ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ: БҮГҮН IV ЭТАП БАШТАЛДЫ

  • 23.01.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылдын 23-январында жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окуу үчүн кышкы кабыл алуунун IV туру башталгандыгын маалымдайт.

ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ: БҮГҮН IV ЭТАП БАШТАЛДЫ

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 23-январда башталып, 25-январь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 26-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 2023-жылдын 28-январы саат 16:00го чейин тастыктоосу керек.

I, II, III турдун жыйынтыгы менен жалпысынан 693 талон катталып, ЖОЖдор 656 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Андан 554 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.

Бөлүшүү

Комментарийлер