ЖАШ АДИСТЕР ӨТКӨН СЕМИНАР

  • 24.01.2020
  • 0

Кечээ Аксы районунун борбору Кербендеги А.Жоробеков атындагы мектепте башталгыч класстын мугалимдери Т.Боробаева жана Н.Шералиева райондогу 12 мектептен келген кесиптештерине мастер-класс өтүшүп, тажрыйбалары менен бөлүштү.

ЖАШ АДИСТЕР ӨТКӨН СЕМИНАР

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Уулжан Жанузакованын айтымында, иш-чарага мугалимдерден тышкары, USDA, Мерсиконун “Окуу сабактарындагы позитивдүү тарбия” долбоорлорунун өкүлдөрү катышып, өтүлгөн сабактарга өз бааларын, сунуштарын билдиришти.

— Биздин мугалимдер жаш жеткинчектерге татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүүдө USAIDдин “Бирге окуйбуз!”, “Келгиле, окуйбуз!”, Малайзиянын EduLEAD , USDA, МерсиКонун “Окуу сабактарындагы позитивдүү тарбия” долбоорлору аркылуу окуучулардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу багытындагы бир топ заманбап ыкмаларды окуткан окуу-тренингдерден өтүшкөн. Бүгүнкү семинар да ушул окуу-тренингдерден өткөн адистердин тажрыйба бөлүшүүсү болду десем болот. 3-класстын окуучуларына адабий окуу, 4-класстын окуучуларына кыргыз тили сабагынан мастер-класс өтүшкөн биздин жаш адистердин балдарды топко бөлүп окутуу, предмет аралык байланышты системалаштыруу, өз алдынча логикалык суроолорго жооп берүүгө машыктыруу усулдары, заманбап технологияларды пайдалануу, мектеп китепканачылары, ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу иштери жакшы жолго коюлганы байкалат. Жаш адистердин сабак өтүүдөгү аракеттеринин күчтүү жана алсыз жактары боюнча бардык сунуштары алар үчүн эле эмес, биз үчүн да өтө маанилүү-дейт, Уулжан Жанузакова.

Семинар окуучулардын ыр-бийлери, китеп жөнүндө көркөм окуулары менен коштолду.

А.Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер