-мурастарын ар тараптуу изилдөөлөрдүн натыйжасында анын мезгилин,  инсандык интеллектуалдык дараметин, тубаса талантын, асыл ой–максаттарын, мамлекетчилдик аракеттери жана инсандык сапаттарын  ачып берүүүчүн кенен мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Натыйжасында өтө бай илимий  маалыматтар топтолуп, көрүнүктүү агартуучунун тарых таржымалы   жаӊы жагдайлар менен  толукталмакчы. Ушул өӊүттөн алганда, Э.Арабаев жана анын калемдештеринин «Жаӊылык” деген аталыштагы чоӊдор үчүн жазылган алиппесинин 1928-жылы бир гана жолу басмадан жарык көрүп, ондогон жылдары көмүскөдө жатып, эми гана «кайра жаралуу» менен коом алдына тартууланып турганында өзгөчө маани бардай. Себеби, бул эмгек менен таанышып чыгып, Э.Арабаевдин тубаса таланты бар агартуучу гана эмес, масштабдуу ой жүгүрткөн мамлекеттик  ишмер, элинин көйгөйүн жакшы түшүнгөн инсандыгын айгинелеген ар түркүн маалыматтарды алууга болот.

Жалпысынан, Э.Арабаевдин юбилейлик жараянынын жүрүшүндө ал кишинин эмгектеринин негизинде 6 аталыштагы китеп жана Т.Абдырахманов, А.Кубатова жана Ж.Байдилдеев тарабынан Э.Арабаевдин ишмердүүлүгүнүн ар тарабын изилдеген “Эки доор инсаны” деген китеби жарык көрдү. Мындан сырткары Т.Абдырахмановдун жана М.Эсенгулованын көлөмдүү монографиялары жарык көрүү алдында. Белгилеп кете турган нерсе бул эмгектердин баардыгы теӊ жеке демөөрчүлөрдүн жардамы менен жарык көрүүдө.

Көрүнүктүү агартуучунун китептерин кайрадан басып чыгаруу иш-мерчемдеринен сырткары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде  агартуучунун 130 жылдык юбилейине карата республикалык жана эл аралык илимий – практикалык конференциялар болуп өттү. Алардын ичинен университеттин педагогика кафедрасы (кафедра башчысы профессор А.Калдыбаева) тарабынан “Маданият жана билим берүүдө агартуучулардын мурастары жана алардын заманбаптуулугу” (5-6 апрель, 2012-ж.), Педагогика институту тарабынан  (директор профессор Ж.У.Байсалов) “Кыргызстандагы билим берүүнүн жаӊылануу мезгилинде мектепке чейинки, башталгыч жана атайын билим берүүдөгү актуалдуу проблемалары” (11-12 июнь, 2012-ж.) жана ушул эле институттун мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасы (кафедра башчысы  профессордун милдетин аткаруучу Орусбаева Т.А.) тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасындагы мектепке  чейинки билим берүү: көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору” аттуу конференциялар өтө жогорку деӊгээлде өткөрүлдү. Жалпысынан, университеттин институттары, факультеттери, кафедра, колледж жана лицейлери тарабынан Э.Арабаевдин юбилейине арналган  ар кандай денгээлдеги 52 конференция өткөрүлүп, алардын материалдары университеттин “Жарчы” (“Вестник”) илимий журналынын 17-санына басылып чыкты. 

Булардан сырткары, кыргыз элинин чыгаан уулу Э.Арабаевдин жаркын элесине жана даӊктуу ишмердүүлүгүнө арналган бир нече макалалар республиканын газета жана журналдарына басылып чыгып,  теле жана радио берүүлөрдө атайын программалар коомчулукка тартууланды.

 

Эшенаалы Арабаевдин 130 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн жыйынтыктоочу отурумдун

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

 Кыргызстандагы билим берүү системасын калыптандыруу маселесине токтолгондо  Эшенаалы Арабаевдин аты өзгөчө орунда болууга тийиш.  Э.Арабаев жүз жыл мурун агартуучу катары өлкөдөгү туташ билим берүүнүн келечегин аныктап, пайдубалын түптөгөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын коомчулугуна Эшенаалы Арабаев белгилүү саясий жана коомдук ишмер, окумуштуу–агартуучу жана педагог катары, кыргыз тилинде басылган алгачкы окуу китептеринин автору, эне тилинин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу араб арибине реформа жүргүзүүчү, «Эркин – Тоо» газетасынын активдүү уюштуруучусу, элдик адабияттарды чогултуучу, өлкөнүн илимий изилдөө иштеринин негиздөөчүүсү  катары кеӊири белгилүү. Бирок  көрүнүктүү агартуучу–педагогдун өмүр баяны, ишмердүүлүгү, анын кийинки урпактарга калтырган мурастары көпчүлүккө дагы да болсо белгисиз.

  Э.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети  элибиздин чыгаан   уулу Эшенаалы Арабаевдин жарык дүйнөгө келгенинин 130 жылдыгын белгилөө шарданы менен бир топ нускалуу жана мазмундуу иш чараларды уюштурууга жетишти. Иш чараларды өткөрүүнүн натыйжасында Эшенаалы Арабаевдин өмүр баяны  ал кишинин тубаса энциклопедиялык талантын жана  өзгөчө  ар тараптуу жөндөмдүүлүгүн айгинелеген жаӊы маалыматтар менен  толукталды.          

Биз, бул отурумдун катышуучулары, көрүнүктүү агартуучу  Эшенаалы Арабаевдин көп кырдуу жана түмөн сырлуу инсанаттыгы боюнча тарыхчылар, педагогдор жана психологдор, тилчи-адабиятчылар, саясат тануучулар, философтор, өздөрүнүн   изилдөөлөрүндө  көптөгөн жаӊылыктарды жаратарын белгилөө менен төмөнкүдөй сунуштарды киргизүү маанилүү деп эсептейбиз:

1.  Агартуучу Э.Арабаевдин  тарыхый документтер тастыктап турган анык ысымын калыбына келтирүү иштерин аткаруу керек экендиги университеттин жетекчилигине тапшырылсын.

2. Э.Арабаев атындагы Мамлекеттик сыйлыкты уюштуруп, аны билим берүү тармагында өзгөчө ийгиликтерге жетишкен педагогдор жана изилдөөчүлөргө республикалык деӊгээлде ыйгаруу менен улуу инсандын аброюн жана педагогдордун кадыр-баркын көтөрүү мүмкүнчүлүгү сунушталсын.

3. Э.Арабаевдин атын алып жүргөн университетте жыл сайын эл аралык илимий-практикалык  “Арабаевдик окууларды” уюштуруу каралсын.

4. Э.Арабаевдин  кыргыз-казак элдеринин арип-тамгасын, адабий тилин жана жазуусун реформалоодогу салымы, “Алаш” улуттук-боштондук кыймылына синирген эмгеги жана кыргыз-казак интеллигенциясынын боордошчулугундагы данакерлиги үчүн анын ысымын Алматы шаарындагы бир көчөгө ыйгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнүн Казахстандын өкмөтүнө кайрылуусу сунушталсын.

5. Э. Арабаевдин педагогикалык мурастарын кайра басып чыгарууну жана жайылтууну улантуу зарылчылыгы белгиленсин.

6.  Э. Арабаевдин жаштарга табият жөнүндө билим берүү идеяларын жана башка окуу методикалык эмгектерин компетенттүүлүк негиздеги окутуу өӊүтүнөн кароо менен илимий-методикалык  изилдөөлөрдү кеӊири уюштуруу маселелери каралсын.

7. Кыргыз тилиндеги окуу китептердин сапаттык жана мазмундук абалын жакшыртуу жолдорун талдап-талкуулоо максатында “Кыргыз тилинде окуу китептерин түзүүнүн теориясы жана практикасы” же “Кыргыз тилинде окуу китептерин түзүүнүн учурдагы көйгөйлөрү” аталыштагы республикалык конференцияны (КМУ, КАО) өткөрүү сунушталсын.

8. Кыргызстандагы жаӊы методдук агартуучулук жана джадидизм көйгөйлөрү боюнча эл аралык конференциясын уюштуруу жана өткөрүү (ноябрь, 2013-ж.). 

Бетти даярдагандар:  М.Эсенгулова, Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент,

М.Токторов, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии