ЖЕР-СУУ АТТАРЫ ЭЛ ТАГДЫРЫН БАЯНДАЙТ

  • 13.01.2023
  • 0

Жер-суу аттары эл тагдырын баяндайтже ат коюу өнөкөтү жана чаржайыт топонимия эмнеге алып келет?..

Ошентип, Биринчи Элдик курултай да өттү. Жарлыктын негизинде шайланып келген 1200 делегат ордо калаада эки күн бою бугун чыгарды, түркүн кепти айтты. Боло келгендей, жер-суу аттары боюнча да эски ойлор кайрадан козголду. Жогорку Кеңештин төрагасы Н. Шакиев мырза Бишкектин төрт административдик районунун атын өзгөртүү тууралуу оюн ортого салды. Ушундан улам сөз учугун чубайлы.

ЖЕР-СУУ АТТАРЫ ЭЛ ТАГДЫРЫН БАЯНДАЙТ

Тарыхка кылчайсак, Кыргыз автоном облусунун борбору Пишпек шаары 1926-жылы аты өзгөртүлүп, Фрунзеге алмаштырылат. 1938-жылы Кыргыз ССРинин борбору Фрунзе шаарында үч административдик район — Пролетарский, Первомайский жана Свердловский түзүлөт. 1962-жылы Пролетарский району Ленинский деп өзгөртүлөт. 1974-жылы Октябрь району пайда болот. Эми ошол муниципалдык райондун бирин Айтматовдун ысымы менен атоону сунуштады. Ал эми Министрлер Кабинети Кара-Буура районуна Айтматовдун ысымын ыйгарууну демилгеледи. Ааламга айылын, эли-журтун, өлкөсүн тааныткан, дүйнөгө таанымал улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы айыл менен райондун атына байланыштуу өйдө-төмөн дискуссиянын предметине айланганы жеке мени өтө өкүнтөт.

Эгемендик мезгилде өз алдынча топонимикалык саясат жүргүзбөдүк. Ар ким ата-бабасын даңазалаганга умтулуп, туш келди жерге эстелик тургузуп, чаржайыт ат коюптурбуз. Элесин түбөлүккө калтыруу деген советтик түшүнүк эмдигиче советтик шаблон менен ишке ашып, коомдук турмушта үстөмдүк кылып келе жатат. Адамды эскерет десе эле атын коюш керек деп чыгабыз. Фантазиябыз, акылыбыз, билимибиз ушуга гана жетет окшобойбу. Айтпай койбой, айткан соң ишке ашырып салбай, ооз ачып-ача электе Орусиянын депутаттарынан каяша угуп, жемеге кабылдык. Биздин спикер кеп кылып, айтып оозун жыя электе орус парламентинин депутаттары безге сайгандай так секирди.

Топонимдер тарыхы эмне дейт?

Жер-суу аттары кызык нерсе. Топонимика – бул ири алдыда саясат. Анын идеологиялык жагдайлары бар, конфликттердин себептеринин бири экенин эстен чыгаргандайбыз. Жер-суу аттарынын укуктук кудурети, менталдык таасири, тарбиялык ролу, гносеологиялык мааниси бар. Ар бир жердин, айылдын, конуштун, тоонун, суунун, кечмеликтин, өтмөктүн, кокту-колоттун, чаптын, беттин, талаа-түздүн, кыскасы баарынын аты бар.

Топонимдердин ар биринин өз тагдыры, тарыхы, чечмелей келсе сыры, укканга ыры бар. Үңүлө карап, этимологиясын издеп, сөздөн сөзгө өтүп, окуядан окуяга ооп, мезгилден мезгилге көчүп, сүрүштүрө келгенде далай нерсе көз алдыңа тартылат. Топонимдер классификацияланат, жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрү, окшоштуктары, лингвистикалык, тарыхый, маданий, географиялык, коомдук-саясий, а тургай геосаясий, укуктук, экономикалык, идеологиялык маанилери, себептери, өбөлгөлөрү, шарттары, таасирлери, натыйжалары бар.

Эл өзү атап алат. Же шаңшып учкан бүркүттүн (Бүркүт-Уя) же тириликте колдонгон буюмдун атынан атайт (Үзөңгү-Кууш), же эл бактысына жаралган инсандын ысымы ыйгарылат (Байтиктин Боз бөлтөгү), же сасык бай каргышка калчу окуядан улам (Карынбайдын таштары) аталат. Жалгыз кыргызга мүнөздүү көрүнүш эмес. Каракалпакстан мамлекеттик университетинин окумуштуусу Г.Абышев Чимбай өрөөнүндөгү антропоним катышкан топонимдерди изилдеп, Сапарбай журт, Узакбай көл, Артыкбай ой деген жерлерди мисалга келтирет. Жер-суу аттары адам ысымдары менен тыгыз байланышта. Эсепсиз географиялык объектилер адамдын аттары менен аталган.

Адатта окумуштуулар адам ысымдарынан жасалган аталыштарды патрономиялык жана мемориалдык топонимия деп эки чоң топко бөлөт. Бул топонимдер ушул жерди алгач жердеген, ээлеген, байырлаган адамдардын ысымдары менен атайт. Маселен, буга байыркы грек колониялары кирет (Гермонасса, Фанагория, Амастрия ж.б.). Патрономиялык топонимдерге жол башчылардын, кол башчылардын, шаарды курган падышалардын ысымдары менен аталган калаалар кирет. Маселен, македониялык Александрдын атынан кезегинде отуздан ашык шаар аталган (Александрия, Александрия Эсхата, Александрия Маргиана ж.б.). Эмдигиче Египеттеги Александрия шаары бар жана ал арабча бир аз трансформацияланып, Аль-Искандария деп аталат). АКШдагы Александрия шаары борбор калаа да болуп кала жаздаган. Рим императорлору Цезардын, Августтун ысымы ыйгарылган шаарлар да арбын болгон, бирок кийин алар эски аттарына кайткан. Мисалы Цезареа-Август (азыр Сарагоса, Испания), Юлий-Фелис (азыр Синоп, Түркия), Прима-Юстиниан (азыр Скопье Македония), Диоклетиан-Палатиум (азыр Сплит, Хорватия) ж.б.

Колумбия, Америка, Магеллан кысыгы, Кук тоосу, Амундсен деңизи, Ливингстон шаркыратмасы сыяктуу топонимдер мемориалдык топко кирет да ушул жерлерди ачкан саякатчылардын, окумуштуулардын ысымдарын чагылдырат. Айырмасы ошол доордо ошол жерлерди, аймактарды ачканы үчүн өзүнөн өзү ыйгарылган. Географиялык ачылыштарга тиешеси жок, бирок жогорку даражалуу адамдардын ысымдары ыйгарылган жерлер да арбын. Каролина, Виктория, Луизиана — канайымдардын ысымдары. Сидней, Мельбурн, Аделаида, Дарлинг, Дурбан, Веллингтон Сейшел аралдары -булар министрлердин, губернаторлордун ысымдары. Скандинавия өлкөлөрүндө королдордун ысымдары менен бир нече окшош шаарлар бар — Карлскруна, Карлсборг, Карлстад, Карлсхамн, Кристианстад (Швеция), Кристиансунн и Кристиансан (Норвегия). Ослонун чиркөө күч алып турган кезде ортодо коюла калган аты — Христиания.

Американын борборун Вашингтон 1791-жылы 9-сентябрда негизделген. Туңгуч президенттин ысымы ыйгарылышы борборду жайгаштыруу жөнүндөгү 1790-жылдагы мыйзамга ылайык, биринчи президент комиссиянын сунушу менен атаган жер борбор болууга тийиш эле. Шаарды түптөгөн туңгуч президенттин ысымы Джордж Вашингтондун жеке кызыкчылыгынан улам эмес, тарыхый, саясий жана укуктук зарылчылык болгон. Моралдык акысы андан бетер. Ал эми Санкт-Петербург (1723-жылы Санкт-Питербурх аталган) алгачкы орус императору Петр I түптөгөн ордо калаа. Кийинчерээк орус улутчулдары падыша Улуу Петр эмес, ыйык апостол Петр менен алмашытырып албайлы деп Санкт (ыйык) деген сөздү, бург деген немис сөзүн алып ыргытып, Петроградга (1914), аны кайра Петербургга, аны 1924-жылы Ленинградга, 1991-жылы Санкт-Петербургга кайрадан айлантышты. Бул мындай метаморфозаны башынан кечирген жалгыз орус шаары эмес. Екатеринбург да 1924-жылы Свердловскиге айланып, эми кайра Екатеринбург аталды. Пермь шаары 1940-жылы Молотовго, кайра 1957-жылы Пермге айланган. Латын Америка өлкөлөрүндө ошол мамлекеттердин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн инсандардын ысымдары ыйгарылган шаарлар арбын. Симон Боливардын ысымы менен Венесуэла, Аргентина, Уругвай өлкөлөрүндө шаарлар, а тургай Боливия мамлекети бар. Айтмакчы АКШнын Миссури, Огайо, Пенсильвания, Теннеси шаарлары да адам ысымдарын алып жүрөт.

ЖЕР-СУУ АТТАРЫ ЭЛ ТАГДЫРЫН БАЯНДАЙТ

Калининграддын эски аты — Кёнигсберг, немис шаары болгон, Иммануил Канттын киндик каны тамган жер.

Ошентип топонимдердин идеологиялык, саясий, укуктук маселе. Ээлик кылуунун формасы. Топонимдер ошол жерди ээлеген, жердеген элдин кабарын билдирип турат. Маселен Алтай, Шибердеги кең аймактагы кыргыз топонимдери биздин ошол жерди жердеп, ээлеп турушубуздун нагыз далили. Эч ким тана албайт. Азыркы Тажикстандагы кыргыз топонимдери да ошол жерлер кыргыздар байырлагандыгынын белгиси. Тескерисинче, Орто Азиядагы орус топонимдери ушул жер Россиянын колониялык саясатынын күбөсү.

Советтик топонимиянын таасири

Советтер Союзунда жана социалисттик лагерге кирген өлкөлөрдө партиялык жол башчылардын ысымдары учурунда географиялык объектилерге эң жыш коюлган. СССРде топографиялык анархия, массалык түрдө географиялык объектилерди жаңы, большевиктик, советтик, пролетардык ысымдар же сөздөр менен атоо Октябрь революциясынан кийин башталган. Атайы декреттер чыккан. Маселен, 1918-жылы 27-январда жарыяланган “Губерниялардын, уезддердин жана башкалардын чек араларын өзгөртүү тартиби жөнүндө” декретте топонимдерди алмаштырууга тике көрсөтмө берилген эмес. Бирок административдик аймактарды аныктоо автоматтык түрдө падышалык Россиянын топонимдерин алмаштыруу процессине жол ачкан.

Большевиктер эски аттардан кутулуп, революциячыл образдарды калыптандыргысы келгени түшүнүктүү. Бирок ошондо да экономикалык, логистикалык, административдик жагдайлардан улам бир аз карманып келишкен. 1922-жылы 30-декабрда СССР түзүлөт, ошондо зор аймактагы топонимдердин массалык өзгөрүшү техникалык, экономикалык кыйынчылыктарды, айрым учурларда башаламандыкты жараткан. Бүткүл союздук аткаруу комитетинин Административдик комиссиясы географиялык аталыштарды жөнгө салуу боюнча атайы жобону иштеп чыгууга мажбур болот. Бир жыл бою комиссия жобону талкуулайт. Анткени айрым комиссариаттар (Почта жана телеграф, Статистикалык, Темир жол комиссариаттары) топонимдерди өзгөртүүгө караманча каршы чыгат. Башкалары саясий зарылчылыктан улам эски аттарды жаңы, революциячыл, советтик аттар менен алмаштыруу зарыл деп чыгат. Жобо бекигенче эле 1924-жылы 22-январда Ленинди акыркы сапарга узатуу аземинде Петроградды Ленинград деп атоо чечими жарыяланат. Симбирск Ульяновск аталат. Чечимди Калинин окуйт. Кийин Калининдин ысымы СССРдин ар кайсы жерине массалык түрдө ыйгарылган. Ошентип, 20-жылдардын ортосунда советтик жетекчилик топонимияны саясий курал жана пропагандалык мыкты жанр катары эсептеп, кыянатчылык менен колдонгон.

Адегенде Совет бийлиги Лениндин ысымын ыйгарууну жөнгө салууга аракеттенип, “Шаарларды, көчөлөрдү, мекемелерди В.И.Ульянов-Лениндин ысымы менен атоо тууралуу” БАК токтому кабыл алынат. Ага ылайык Борбордук аткаруу комитетинин чечими жок Лениндин ысымын ыйгарууга тыюу салынат. Ошону менен бирге, союздук республикаларда, крайларда, областтарда партиялык, советтик ишмерлердин ысымдарын географиялык объектилерге ыйгаруу ошол жергиликтүү бийликтин эркине берилет. Натыйжада миңдеген шаарлар, айылдар, колхоз, совхоздор, мектептер, көчөлөр, ишканалар партиялык жол башчылардын ысымы менен атала баштайт.

Ленин ройонундагы Ленин атындагы колхоздун Ленин көчөсүндөгү Ленин орто мектеби.

Сталин, Калинин, Куйбышев, кыскасы ушундай бир типтүү топографиялык картина, топонимиялык матрешкалар жана административдик клондор жаралат.

Дегеле ХХ кылымда топонимдерди массалык алмаштырууну байкоого болот. Географиялык аталыштардын өзгөрүшү Азиядагы жана Африкадагы көз карандысыздыкка жеткен өлкөлөргө же социализм курмакчы болгон СССР менен анын сателлиттерине гана эмес, Европага да мүнөздүү болгон. Европада аннексияланып, анан кайра артка кайтарылган территорияларда, “европалык концерт” аталган татаал процесстерден улам дүйнөнүн картасы неченчи ирет чийилчүдө географиялык номенклатура абдан өзгөргөн. Маселен, фашисттер басып алган жерлерине немис аттарын ыйгарган, Судет жана Поморье аймактары Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Польшага өткөндө, 32 миңден ашык полякча эмес топонимдер алмаштырылган, Италия француз, словен, хорват, немис топонимдеринен кутулганча шашкан. Европада бул топонимиялык өзгөртүүлөр тышкы саясий себептер, мамлекеттердин чек араларынын өзгөрүшү, географиялык объектилердин улуттук таандыктыгын тастыктоо максаттары менен шартталган. Ошентип топонимия болуп көрбөгөндөй саясатташты. Мамлекеттин географиялык объектилердин аталыштарына карата мамилеси топонимдердин коомдук-саясий, нравалык, идеологиялык маанисин шарттады. Маселен, Түркия. Осмон империясы доорунда, кийин Мустафа Кемал Ататүрк курган Түрк Республикасында топонимдер мамлекеттик саясатка айланган. Кемалдын тушунда эле 28 миң географиялык объектин, анын ичинде 12 221 шаар менен кыштактын эски аты өчүрүлүп, түркчө аталган, 4000 тоо, суу жана башка топографиялык аталыштар өзгөртүлгөн. Энвер-пашанын тушунда топонимдердин түркчө массалык кайра атоо саясатын колдогон түрк интеллектуалы, филологу Хусейн Авни Алпарслан (1877—1921) “Трабзон жергеси лаздыкыбы же түрктүкүбү” деген китебинде “Эгер биз өз жерибизге ээлик кылгыбыз келсе, ар бир укум жердин атын түркчө гана аташыбыз керек. Эч кандай армянча, арабча, грекче атоого болбойт. Ошондо гана өз жерибиздин көркү ачылат” – деп жазган. Жазганын акылы жетишинче бекемдеген.

Бирок мезгил баарын кайра өз ордуна коет экен. Лениана жана башка коммунисттик топонимдери учурда Россияда гана сейрек кездешет, социалисттик өлкөлөрдө шаарларга, көчөлөргө эски аттары кайтарылды. Советтик топонимдерге лоялдуу мамиле Кыргызстанда байкалат. СССРдин курамындагы республикалардан орус жана советтик аталыштардан али кутула албай, эркиндикти калыбына келтирген 32 жыл ичинде убара тартканыбыз тарткан. Туура, мурдагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында көчөлөрдүн көбү кыргызчаланды. Топономиканы алмаштыруу процесси бизде ары татаал, ары трагикомедиялуу жүрдү. Ырааттуу саясатты көрүүгө болбойт. Стихиялуу, баш аламан, чаржайыт ыйгарылган ысымдар, логикалык, саясий, маданий, этикалык, тарыхый, а эң негизгиси экономикалык негиздемеси жок алмашкан топонимдер пайда болду. Тил өтө тез сакясатташкан талылуу маселе. Сөз эле эмес, тыныш белгилери да укуктук, экономикалык мааниге ээ.

Мисалы, Жогорку Кеңештин 2008-жылдын 26-июнундагы № 567 токтомунун менен бекитилген “Кыргыз тилинин жазуу эрежелерине” ылайык жер-суу аттар (энчилүү аттар) алеки заматта өзгөрүп, эң алдыда элге, тейлөө кызматтарына, социалдык-экономикалык мекемелерге эбегейсиз түйшүк, карым-катнаштан тартып финансылык маселелерде, эсептешүүдө башаламандык жаратты. Ысык-Көл Ысыккөл болуп жазылды, Кара-Үңкүр Карүнкүргө айланды. Кесепетин аким кезимде башыман өткөрдүм. Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн дыйкан чарбасы бир кезде соцфондго, салыкка, банкка жана башкаларга эски аталышы менен катталгандыктан, алардын маалымат системасы Акталаа, Кошдөбө сөздөрүн кабыл албай, далай убара тартышты: акчасын ала албады, убагында салыгын төлөй албады, туум төлөдү, айтор арбын финансылык жана моралдык чыгым болушту. Социалдык-экономикалык, маданий, логистикалык, саясий натыйжаларын, пайда-зыянын ойлобой жасалган иш ушундай болот экен.

Айрым учурларда алдуулардын, акчалуулардын кусаматын канааттандыруунун формасына айланды. Кадырлай турган, эмгегин барктай турган эл башчылары, журт акылмандарынын ысымдары көчөлөргө, мекемелерге, мектептерге туш келди ыйгарылды. Ыйгарылганы го дурус, кантип жаздык. “Б. Батыра” деген көчө бар. Мурдагы Совет көчөсүнүн башы. Мен мурда 9-кичирайондогу үйүмдө катталгандыктан, шайлоо тилкеси дал ушул “Б. Батыра” көчөсүндөгү Искусство институнун окуу корпусунда жайгашкан. Чакыруу кагазын алып, ката жазыптыр деп көчөнүн аты жазылган тактаны карасам “Б. Батыра” дептир, чиркин! Негизи Байтик баатыр болууга тийиш эле. Байтиктин атынан аталгандай болгон. Аткара келгенде “Б. Батырага” айланды. Ошентип жазылып туру эми да.

Эгемендик кезде географиялык объектилерге келгенде аракеттеги мыйзамдар бузулду. Маселен, тирүү кишилердин ысымын ыйгарууга болбойт деген жобо бар биздин өлкөнүн географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамында. Эмгеги сиңген ишмер өзү күсөп, улам сурана берсе, тың чыкма, таасирдүү уул-кыздары болсо мыйзамды ким карамак эле.

(Уландысы бар)

Алмаз КУЛМАТОВ, тарыхчы, коомдук ишмер, сүрөттүн булагы Бишкек мэриясы

Бөлүшүү

Комментарийлер