ЖАМААТТЫН ЫНТЫМАГЫ, НАТЫЙЖАЛУУ ЖАНА САПАТТУУ ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ — ЖЕТЕКЧИДЕН КӨЗ КАРАНДЫ

  • 03.07.2023
  • 0

2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгында Талас районундагы А.Бөрүбаев атындагы орто мектеби ЖРТдан район боюнча 29 мектептин ичинен 147  орточо упай менен алдыга озуп чыкты.

ЖАМААТТЫН ЫНТЫМАГЫ, НАТЫЙЖАЛУУ ЖАНА САПАТТУУ ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ - ЖЕТЕКЧИДЕН КӨЗ КАРАНДЫ

Элзат Байгараеванын маалыматы боюнча,  бул мектепте Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо жыл башында ата-энелер менен пландаштырылып, акы төлөнүүчү ийримдер математика, кыргыз тили сабагынын мугалимдерине бекитилип берилген жана алар бүтүрүүчүлөрдү жыл бою тестирлөөгө даярдашты.

ЖАМААТТЫН ЫНТЫМАГЫ, НАТЫЙЖАЛУУ ЖАНА САПАТТУУ ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ - ЖЕТЕКЧИДЕН КӨЗ КАРАНДЫ

ЖАМААТТЫН ЫНТЫМАГЫ, НАТЫЙЖАЛУУ ЖАНА САПАТТУУ ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ - ЖЕТЕКЧИДЕН КӨЗ КАРАНДЫ

ЖАМААТТЫН ЫНТЫМАГЫ, НАТЫЙЖАЛУУ ЖАНА САПАТТУУ ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ - ЖЕТЕКЧИДЕН КӨЗ КАРАНДЫ

— Мындан сырткары айыл өкмөттүн жана «Альянс Алтын» компаниясынын демөөрчүлүгү менен Бишкек шаарындагы «Креатив-Таалим» билим берүү комплексине жетекчи Эржан Асыранов өзү жетектеп, ноябрь жана март айында Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча  тездетилген он күндүк курска 15 окуучуну  катыштырып келди. Элет жериндеги мектептердин  балдарын курстарга катыштырууга шаардын мектептериндей мүмкүнчүлүк жок. Ошого карабастан, Талас району республика боюнча райондордун ичинен акыркы үч жылдан бери биринчиликти бербей келет. Иш бар жерде  ийгилик да жаралып жатат.  Эржан Эсенбекович мугалимдерге дем берип,  билимдерин жогорулатууга, мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, оңдоп-түзөө иштерин жакшыртууга, окуучулардын сапаттуу билим алышына өбөлгө түзүп, жаш болсо да компетенттүү, иш билги жетекчилердин катарын толуктап, күн-түн дебей иш дегенде ичкен ашын жерге коюп, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, — дейт райондук усулдук каанасынын жетекчиси Э.Байгараева.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер