“ЖОЛ КООПСУЗДУГУ” БИРИКМЕСИ БРИТАНИЯНЫН СЫЙЛЫГЫНА ТАТЫКТУУ БОЛДУ

  • 22.12.2018
  • 0

“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси 2018 жылдын 11- декабрында Ханзаада Майкл атындагы жол коопсуздугу боюнча жогорку даражадагы сыйлыкка ээ болуп кайтты.

“ЖОЛ КООПСУЗДУГУ” БИРИКМЕСИ БРИТАНИЯНЫН СЫЙЛЫГЫНА ТАТЫКТУУ БОЛДУ

Сыйлыкты «Жол коопсуздугу» бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетовага ханзаада Майкл өзү тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземи Лондон шаарында болуп, анда коомдук бирикменин жол коопсуздугун жакшыртууга багытталган жетишкендиктери жогору бааланды.

Сыйлыкка, Кыргызстандагы жол коопсуздугу боюнча алектенген биринчи бейөкмөт уюмдун алты жылдан берки (2012-2017) иш-аракеттери жана ошондой эле 2017- жылы Улуу Британиянын КРдагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылган, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатуу боюнча долбоор ээ болду.

Жюрилер тарабынан: » Аз  бюджеттин чегинде -көп кырдуу инновациялык ыкманы колдонуп, мыкты лидерлик сапатты көрсөтүү менен ар тараптуу өнөктөштөрдү кызматташтыкка  шыктандырууга жетишүү өтө чоң мааниге ээ”- деген баа берилди.

“ЖОЛ КООПСУЗДУГУ” БИРИКМЕСИ БРИТАНИЯНЫН СЫЙЛЫГЫНА ТАТЫКТУУ БОЛДУ

Долбоор статистикалык маалыматты чогултуп, талдап жана алмашуу үчүн,  жергиликтүү бийлик, айрыкча  ЖКККБ  жана Мэрия менен тыгыз иштешүүнү көздөгөн. Себеби долбоор  далилдүү маалыматка таянуу менен жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздук саясатын иштеп чыгууну максат кылган.

“Акылдуу шаар” долбоорунун алкагындагы жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу” долбоорунун жыйынтыгы камтылган отчет көрсөткөндөй, Бишкекте 2017 жылы 570 адам жол кырсыгынан жабыр тартып анын 48% жөө жүргүнчү болсо, 22% 16 жашка жете элек балдар болгон. Сурамжылоого катышкан адамдардын жарымы (200 адамдан 98и) жолду кесип өтүүдө өздөрүн коопсуз эмес сезерин айтышкан.

Өтө кооптуу деп эсептелген аймактарды белгилөө жана аларды жакшыртуу үчүн интерактивдүү карта иштелип чыккан. Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу боюнча демилге көтөрүлүп чыгып, шааардын дизайны тургундардын коопсуздугуна багытталуусу керектигин талкуулаган Кыргызстандагы биринчи долбоор болду.

Бул долбоор кайрадан жаңы EASSTтин колдоосундагы  (апрель 2018- март 2019) “Акылдуу шаар долбоорунун алкагында “Бишкек шаарындагы балдардын коопсуздугу” аттуу долбоордун келип чыгышына түрткү болду. Ал буга чейинки 2017 жылдагы долбоордун жыйынтыгына таянып, Бишкекте кооптуу деп эсептелген аймактарда  балдардын коопсуздугун жакшыртууга өзгөчө басым жасайт.

Сыйлык берүүчүлөрдүн сайтында жарыяланган макаладан: Жол коопсуздугукоомдук бирикмеси Кыргызстандагы жолдогу коопсуздук боюнча алектенген биринчи бейөкмөт уюм. 2012 жылы түзүлгөндөн бери бирикме жарандардын бул тармак боюнча маалыматын арттыруудан баштап, балдар үчүн окутуу усулдарын иштеп чыкканга чейин жеткен он бешке жакын долбоорду жүзөгө ашырган. Бул убакыт ичинде абдан көп ийгиликтерге жетишкендигин коомчулук тарабынан алкоого арзыгандыгы тастыктайт.

Маалымат: Ханзаада Майкл Кент отуз жылдан бери Улуу Британияда жана дүйнө жүзү боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы демилгелерди колдоп келет. Ар жыл сайын жол коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы эн ийгиликтүү деп саналган эл аралык демилгелер ушул системанын алкагында сыйланат.

Сыйлыкка татыктуу болгондор ар жыл сайын декабрда өтүүчү салтанаттуу аземде Улуу урматтуу Кент ханзаадасы менен жолугушуу үчүн чакырылышат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер