ЖЕТИ УНИВЕРСИТЕТ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ
- 27.03.2023
- 0
Бүгүн, 27-мартта жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп-анализ жыйынында жети университеттин ортосунда академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча меморандумга кол коюлду.
Алар:
- Баткен мамлекеттик университети;
- Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;
- К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;
- И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
- С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;
- А. Мырзабеков атындагы Ош мамлекеттик Педагогикалык университети;
- Талас мамлекеттик университети.
Меморандумга кол койгон жогорку окуу жайлар ортосунда студенттерди алмашуу программасы иштеп, студенттерге жогоруда аталган университеттердин биринде жарым семестр билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Бөлүшүү
Комментарийлер