МУГАЛИМ – КЕЛЕЧЕКТИ КАЛЫПКА САЛГАН КЕМЕНГЕР

  • 16.08.2021
  • 0

Мугалимдик кесип — дүйнөдөгү эң жоопкерчиликтүү, түйшүктүү, гумандуу  кесип. Андыктан мугалимди мамлекеттин, андагы социалдык жана маданий абалдын өнүгүүсүнө түрткү болчу күч катары караса болот.

Адам бул өтө татаал маалыматтык энергетикалык система (Ошо Раджниш)

Мугалимдик кесиптин татаалдыгы мына ушул өтө татаал энергетикалык система менен иштөөсүндө. Жашоого жаңы келген окуучунун адептик аң-сезиминин өнүгүүсү, рухий дүйнөсүнүн тазалыгы, көз карашынын туура калыптанышы — мектеп мугалимдеринин аң-сезимдүүлүгүнөн, көз карашынан, ойчулдугунан, педагогикалык чеберчилигинен көз каранды.  Педагогдордун дүйнө таанымы, билиминин потенциалы, оптимизми – бул тарбиялаган  окуучуларынын эле эмес, мамлекеттин эртеңки келечегин аныктайт.

Мугалимдин эң мыкты деңгээлде өсүп-өнүгүшү билим берүүнүн сапатын жогорулатат. Ал эми сапаттуу билим берүү мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошот. Чындыгында мугалимдер жалгыз гана окуучуларга билим бербестен, жалпы мамлекетке же улутка таасир этет. Ал эми сапатттуу билим берүү өзүн ар тараптуу өнүктүргөн кесипкөй мугалимдин аракети менен гана ишке ашат. Андыктан ар кайсы доордо, ар кайсы мезгилде өз талаптарына ылайык идеалдуу, заманбап мугалимдин  бейнесин түзүп келишкен. Биз дагы азыркы мезгилге ылайыкталган заманбап жана  жемиштүү мугалимдин бейнесин түзгөнгө аракеттенип көрөлү.

Мугалимдин имиджи

Мугалимдин имиджине – кийген кийиминин тыкандыгы, кийиминин жарашыктуулугу, сырткы келбетинин жасалгалуулугу,  кармаган буюмдары, көтөргөн портфели, аксессуарларынын жарашыктуулугу ж.б. көңүл буруу зарыл.

Оратордук чеберчилиги

Оратордук чеберчилик да мугалим үчүн маанилүү сапаттардын бири. Өзгөчө мугалимдин  үнүнүн тону, даана, так, түшүнүктүү, мазмундуу сүйлөөсү, дикциясы, жести.

Мугалимдин үнү таасирдүү жана жагымдуу болушу керек.  Монотондуу үн  жагымсыз болот. Окуучуларга ыңгайсыздык жаратпаш үчүн үндүн катуулугуна да көңүл буруу керек. Өтө кыйкырып да, же өтө акырын да сүйлөбөш керек, өтө акырын сүйлөсөк, арткы партада отурган окуучулар укпай калышы мүмкүн.

Мугалим сүйлөп жатканда “эмиии, немеее, ошооо, мммм ж.б.” ашыкча тажатма сөздөрдү кошпогонго аракет жасоо керек. Андан соң, сүйлөө ылдамдыгы. Адамдын сүйлөө ылдамдыгы мүнөтүнө 120-180 сөздү түзөт.

Мугалимдин инсандык сапаттары

Мугалим алгач кесибин, андан соң окуучуларын берилип сүйбөсө жакшы натыйжа бере албайт. Мугалимдин балдарга чын жүрөгүнөн берилгендигин окуучулар сезишет жана баалашат. Мугалим балдарга ата-энесиндей камкор болуусу керек. Ар бир бала өзүнчө дүйнө. Баардык окуучуңду жакшы, жаман кылыктары менен бирге өз балаңды сүйгөндөй сүйсөң гана ал бала сага жан дүйнөсүн ачып берет. Ал дүйнө ачылганда гана сен ага керектүүнү бере аласың жана андан да өзүңө керектүүнү ала аласын. Окуучуларыңды көп урушуп, көр жеме болбо.

Адамдар кайсы жашта болбосун ар дайым сүйүүгө жана мээримге муктаж. Ошондуктан адамдар бизди сүйгөн жана мээрим төккөн, көңүл бурган  адамдарды жакын сезе баштайбыз.

«Коркуткан мугалим» принцибинде сабак өткөн мугалимдердин сабагында окуучулар корккондугу үчүн уккандай болгону менен окуучунун бүтүндөй мүмкүнчүлүгү жабык бойдон калат. Тескерисинче, окуучуга өзүн сүйдүрүп, ал аркылуу окуучунун баалуулуктарын ача алган гана мугалим эң баалуу мугалим боло алат.

Мугалимдин маанайы

Класска жылмаюу менен кирип, шаңдуу саламдашуусу керек.  Мугалимдин кабагынын салыңкы болушу, ооруп тургандай, чарчаңкы көрүнүшү окуучулардын маанайын чөктүрөт. Сабак учурунда окуучулардын маанайына маани берүү абзел. Өзгөчө, сиз маани берип, алардын ар биринин психологиялык абалына көңүл бурганыңызда, алар муну сезишет.

Сөзгө жана убакытка так болуңуз

Мугалим сабакка өз убактысында кирүүсү керек. Сиздин бул маселе боюнча кылдаттыгыңыз окуучулардын да сабакка убактысында кирүүсүнө  түрткү болот. Эгер мугалим сабагына кечигип калса, окуучулардан кечирим сурап, андан соң гана сабагын баштоосу зарыл. Мугалим өзү кечигип келип, анан окуучуларга сабакка кечикпей келүүсүн талап кылуу туура эмес.

Адилеттүү болуңуз

Адилеттүүлүк – бул баланын мугалимине карата ишениминин негизи.

Окуучулар менен дайыма чынчыл мамиледе болуу менен мугалим адилеттүү болушу зарыл. Өзүңүздүн даана жана так белгиленген тартип стандарттарыңыз болсун. Бирок эрежелер менен чечимдерди окуучулар менен биргелешип кабыл алганыңыз максаттуу болот. Кабыл алынган чечимдерди аткарууда ар бир окуучуга адилеттүү мамиле жасоо керек.

Мугалимдин пикир алышуусу

Мугалим саламдашканда жана окуучуну сурап жатканда окуучуга аркасын салып же кырланып турбоосу керек. Мугалим окуучуну сурап жатканда окуучуну тулку бою менен бурулуп, алардын оюн бузбастан соңуна чейин угуш керек. Мугалимдин окуучуга тике карашы, анын өзүнө болгон ишенимин, окуучу мугалим үчүн маанилүү экендигин, күчтүүлүгүн арттырат.

Окуучуну эч качан атаандашыңыздай кабыл албаңыз. «Сүйлөбө», «жап жаагыңды» ж.б. деген сөздөр менен урушкан мугалимден тарбияланган окуучу, өзүнө ишенимсиз өзүн төмөн сезген инсан болуп тарбияланат.

Өзгөчө жогорудагыдай мамиле кылган мугалимге окуучулар да каршы чыгат, кээде мугалим менен тирешүүгө алып келет. Окуучулардын көңүлүн оорутпаш үчүн, өзүнө да ыңгайсыздыкты жаратпаш үчүн мугалим окуучуга жылуу мамиле жасап, эгер окуучу сабакка даяр эмес келсе, же тентектик кылса, акырын  «мен сенден мындайды күткөн эмесмин», туура эмес кыймыл-аракетин баса көрсөтүүсү керек.

Окуучуларга ар дайым өз атын атап кайрылыңыз. Өз атын атап кайрылуу, биринчиден, сиз ага маани берип жатканыңызды билдирсе, экинчиден, ага жоопкерчилик артылганын сезет. Окуучу класстан сырткаркы жерлерде салам айтканда сөзсүз түрдө саламын кабыл алыңыз, эгер сиз анын саламын кабыл албай койсоңуз, кээде алаксып калсаңыз деле анын ичинде бир аз таарынуу сезими пайда болот да, ал экинчи сиз менен саламдашкысы келбей калат. Эгер саламын кайсы учурда болсо да кабыл алсаңыз, ал мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилени жакындатат. Эгер ыраазычылыкка атын кошуп койсоңуз андан да жакшы болот. М: Саламатсынбы Айдай, рахмат.

Сабырдуу жана толеранттуу болуңуз

Окуучулардын класстын ичиндеги кылык-жоруктарына ашыкча эле чек кое бербеңиз. Сабырдуу болууга аракет жасаңыз. Окуучулардын тамашалашуусуна, кулкүлөрүнө жана ар түрдүү кылык-жоруктарына кандайдыр бир чекке чейин тушүнүүгө аракет кылыңыз. Алар менен чектен ашпай тамашалашкандан тартынбаңыз. Окуучуларды баласынтып, алар кызыккан нерселерге көңүл кош мамиле жасабаңыз. Мисалы, сабакка киргениңизде окуучулардын толкунданып турганын көрсөңүз, аны маанисиз деп билип, дароо сабагыңызды баштабаңыз. Бир-эки мүнөт болсо да алар үчүн актуалдуу болгон маселеге көңүл буруп коюңуз.

Жазалоо үчүн шылдыңдабаңыз

Окуучулардын сизге жакпаган кемчиликтери үчүн аларды шылдыңдаганга аракет кылбагыла. Класстын ичинде эч качан аларды кемсинте турган мамиледе болбогула. Сабак учурунда силер ойлогондой жоопту бере албай калса да, аларды шылдыңдоого жол бербегиле. Тескерисинче,  «бүгүн бир аз даярдыксыз келиптирсин, бирок эмкиде сөзсүз даярданып келесиң деп ойлойм», — деп шыктантып, окуучунун кийинки сабакка даярданып келүүсүнө шарт түзүү керек.

Мугалимдин окуучуну мактоодогу сыйкырдуу күчү

Байыртан адамдар «талант мактоо аркылуу жаралат» дешкен. Мактоодон алган дем-күч бул өзүбүздү алдоо эмес, чыныгы күч болуп саналат. Мактоо бүгүнкү күнгө чейин түшүндүрүлүп бүтпөсө да, ал физикалык энергияны сыртка чыгаруучу күчкө ээ экендиги талашсыз. Мактоону туура колдонуу менен окуучуну шыктандырсаңыз же мотивация берсеңиз болот.

Мугалим — мамиле куруунун устаты

Мугалим ийгиликке жетиш үчүн сезимталдуулук, тажрыйбалуулук жана эр жүрөктүк аздык кылат. Ал үчүн эң башкысы мамиле куруунун да устаты болуу керек. Мыкты мугалим табиятынан берилген бай тажрыйба жана терең билим менен сугаргандай эле окуучулар, ата-энелери жана кесиптештери менен болгон мамиленин жол-жоболорун өнүктүрүүсү зарыл.

Пикир алышуу оной-олтоң иштей көрүнгөнү менен, ал өтө татаал процедура. Пикир алышуу, угуу, жооп берүү, толкундоо, өзүндү пикирлешиңдин ордуна коюп көрө билүү жана оюбузду жеткиликтүү түшүндүрүүдөн өткөн татаал иш жок болсо керек. Бул абдан чоң тема, ошондуктан бул жерде кыскартуу киргиздик.

Ата-энелер менен тыгыз иштөөсү жана мамиле куруусу

Азыркы учурда мугалимдер арасында окуучудан дагы ата-эне менен иш алып баруу кыйынчылыкты туудуруп баратканы жашыруун эмес.

Ата-энелерди эки бөлүп караса болот: кээ бир ата-энелер баласы кандай болсо, кемчиликтери менен кошо кабыл алат. Экинчиси, баласынын кемчиликтерин эч качан көргүсү келбей, жалаң гана жакшы  дегенин уккусу келгендер.

Ата-энелер менен мамиле курууда төмөнкү эрежелерди сактаганга аракет жасаңыз: Сылык мамиледе болуңуз; ата-энеге дайыма сиз деп кайрылыңыз; ата-эне менен сүйлөшүүдө эмоцияңызды көрсөтпөңүз; ата-эне менен жолугушууну конкреттүү маселелер боюнча уюштуруңуз; баласынын көзүнчө эч качан сындабаңыз; баласынын кемчилигин көпчүлүктүн көзүнчө жарыялабаңыз; ата-энеге баласына ошол ата-энедей эле кам көрөрүңүздү билдириңиз, аны сөз менен эмес иш менен далилдеңиз.

Мугалимдин предметин мыкты билүүсү

Өз предметиңизди эң мыкты билиңиз. Эгер сиз предметиңизди жакшы билбей, бирок жогоруда мугалимге тиешелүү сапаттарыңыз жетиштүү болгону менен баары бир окуучулардын сүйүктүү мугалими болушуңуз күмөн туудурат. Ал эми предметиңизден күчтүү болуп, бирок жогорку сапаттар жетишсиз болсо, анда дагы окуучуларды сабагыңызды сүйдүрүп окута албайсыз.

Сабагыңызды сүйдүрүңүз: ал үчүн сабакка мыкты даярдыкта келиңиз; ар бир нерсени даана жана так пландаңыз; сабакты ар түрдүү ыкма жана оюн-зооктор менен кооздоңуз; кабыл алуусу мыкты жана жай окуучулар үчүн да кошумча материалдарыңыз бар болсун; талаптарыңызды жана эрежелериңизди даана так айтыңыз.

Окуучулардын активдүүлүгүн күчөтүңүз

Окуучуларды эс алдырыңыз. Ал үчүн репертуарыңызда кыска жана сабак болуучу кызыктуу окуялар, өрнөк болуучу окуялар, анекдоттор, ар кандай физикалык көнүгүүлөр, баш катырмалар ж.б. болсун. Сабакты ар кандай методдор менен,  жаңы технологияларды колдонуу менен өтүнүз. Окуучуну мактоону жана колдоо көрсөтүп, жардам бергенди унутпаңыз. Коңгуроо болор замат танаписке чыгууга уруксат бериңиз.

Мугалимдин маалыматтуулугу

Коомдун өнүгүүсүнө жараша, окуучуларга маалыматты алуучу жолду көрсөтүү үчүн, кантип билим алуу керектигин көрсөтүүчү болушу керек. Мугалим, кайсы темада болсо да окуучунун өзүнөн ашып түшүүсүнө жол баштоочу болушу керек. Андыктан окуучу маалыматты кайдан, кантип алуусу керектигин үйрөтүү үчүн, алгач өзү да маалыматтуу болушу керек. Заманбап ыкмаларды колдонууга аракети; жаңы технологияларды колдонуу менен сабак өтүүсү; ар кандай тармакта маалыматтуулугу (илимий, маданий, саясий, спорт, экономика, тарых) ж.б.

Ден соолугуна кам көрүү

Ар дайым ден соолугуңузга кам көрүңүз. Ден соолугуңуз бекем болгондо гана, кызмат жана ийгилик болот!!!

Мендирман Ысмаилов, интернет булактарынан алып даярдаган

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер