ЖОЖ ОКУТУУЧУЛАРЫ ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ

  • 24.05.2018
  • 0

ЖОЖ ОКУТУУЧУЛАРЫ ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ24-майда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетте мамлекеттик тилди окутуунун орчундуу маселелерин талкууга алган семинар болуп өттү. 

Аталган иш-чараны окуу жайдын факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы Кыргыз улуттук университетинин Күнүнө карата уюштуруп, ЖОЖ окутуучуларынын педагогикалык чеберчилигин жогорулатууну көздөдү. Уюштуруучулардын айтуусунда семинардын негизги идеясы жана максаты кафедранын өнүгүү стратегиясына төп келет.  Семинарда мамлекеттик тилди окутуудагы бир топ алгылыктуу ыкмалар мисалы; кыргыз тилин чет тили катары, кыргыз тилин иштиктүү тил катары, кыргыз тилин  адистик катары, кыргыз тилин тилдик деңгээлдер боюнча окутуу жолдору талкууга алынып, келерки окуу жылынан тартып ЖОЖдордо окутула турган «Кыргыз тили жана адабияты» дисциплинасы боюнча алгылыктуу сунуштар берилди.

А.Алибеков

Бөлүшүү

Комментарийлер