ЖАТАК МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ – СОЦИАЛДЫК ЖАТАКАНА

  • 08.07.2021
  • 0

Чүй облусунун Панфилов районундагы Казыбек Тилебалиев атындагы жетим балдар жатак мектебинин тогуз бүтүрүүчүсү Бишкек мэриясынын карамагындагы социалдык жатаканага жайгашты. Жетилүү аттестатын алган ал балдар ЖРТ жыйынтыгына жараша жогорку окуу жайларга тапшырууга даярданууда.

Аталган жатак мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Рахат Назарбекова билдиргендей, бүтүрүүчүлөрүнүн эртеңки камын көрүшкөн жатак мектеп администрациясы 2015-жылдан бери өзүлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн ылайыктуу жатаканаларга жайгаштыруу, кесипке багыт берүү максатында атайын кечелерди уюштуруп, ал кечелер окууга өткөн балдардын окуусун каржылай турган демөөрчүлөрдү издөө менен коштолуп келет.

– Башка мектептердей эле биздин жатак мектепте да бүтүрүүчүлөрдү кесипке багыттоого олуттуу маани берилет. Ошол максатта өткөрүлгөн жолугушууларда демөөрчүлөр жогорку окуу жайларга өткөн биздин балдардын контракт акчасын төлөп берүү тууралуу макулдашууларга кол коюшат. Ошол келишимдин негизинде окууларын аяктаганча контракт төлөшөт жана стипендия менен камсыздап турушат. Ошондой демөөрчүлөрүбүздүн бири “Центр Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду болуп эсептелет. Ал фондго мүчө болушкан Кувейт мамлекетинин 50дөн ашык шейхтери жана мамлекеттик ишмерлери Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга өткөн ар бир баланын окуусунун контракт акчасын төлөө милдеттенмесин алышат. Азыркы учурда ар кайсы жогорку окуу жайларда окуп жаткан жатак мектептин мурдагы 70 бүтүрүүчүсүнүн окуусун “Центр Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду каржылап
келатат, — дейт.

Рахат айымдын айтымында, азыр бир бүтүрүүчү бала КР Ички иштер министрлигинин академиясына кабыл алынып, окуу төлөмдөрү да чечилди. Калган балдардын тагдыры да тандоосуна жараша оңунан чечилет деген ишеним бар.

Жатак мектепти аяктаган балдарды кесипке окутуудан бөлөк дагы бир олуттуу көйгөй бар, ал – жатак мектептин бүтүрүүчүлөрүнө андан ары баш паанектей турган жай таап берүү. Чындыгында ата-эне мээриминен өксүк өскөн балдардын андан аркы тагдырына камтама болуп, кам көргөндөр аз болсо да бар экендиги кубандырат.

Мына ошондой колдоого муктаж балдардын тагдырына кайдыгер карабаган дагы бир демөөрчү – Игорь Беляев жетектеген “Жетимдердин укугун коргоо” кайрымдуулук фонду. Жатак мектептин администрациясы бул фонд менен үч жылдан бери кызматташып келатат. Үч жыл ичинде мектептен кийинки тогуз бала ушул жаштар үйүнөн орун очок алды. Игорь Васильевич өзү жетим өскөндүктөн, балдардын көйгөйүн жакшы түшүнөт жана мүмкүнчүлүгүнө жараша жардамдашып турат.

Томолой жетим балдардын турмушта өз ордун таап, үйлүү-жайлуу болуп калышына кам көргөн жатак мектептин директору Райымбек Усупбаевдин аракети менен биринчи жолу Курама айыл аймагынан жатак мектептин он тарбиялануучусу үчүн үй курууга жер тилкелери бөлүнүп берилди. Панфилов айылынын борборунан 300 метр аралыкта жайгашкан ал жерге “Центр Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду менен түзүлгөн алдын-ала келишимдин натыйжасында 2021-2022-жылы
баардык шарты бар он үй курулууга тийиш. Ал үйлөрдүн долбоорлору бекитилсе эле, курулуш иши башталуу алдында турат.

Ата-энеси жок, атасы же апасы жок балдардын жана ата-энесинин көзү тирүү болсо да, багууга мүмкүнчүлүгү жок социалдык жетим балдардын башын кошкон Чүй облусунун Панфилов районундагы жетим балдар үйү 1957-жылдан бери иштеп келатат. Бул үйдө азыркы учурда Кыргызстандын баардык облустарынан келген 241 бала окуп тарбияланат.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер