“ЖЫЛДЫЗДУУ ЖЭЭКТЕГИ” ТОЛКУНДАР
- 05.07.2023
- 0
Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун демилгеси менен үч жылдан бери өткөрүлүп келаткан “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалы быйыл да таланттууларды сүрөп, жаш авторлорго дем берди.
Бул ажайып майрам касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгине – “Акун” пансионатында июнь менен июль тогошкон төрт күн бою улантылды.
Фестивалдын поэзия боюнча баш байгесин уткан Нуриза Өмүрбаева 100 миӊ сом менен кошо “Акун” пансионатында жети күндүк эс алуу жолдомосун да алды. Биринчи орунду Махабат Касеинова (40 миӊ), экинчи орунду Айзат Кудайберди кызы (30 миӊ), үчүнчү орунду Чыӊгыз Рыскелди (20 миӊ) ээлешти. “Жылдын табылгасы” номинациясы боюнча Бектурсун Адиев сыйланды.
Ал эми мамлекеттик ишмер, акын, өндүрүшчү Чыныбай Турсунбековдун өрнөгүн үйрөнүүгө арналган “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” эссе сынагында жалпы 100 миӊ сомдук байге коюлду. Жеӊүүчүлөр: Айпери Жолболдиева (1-орун – 30 миӊ), Айтолкун Алтынбекова (2-орун – 25 миӊ), Ишенгүл Талантбекова (3-орун – 20 миӊ), Арлен Нурланов (4-орун – 15 миӊ), Жетиген Адилбек уулу (5-орун – 10 миӊ), Сезимбек Маматибраимов (6-орун – 5 миӊ сом).
Бул фестивалдын дагы бир өзгөчөлүгү – өнөр жана таалим-тарбия тармагындагы иштерди колдогон, таланттууларга дем берген сүрөөнчүлүк (меценаттык) салтты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөндүгү. Ушундай маанилүү иш-чараны өткөрүүгө маркум Чыныбай Турсунбековдун санаалаш достору, туугандары, жердештери да чоӊ салым кошуптур.
Токтосун Самудинов, Кыргыз Республикасынын эл акыны:
— Бул фестивалга катышканы эле ар бир жаш калемгер үчүн чоӊ сыймык. Ал эми жеӊүүчүлөрдүн байге алганы башкалардын да чыгармачылыкка кызыгуусун арттырат. Кийинки жылдары башка жанлар боюнча да конкурстар уюштурулса жакшы болот. Бул сынактын дагы бир пайдасы – калем шилтеген балдар, жаштар эне тилин жакшыраак билүүгө умтулат.
“Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалынын жеӊүүчүлөрү Нуриза Өмүрбаева, Айзат Кудайбердиева жана Махабат Касейинова. (Улукбек Омокеев тарткан сүрөт)
Эсенбай Нурушев, белгилүү публицист, адабиятчы:
— Мен калыстар тобунда болгон жокмун. Бирок баш байге алган Нуриза Өмүрбаева менен биринчи орунга чыккан менен Махабат Касейинова ырларын окуп бергенде, эл акындарынан калышпагыдай деӊгээлге жеткенин байкадым. Мен үчүн ушул экөө ачылыш болду. Эми алар мындан ары да чыгармачылыгын өркүндөтүп кете алабы же өспөй токтоп калабы – бул өзүнчө суроо. Акындык да – тагдыр. Кээ бирөөлөр жарк этип жанып, анан бат эле өчүп калат. Мен ушул эки автор чыгармачылыгын өжөрлүк менен улантып, поэзияда жакшы из калтырууга жетишин каалайм.
— Эссе жазган балдарга көӊүл бурдуӊузбу?
— “Эссе” деген публицистикалык, философиялык ойлорду көркөм туюнткан өтө бийик жанр эмеспи. Ага мен деген чоӊ жазуучу, акындар деле даап кирише албаган. Ошондуктан балдардын жазганын дилбаян же ой толгоо деп эле атасак туура болот.
Акбар Рыскулов, Кыргыз Республикасынын эл акыны, фестивалдын калыстар тобунун төрагасы:
— Жайдын толук кезинде көл жээгинде акын, мамлекеттик ишмер Чыныбай Турсунбековдун элесине арналган “Жылдыздуу жээк” деген адабий фестиваль быйыл үчүнчү ирет өткөрүлдү. Экинчи жолу катышып жатам, менин баамымда, жылдан жылга бул фестиваль жакшы уюштурулуп, ага көӊүл бургандар, кызыккандар көбөйүп жатат. Биз кол жазмаларды бир айдан ашуун убакыт бою окудук. Ар бирибизге электрондук форматта жиберишти. Авторлордун аты-жөнү жашырылгандыктан, биз текстке гана баа бердик – калыстык үчүн ушул ыкма абдан ылайыктуу болот экен. Ар бирибиз койгон упайларды компьютерде эсептеп чыгып, 130дай кол жазмадан эӊ мыкты бешөө иргеп алынды. Финалдык тур Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөнү да өтө жакшы болду. Улуу муундагы акындардын кеӊешин угуп, өз ара пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мындай ишти өз деӊгээлинде уюштуруу үчүн дилгир адамдар болушу керек. Чыныбайдын жубайы Нуржан Тентимишованын бул демилгесин баарыбыз колдоп турушубуз керек. Иштин жүрүшүнө өзү да түздөн-түз аралашып, көз салып, мындан ары дагы кандайча жакшыртуу керек деп катышуучулар менен да акылдашып келет.
Мыкты эссе жазган Айпери, Ишенгүл жана Айтолкун (оӊдон солго).
Жумадин Кадыров, басма ишмери, эссе боюнча калыстар тобунун төрагасы:
— Авторлору жашырылып, номур менен белгиленген эсселерди окуп, талапка туура келишине жараша упай койдук. Калыстар тобундагы беш киши да бири-бирин көрбөй, билбей, ар кимибиз өзүбүзчө бааладык. Эӊ жогорку көрсөткүчкө жеткен алтоо марага келди. Бул жерде эл алдына чыгып, темага тиешелүү суроолорго жооп бергенине жараша дагы упайлар кошуп эсептелди.
— Эсселердеги эӊ кызыктуу же өзгөчө ой кайсы болду?
— Биринчи орунга чыккан Жолболдуева Айпери ыр жөн эле уйкаштырып жаза берсе болот деп жүрчүмүн, Ч. Турсунбековдун китептерин окуган соӊ бул канчалык түйшүктүү иш экенин түшүндүм дептир. Экинчи орунду ээлеген Айтолкун “Мен сени издейм, Адам” деген аталыш коюп, түрдүү багыттагы адистерди издейбиз, бирок адамды издеп, баалап-барктаганды билбейбиз деген ойлонто турган сөздү жазыптыр. Ишенкүл болсо Ч. Турсунбеков жөнүндө көркөм тасма тартылышы керек деп жазган экен, кийин эл алдында жактаганда бул демилгени ишке ашыруу үчүн кандай салым кошор элеӊ деген суроого чыгаан ишкер, акын агабыздын өмүр шериги Нуржан эженин ролун ойноп көрмөкмүн деп жооп берди.
Тынчтыкбек Алтымышев, журналист:
— Чыныбай Турсунбеков мыкты ишкер эле эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон лидер катары кийинки муунга өрнөк болду. Саясатта ар кандай интригалардан оолак туруп, таза иштөө мүмкүнчүлүгү бар экенин далилдеди.
Садырбек Турдубеков, акын:
— Фестивалды уюштуруучуларга алкыш айтабыз. Бир сунуш айтайын. Катышкандар, айрыкча финалга чыккандар үчүн байгеден да устаттардын сын пикирин, кеӊешин угуу көбүрөөк маанилүү. Ошондуктан кимдин кайсы ыры эмне үчүн мыкты деп табылганын, кандай кемчиликтери бар экенин көрсөтүп беришсе, абдан жакшы болмок.
Жаш талант Айзат – Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин 2-курстагы студенти
Мээрим Сайдилканова, “Нуска” котормочулар тобунун координатору:
— Эсселердин айрымдарын жазганга мугалимдер, ата-энелер жардам бергени көрүнүп калды. Ошондуктан мындан кийинкиде биздин жердешибиз, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун ушундай конкурс өткөрүүдөгү тажрыйбасын да эске алсак жакшы болор эле. Ал конкурстун экинчи турунда ар бир бала калыстардын көз алдында башка дилбаян жазат. Дагы эки сунуш: 1) англис, орус тилдеринде жазууга жол берели; 2) китеп жарманкесин да кошолу. Биздин котормо борбордон ушул фестивалга салым катары эӊ жакшы жазылган бир чыгарманы түрк тилине акысыз которуп берели деп чечтик.
Жолдош Турдубаев
Комментарийлер