ЖАЙЫНДА БАЛДАРДЫН ДЕН СООЛУГУНА ЭМНЕЛЕР КООПТУУ?

  • 20.07.2023
  • 0

Жай саратанда ата-энелер балдарга ысык өтүп кетпеши үчүн кийген кийимине жана ичкен тамак-аштарына өтө көңүл бурушу керек. Айрыкча, жайында ичеги-карын инфекциясы, күн өтүп кетүү, баш айлануу сыяктуу белгилери байкалса, дароо дарыгерге кайрылуу абзел.

ЖАЙЫНДА БАЛДАРДЫН ДЕН СООЛУГУНА ЭМНЕЛЕР КООПТУУ?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) адистери балдардын ден соолугуна кам көрүүдө ата-энелерге төмөнкү эрежелерди эстен чыгарбоону сунуштайт. Курч ичеги инфекциялары балдар арасында жайылганда кантип акысыз же арзандатылган медициналык жардам алса болот?

  • Бөбөктөрдө ичеги-карын инфекциясынын белгилери байкалса, катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл. Мындай учурда кызмат көрсөтүү акысыз болот. Каттоо жок болсо, кызмат көрсөтүүлөр прейскурант боюнча төлөнөт;
  • Эгер дары-дармек берилиши керек болсо, адис электрондук рецепт берет. Мындай учурда ММКФ менен кызматташкан дарыканаларда 50 пайызга чейин арзандатуу болот;
  • Бала мектепти аяктаганга чейин бейтапканада акысыз жардам алат;
  • 6 жашка чейинки балдар бейтапканада жана ооруканада акысыз каралат;
  • Кеңеш алуу үчүн ооруканага жолдомосуз, ал эми өз алдынча кайрылганда, акы прейскурант боюнча төлөнөт;
  • Ооруканага жаткыруу үчүн өз алдынча кайрылса, максималдуу төлөм төлөнөт;
  • Эгерде ата-эне Тез жардам чакырып, дарыгерлер баланы ооруканага жаткыруу чечимин кабыл алса, үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу талап кылынбайт.

Кошумчалай кетсек, жайында балдардын, (жалпы эле чоңдордун да) да коопсуздугуна коркунуч туудурган дагы бир жагдай – бул сууга түшүү. Ата-энелер жана баланын жакындары суу жээгине барганда, балдарды кароосуз калтырбай, сак болуу керек. Сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерге барбай, деги эле сууга түшүү эрежелерин кылдат сактоо талапка ылайык.

А.К.

Бөлүшүү

Комментарийлер