ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕП АЧУУ ЖЕҢИЛДЕДИ
- 14.10.2025
- 0
Агартуу министрлигинде аталган министрликтин уюштуруусунда жарандарга жеке менчик мектеп ачуунун жеңилдетилген системасы боюнча кеңири түшүндүрмө берүү максатында жыйын өткөрүлдү. Ага менчик мектеп ачуу максатын көздөгөндөр катышып, кеңири маалымат алышты.
Жыйында Санариптик билим берүү борборунун башчысы Бектурган Бабаев катышуучуларга лицензия алуу боюнча онлайн системасы кандай иштей тургандыгына кеңири токтолуп, берилген суроолорго жооп берди. Министрликтин аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова менчик мектеп ачуудагы жаңы жагдайларга токтолду.
-Илгеркидей тааныш издеп, коррупцияга туш болбой эле үйдө олтуруп эң кыска убакта, убаракерчилик тартпай таза жол менен жаркыраган менчик мектеп ачып иштетип кетүү мүмкүнчүлүгү ачылды. Бул багытта биз каалоочуларга түшүндүрмө берип жатабыз, -дейт ал.
Жыйынга КРнын Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинин, Санитардык талаптарга жооп берүү боюнча департаментинин өкүлдөрү да катышты.
(М.К)
Комментарийлер