ЖАШ ПЕДАГОГ — КЕЛЕЧЕКТИН ҮМҮТҮ
- 23.10.2025
- 0
Чүй—Токмок билим берүү бөлүмү тарабынан жаш адистерди педагогдун катарына кабыл алуу иш—чарасы ийгиликтүү өттү. «Жаш педагог — келечектин үмүтү — 2025» аталышындагы бул маанилүү жыйын Чүй айылындагы балдардын, өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунда өттү.



Маалыматка таянсак, бул күн жаш мугалимдер үчүн чоң кадам, жаңы жолдун башталышы болду. Иш-чаранын жүрүшүндө түйшүктүү, бирок ардактуу кесипти аркалап келген тажрыйбалуу агартуучулар жаш кесиптештерине ак жол каалап, жүрөктөн чыккан насаат сөздөрүн айтышты. Алардын дем-күч берген куттуктоолору жаш педагогдорду шыктандырып, келечек муундарды тарбиялоого жана билим берүүгө болгон жоопкерчиликти терең сездирди.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер