ЖОЖГО КАБЫЛ АЛУУНУН БОСОГО БАЛЛЫ ЖАНА МӨӨНӨТҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 10.06.2019
  • 0

Быйыл жылдагыдай эле жогорку окуу жайына жалпы республикалык тестирлөөдөн негизги тесттен 110, предметтик тесттерден 60  баллдан жогору алгандар тапшыра алышат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Кабыл алуу өнөктүгү   8-июлда башталат.

ЖОЖГО КАБЫЛ АЛУУНУН БОСОГО БАЛЛЫ ЖАНА МӨӨНӨТҮ АНЫКТАЛДЫ

1-тур

8-10-июль – талондорду кыркып таштоо жүрөт.

10-июлда 14.00дө талондорду кабыл алуу токтотулат.

11-июлда саат 10.00го чейин талапкер болгон абитуриенттрдин тизмеси илинет.

11-13-июлда абитуриенттер келип окуй тургандыгын тастыктап кетиши керек.

 

2-тур

15-17-июлда талондор кыркылат. Талон кыркуу 17-июлда саат 14.00дө токтотулуп, жыйынтыгы 18-июлда саат 10.00гө чейин илинет. 18-20-июлда абитуриенттер келип окуй тургандыгын тастыктап кетет.

3-тур Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт.

22-24-июлда талондор ташталат. Ал 24-июлда саат 14.00до токтотулуп, 25-июлда саат 10.00гө чейин талапкерлердин тизмеси илинет. Башка турлардай эле эки күндүн ичинде, тактап айтканда,  25-июлдан 27-июлга чейин абитуриенттер өткөн окуу жайына келип, окуй тургандыгын тастыктап кетиши керек.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер