ЖАТАК МЕКТЕПТЕ ИШТЕГЕНДЕРГЕ КОШУМЧА АКЧА ТӨЛӨНӨБҮ?

  • 12.01.2023
  • 0

Бүгүнкү “Министр менен бир жарым саат” онлайн түз эфиринде окурмандарды кызыктырган орчундуу суроолордун бири – билим берүү мекемелеринде иштегендердин эмгек акысы тууралуу болду.

ЖАТАК МЕКТЕПТЕ ИШТЕГЕНДЕРГЕ КОШУМЧА АКЧА ТӨЛӨНӨБҮ?

Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башкы адиси Азизбек Мураталиевдин айтымында, мугалимдер өздөрүнүн эмгек акысы тууралуу кеңири түшүнүк алууга умтулушу керек. Ал үчүн өзү иштеген мекеменин эсеп-кысап бөлүмүнө же болбосо райондук билим берүү бөлүмүнүн эсеп-кысап жүргүзүүчү адисине кайрылууга тийиш.

— Суроолордун бири жатак-мектептерде иштегендерге кошумча акча төлөнөбү?” деген суроо болду. Ооба, аларга өзгөчө шартта иштегендигине байланыштуу 25 пайыз кошумча акча төлөнөт. Ошондой эле бала төрөгөндүгүнө байланыштуу өргүүгө чыккан мугалимдер да бул учурда аларга акча азыраак төлөнөрүн айтышууда. Булардын баары мыйзамда каралган. Эч бир мекеме мыйзам бузууларга бара албайт, анткени аларды жыл сайын Эсеп палатасы текшерип турат. Эгерде кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттер тастыкталса, сөзсүз жоопко тартылат. Ал үчүн мугалимдер, тарбиячылар жана башка жалпы эле билим берүү мекемелеринде иштеген адистер өзү финансы жагынан сабаттуу болууга милдеттүү, — деди ал.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер