“ЖЕТИГЕН” ЛИЦЕЙИНИН ОКУУЧУЛАРЫ ТЕАТРАЛДЫК ФЕСТИВАЛДА “ЭЛДИК ТАНДОО” НААМЫНА ТАТЫШТЫ

  • 21.11.2018
  • 0

Жакында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «Устат-шакирт» салттык музыка борбору менен биргеликте «Айтматов жана театр ааламы» аттуу «Умтул» тармактык балдар театрынын фестивалын өткөрдү.

 

“ЖЕТИГЕН” ЛИЦЕЙИНИН ОКУУЧУЛАРЫ  ТЕАТРАЛДЫК ФЕСТИВАЛДА “ЭЛДИК ТАНДОО” НААМЫНА ТАТЫШТЫ

Маалыматка ылайык,  фестиваль 11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Талас шаарынын обулустук драма театрында өттү. Ага республика боюнча тандалган 13 мектептин окуучулары жана коңшу Тажикстан өлкөсүнөн келген коноктор катышты.

Фестивалга Ош шаарынын «Жетиген» мектеп-лицейинин окуучуларынан түзүлгөн «Умтул» театралдык тобу Чыңгыз Айтматовдун «Кыямат» романынын негизинде алынган «Өлүмдөн өмүр артык» аттуу спектаклди ийгиликтүү коюп келишти. Жыйынтыгында алар «Элдик тандоо» номинациясына жана башка сыйлыктарга ээ болуп кайтышты.

Аталган романдын негизинде алынган спектаклдин тематикасы, идеясы: жаш, өсүп келе жаткан өспүрүмдөрдүн туңгуюкка учурап, өз тагдырларын өзү чече албай, баңгиликтин тузагына түшкөндөрдү Авдий Калистратовдун образы менен оң, жарык, таза жолго үндөөсүн ачып берүүгө аракет жасашты.

Каармандардын образдарын жараткан окуучулар: 7- класстын окуучулары Жумабаев Нурсейит, Жолдошова Фатима, Салимбек уулу Самат, Жеңишбеков Адилет, Кыязов Шермухамед, Сартмаметов Бекзат; 8-классынын окуучулары Мурзакулов Нурбек, Сарыева Аяна; 6-класстын окуучусу Махамадалиев Азирет.

“ЖЕТИГЕН” ЛИЦЕЙИНИН ОКУУЧУЛАРЫ  ТЕАТРАЛДЫК ФЕСТИВАЛДА “ЭЛДИК ТАНДОО” НААМЫНА ТАТЫШТЫ

  • Бул спектаклди даярдоо жана аткаруу, фестивалга катышуу көп эмгекти талап кылды. Ал үчүн «Умтул» театралдык ийриминин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүүнүн мыктысы, кыргыз тили жана адабияты мугалими Алтынай Мусаеванын кошкон салымы чоң болду, — дейт “Жетиген” мектеп-лицейинин директору Кыялбек Акматов.
  • Фестиваль окуучулардын театрга , көркөм адабиятка болгон көз карашын өзгөрттү, жан дүйнөсүн байытты. Фестивалдын уюштурулушуна «Устат-шакирт» салттык музыка борборунун жетекчиси Разия Сырдыбаеванын, көркөм жетекчи Самат Көчөрбаевдин, жамааттын эмгеги опол тоодой. Ошондой эле Талас жергесине барууда окуучуларга колдоо көрсөткөн ата-энелерге, мектеп директору К.Акматовго ыраазычылык билдиребиз. Мындай иш-чаралар республикада көп-көп өткөрүлүп турса, мындан да мыкты ийгиликтер жарала бермекчи, — дейт топтун жетекчиси Алтынай Мусаева.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер