ЖУСУПТУН 110 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

  • 29.01.2020
  • 0

Алыкул акын “Анын ыры шекер, шербет, бал эле” деген бийик баасын берген кыргыздын таланттуу акыны, драматург Ж.Турусбековдун 110 жылдыгына арналган чакан иш-чаралардын алгачкысы анын кичи мекени — Тоң районунун Көк-Сай айылындагы Ж.Жамгырчиев атындагы мектепте өттү.

ЖУСУПТУН 110 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Мектептеги Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Т.Акматовдун классында өткөн КР Билим берүүсүнүн мыктысы, кыргыз тили жана адабияты мугалими Саадат Шабдановдун ачык сабагында 6-7-класстын окуучулары Жусуптун ырларын, акынга арналган замандаштарынын, калемдештеринин ырларын көркөм окуп беришти. Андан тышкары, эл арасындагы эң эле популярдуу обондуу ырларын аткарышып, акындын басып өткөн кыска, бирок нуска өмүр барагына көркөм экскурсия жасашты.

Мектептин директору Мирлан Өскөнбаевдин айтымында учурда бул мектепте 230 окуучу билим алат. Өткөн кылымдын 50-жылдарында ашар жолу менен курулган бул мектептин заманбап жасалгаланганын, мугалимдер да, окуучулар да IT кабинетинин активдүү колдонуучулары экендигин көрүп кубандык.

ЖУСУПТУН 110 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Б.Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Илич Көөкөров, бул алгылыктуу иштер айыл өкмөттүн эл аралык уюмдар менен түзгөн алакасынын натыйжасы деп белгилейт.

— Кореянын “Жакшы кошуна” эл аралык долбоору менен кызматташып, биз Көк-Сай айылындагы Жума Жамгырчиев атындагы мектептин китеп окуй турган залын, китепкананы, мектептин ашканасын тиешелүү эмеректер менен толук жабдып алдык. Китепкананын фонду кошумча 500дөй китеп менен толукталды. Ушул эле долбоордун алкагында IT кабинетине 25 компьютер койдук. Азыркы учурда мектептеги мугалимдер жана окуучулар Интернет байланыш менен толук камсыз болушкан,-дейт Илич Көөкөров.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер