ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫ

  • 14.08.2024
  • 0

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫЖыл өткөн сайын Олимпиаданын аудиториясы дүйнө жүзүнө кеңири жайылып баратат. Кечээ жакында эле Парижде өткөн олимпиада учурунда жадакалса спортту түшүнбөгөндөр да  оюндарды кызуу талкуу менен көрүп, түрдүү ой-пикирлер айтылды. Олимпиада оюндарынын популярдуу болушунун себеби эмнеде? Эмне үчүн спортчулар олимпиада медалын тагынуу менен баа жеткис ырахатка бөлөнүшөт? Мына ушундай суроолорго жооп издеп, олимпиаданын таасири жана баалуулугу, күнгөй-тескейи тууралуу баяндап, талдоого алууга аракет кылып көрөлү.    

Олимпиаданын жөн гана спорттук уюм, катардагы мелдеш эмес экени баарыбызга маалым. Сөзүмдүн башында Олимпиада түшүнүгүнө кыскача токтоло кетейин.  Олимпиада оюндары ар бир континенттен, дүйнө жүзүндөгү 200дөн ашуу мамлекеттин спортчулар катышкан 4 жылда бир өткөрүлүүчү мультиспорттук таймашуу, спорттук ийгиликтердин, жеңиштердин туу чокусу деп аталат. Ооба, 4 жылда бир эки башка категорияда өткөрүлүүчү дүйнөдөгү комплекстүү спорттук иш-чара.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫЖайкы жана Кышкы Олимпиада оюндары. Анда чогулган бүткүл дүйнөнүн спортчулары тынчтыкты жана сый-урматты чагылдырышып, достуктун символун, ошондой эле Олимпиада оюндарынын максатын, философиясын көрсөтүшөт.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫГрекиядагы биздин заманга чейинки олимп оюндарын эске албаганда,  француз спорт ишмери Пьер де Кубертендин демилгеси менен кайра жаралган заманбап эң алгачкы Олимпиада оюндары 1896-жылы Афинада спорттун 9 түрү боюнча өткөрүлгөн.  Алар: Жеңил атлетика, Велоспорт, Гимнастика, Фехтования, Күрөш, Ок атуу, Оор атлетика, Сууда сүзүү жана теннис боюнча алгачкы жеңүүчүлөр аныкталган.  Ошондон бери Олимпиаданын оту жанып, логотиби 1912-жылы иштелип чыкса, 1958-жылы Гимни жаралган.

Олимпиада оюндарындагы тоскоолдуктар

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫАр бир мезгилдин өзүнүн тоскоолдуктары, кыйынчылыктары болгондой Олимпиада оюндарынын ирети менен улануусунда тоскоолдук жаралган учурлар болгон. Афинадан башталган 1896-жылдан бери бүгүнкү күнүбүзгө чейин уланып келген Олимпиада оюндары 3 жолу өткөрүлбөй калган. Биринчиси 1916-жылы Берлинде Биринчи дүйнөлүк согуштун айынан өткөрүлбөй калса, экинчиси да 1940-жылы Токио Олимпиада өткөзүүдөн баш тартып,  Хельсинкиге өткөрүп берген. 1944-жылы өтө турган Лондон Олимпиадасы да экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу өткөрүлбөй калган.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫ2020-жылы дүйнөнү каптаган каратумоо  коронавирусу жана пандемиядан улам 2020 Токио олимпиадасы 1 жылга жылдырылган. Афина Олимпиадасынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин өткөн Олимпиада оюндарынын эсебин тактап өтсөк, 16 жолу Европада, 7 жолу АКШда, 3 жолу Азияда жана 2 жолу Австралия континенттеринде өткөрүлдү. Олимпиада оюндарына эң көп кожоюндук кылган өлкөлөрдүн башында АКШ болсо,   алардын аркасынан Англия, Греция, Франция, Австралия жана Германия өлкөлөрү да эң көп Олимпиадалык жүрүштүн жоопкерчилигин алган. Олимпиада оюндарынын жоопкерчилигин алуу, кожоюндук кылып үйүндө (өлкөсүндө) коноктоо үчүн баардык чыгымды ал өлкөгө жүктөп койбойт. Албетте Эл аралык Олимпиада Комитети (ЭОК) өзүнчө каражат бөлүп берет. Биз болгону Бээжин Олимпиадасынан берки жылдардагы жайкы олимпиадага жумшалган каржатка эле көз салалы.  2008 Бээжин Олимпиадасы 44 миллиард доллар, 2012 Лондон Олимпиадасы 10 миллиард доллар, 2016 Рио-Де-Жанейро Олимпиадасы 13 миллиард доллар, 2021 Токио Олимпиадасы 7,3 миллиард доллар жана 2024 Париж Олимпиадасына 4,38 миллиард евро каражат бөлүнгөн.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫ Олимпиада оюндарын бир гана спорт аянтчалары куруп коюу жетиштүү болбойт. Делегация мүчөлөрүн, спортчуларды жана күйөрмандарды  тейлөөчү жатаканалар, тамак-аш, транспорт, коопсуздук кызматы сыяктуу жоопкерчилиги абдан оор. А бирок, өлкө үчүн жакшы жагын эске алсак, инвестициянын артышы, туристердин келиши жана өлкөнү дүйнөлүк алдыңкы аренага чыгаруу менен экономикалык өсүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет.

Олимпиаданын олуттуу салымы

Олимпиада оюндары көптөгөн адамдарды шыктандырып,жан-дүйнөсүн аруулап, аң-сезимин жогорулатат. Алдыга бийик максаттарды коюп, үлгү, үмүт, достук, тынчтык жана ден-соолуктун булагы. Олимпиаданын алтын медаль ээлери дүйнөдөгү жаштардын кумирине айланып, алардын жүрүм-туруму, көз-карашы, принциби, туруктуулугу айлана-чөйрөнү тартипке чакырып, ынтымакка данакер болуп келет.  Эл аралык Олимпиада комитетинин башкы максаты да тынчтыкты, ынтымакты, достукту жана спорттук кадыр-баркты бекемдөө. Олимпиада оюндарын өткөзгөн мамлекеттер кетирген чыгымдарын кайрадан 2-3 эселеп кирешесин да таап табышат. Мисалы, экономикалык өсүш. Коомдун биримдиги, социалдык теңчилик, маданий өзгөчөлүк жана дени сак чөйрө ж.б. айта берсек түгөнбөйт.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫСоциалдык теңдик демекчи, ЭОК аялдардын спортун өнүктүрүү, өзгөчө аялдардын жана жаштардын социалдык теңдигине көңүл бөлүп баштады. Буга чейинки олимпиада оюндарына салыштырмалуу 2024 Париж олимпиадасында спортчулар жана калыстар тобунун жарымы кыз-келиндер болду. Бул кыз-келиндердин эркиндиги, өзүнө ишенүүсү жана олимпиаданы үзгүлтүксүз өркүндөтүү болуп эсептелет. Себеби, ден сак күчтүү энеден ден сак бала төрөлөт. Эненин түшүнүгү, тарбиясы, эркиндиги балага таасир берет. Аялзат үйдүн куту, бардык жакшылыктардын уюткусу болуусу олимпиаданын санжыралуу жолун улантууга себепкер, данакер болуп келатканын танууга болбойт. Сөздүн кыскасы, спортчу ата-энеден эрки күчтүү спортчулар жаралып, өлкөсүн дүйнөгө тааныта алышат. Албетте, кемчиликтер же мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Бирок, кемчиликтерди тажрыйба катары алсак, кийинки жаралуучу олуттуу ийгиликтерге себеп болот.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫОлимпиада оюндары бүгүнкү күндө абдан популярдуу болгону менен буга чейин анча белгилүү болгон же көпчүлүктүн кызыгуусун жаратпаган. Технологиянын, илим-билимдин өсүшү менен Олимпиада оюндарынын да деңгээли жогорулады. Мисалы, 1904-жылы Сент-Луис шаарында өткөн Олимпиадада башка өлкөлөрдөн катышуу өтө аз болгон. Анткени, спортчулардын баруусуна шарттын жоктугу, каражаттын аздыгы же кымбатчылык  кедерги болгон дейли.  Андагы спортчулардын көбү АКШнын жарандары болгон. Анда 280 медаль даярдалПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫган жана 255 медалды АКШ спортчулары алып кетишкен. Ал кездеги кыйынчылыктар, мүчүлүштүктөр арта калды. Азыр технологиянын заманы, дүйнө эли баардык иш-чараларды убагында экрандан көрө ала турган убакка жетти. Спорттук мелдештердин туу чокусу Олимпиада оюндары экенин да жакшы билишти.

Дагы бир өкүнүчтүү жагдай күчтүү спорттук держава аталган Россиянын команда катары саясый шылтоо менен Париж олимпиадасына катышпай, 4-5 жыл даярдык көргөн спортчуларынын багы ачылбай, өкүттө калганы болду. Бул жагдай дагы олимпиадалык кыймылга көлөкөсүн түшүрөт. Мындан тышкары жынысын алмаштырып, кыз-келиндер мелдештерин катышкандардын жоругу дагы көпчүлүктүн көңүлүн иренжитти.

Кыргыз спортчуларынын каармандыгы, башкаларга сабагы

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫ

Кыргыз спортчулары Олимпиадага катышуусу жана жараткан ийгиликтери менен көпчүлүк жаштарга үлгү болду. Алтынга бир кадам гана калды. 2028 Лос-Анжелс олимпиадасында өзгөчө даярдык жана жаңы жаш спортчулардын байгелүү кадамдарын көрүүнү тилек кылалы. Бүгүнкү Мээримдин, Айсулуунун, Мунарбектин, Акжолдун, Жоламандын жыйынтыктары келечектеги жаштарга үмүт жана стимул болгон болсун.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫ2024 Париж олимпиадасында өкүнүчтүүсү биздин спортчулар эмнегедир алсыздай сезилип, өздөрүнүн чыныгы чеберчилигин, жөндөмүн ачык көрсөтө албагандай туюлду. Дүйнө чемпионаттарында, эл аралык турнирлердеги бийиктигин кармап туралбай, оомат оогондой сезилди.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫУбакыттын айырмасы болдубу же болбосо биздин спортчуларды буга чейинки мелдештерге көп катыштырып, кайра калыбына келбей, чарчатып коюштубу? Балким, Кыргызстанда жеген табигый таза тамактарын Парижде жей албай, күч топтой албай калышты. Кантсе да, биздин тоолуу өлкөнүн тамак-аштарында белок көп, тоюмдуу жана кубаттуу күч берет. Негедир биздин спортчулар бат эле чарчап, энтигип, акыркы мүнөттөрдө дарамы кетип, шалдырап калгандарын баарыбыз эле экрандан көрүп жаттык. Мен муну өтө маанилүү кабарлардын белгиси, коңгуроосу дегим келет. Азыр мурункудай эмес, мамлекет  бардык жагынан колдоо көрсөтүп, машыгууларга жана мелдештерге катышууга толук  шарт түзүп, мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫА балким, спорт федерациялары спортчуларга көп маани бербей кайдигер карап жатабы деген да пикир туулат. Берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура жана эффективдүү пайдаланбаган федерацияларды ушул Париж олимпиадасынан кийин талдоого жана олуттуу текшерүүгө алуу шарт. Алыс кетпей, жакынкы кошуна өлкөлөрдүн спортчуларын алып карайлы. Ар бир спортчунун өзүнүн жеке машыктыруучусу жандап, колдоо көрсөтүп, колуна кол, бутуна бут болуп, канат болуп келди. Балбандарыбыз алсырап, дарманы кетип, суучулубуз катары менен үч олимпиада оюндарына катышса көзгө толумдуу ийгилиги көрүнбөй, мушкерибиз жетим козудай болуп рингке чыкты. Айтор мышык ыйлагыдай абалда калган жагдайларга күбө болдук.

Баарына текши караган өлкө башчысы

АПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫйрым кемчиликтерге карабастан Президент Садыр Нуркожоевич Олимпиадага барган баардык катышуучуларды ардактап тосуп алуу салтанатында акчалай сыйлыктарын жана ар бирине автоунаа тапшырды. Негизи Олимпиаданын байгелүү орундары 5-6-орун. Ага карабастан баарына акчалай сыйлык жана унаа белек кылганы айкөлдүк болду.

 

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫ

А балким, ажобуз стимул болсун, кийинки олимпиададан жакшы ийгилик жаратышат деген тилекте аванс катары тапшырды. Бирок, жеке менин пикиримде айкөлдүктүн да чеги болушу керек го. “Байгелүү орунга жетпесем да сыйлык алдым, демек катышуу гана керек экен” деген ой жаралбасын спортчуларыбызда.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫ Келечектеги жаштар да ушундай түшүнүктө калаар балким. Жеңиштин үзүрү, жемиши – татыктуулардын гана укугу деген ойдомун. Ажобуздун ишине, марттыгына кийгилишкенге менин акым жок экенин жакшы билем.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫ Ошондой болсо дагы баарына белгилүү өлчөмдө, өз деңгээлине жараша эмгектери, мээнети бааланып акчалай сыйлыктарды бергенин колдойм. Бирок, жаркыраган көз жоосун алган  жаңы заманбап авто унаа-аргымактар байгелүү орундарды алган спортчуларга гана ыйгарылса, таасири артып, башкаларга сабак болмок.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫ“Байдын ашын, байкуш аяайт” болуп, аша чаап кетсем, кечирим сурайм. Бирок, коңшу өлкөлөрдүн жетекчилери жеңүүчүлөрүнө гана урмат-сый көрсөтүшүп,  байге албай калган спортчулары бозала болуп, “бармак тиштеп” өкүттө калышты.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫПариж олимпиадасы спорттун башка түрлөрүн да өнүктүрүүгө, массалык спортко, айылдык талантуу жаштарга көңүл бурууга  коңгуроо болду. Чемпиондордун баары айылдан чыгаарын, балбандын, баатырдын, мергендердин урпактарын иликтеп, селекция жүргүзүп, бардык облустарда спорттук мектептерди, олимпиадалык резерв окуу жайларын ачууга убакыт жеткенин көргөздү.

Айрыкча мектептерде дене тарбия сабактарынын деңгээлин жогорулатып, спорт ийримдерин көбөйтүүгө, дене сак улутту тарбиялоо мектептен, бала бакчадан башталаарын, спорт адистеринин, машыктыруучулардын билимин дагы эл аралык талаптарга шайкеш кылуу зарылдыгын Париж олимпиадасы көрсөтүп койду.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫЭң негизгиси, бул оюндардан кыргызстандык спортчулар баа жеткис тажрыйба алышты жана аларга сабак алышты. Экономикасы өнүккөн өлкөлөр менен теңата болуу, аларга каршы туруу дагы эрдик, каармандык десек жарашат.  Айрыкча балбандарыбыз Кыргызстанда спорттук салт-санжыра бекем экенин, өлкөбүздө дагы деле дүйнөнү таң калтыра турган кайраткер, чыгаан уул-кыздар бар экенин, кыргыз спорту зор потенциалга ээ экенин, күйөрмандарга болуп көрбөгөндөй жүрөк толкуткан кубаныч тартуулай турган, миллиондогон жарандардын жүрөгүнөн түнөк таба турган күчтүү спортчулар бар экенин, уучубуз куру эмес экенин көрсөтүп келишти. Муну менен токтолуп калууга болбойт. Алдыда, 2028-жылы Американын Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиада оюндары күтөт. Кийинки Олимпиадага азыртан кам көрүп, кетирген кемчиликтерди жакшылап изилдеп, талдоого алып чыгып, татыктуу даярдык көрүү зарыл.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫКыргыз спортунун келечеги кең. Парижде утуп алышкан 6 байге менен Олимпиаданын тарыхында эгемен өлкө болгону Кыргызстан жайкы оюндарда 14 медалга ээ болуп калды.  2000-жылы Сидней олимпиадасында  дюздочу Айдың Смагулов коло медаль утуп, байге эсебин ачса, 2008-жылы Бээжин олимпиадасында балбандар Канат Бегалиев-күмүш, Руслан Түмөнбаев менен  Базар Базаргуриев- коло медаль тагынып, далай жаштарды шыктандырган.Токио олимпиадасында дагы балбандар Акжол менен Айсулуу -күмүш, Мээрим-коло байгелүү болушкан.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫБул ирет Парижде Кыргызстандын Улуттук Олимпиада тандалма командасынын 16 мүчөсүнөн  2 күмүш, 4 коло медаль утуп, мурдагы олимпиадалык оюндарга салыштырмалуу олжолуу келди. Ал түгүл 80ге жакын спортчусу катышкан Казакстан 1 алтын, 3 күмүш, 3 коло байге утуп келишкенин, спортчулардын саны менен салыштырганда асман менен жердей эле айырма болду. Тажикстан үч коло медаль менен гана чектелди.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫКыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта дүйнө жана Азия чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова күмүш, бокс боюнча 57 килограмм салмакта дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль жеңип, чеберчилиги менен таанылып, тарых жаратты. Мээрим ушуну менен экинчи ирет олимпиадалык байге утса, Мунарбек кыргыз спортунун тарыхында алгач ирет бокс боюнча байге уткан мушкер болду.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫАл эми грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта дүйнөнүн эки жолку жана Азиянын үч жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков, 77 килограмм салмакта дүйнөнүн эки жолку жана Азиянын үч жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов, 97 килограмм салмакта Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков жана 62 килограмм салмакта дүйнөнүн үч жолку жана Азиянын алты жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова коло медалдарды утуп алып, жаш спортчуларга өрнөк болушту.

ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖАНА САБАКТАРЫСебеби, Париж олимпиадасынын кийинки муун үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жаштарыбызды жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырды. Бул олимпиада ушунусу менен баалуу.

Сөзүмдү аяктап жатып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жеңиштин ээлерин сыйлыктары менен куттуктайм. Биздин спортчулардын көбү жаракат алганына карабастан олимпиадага барып, куру кол келбей медаль менен кайтышты. Кыргыз желегин желбиретишти, Кыргызстан деген өлкөнү таанытышты. Кыргыздын кыраандары азаматсыңар!

Бермет НУР,

КР журналисттер союзунун мүчөсү, спорт баяндамачы

 

Поделиться

Комментарии