ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ ОНЛАЙН КАТТОО 2-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ
- 20.02.2026
- 0
2026-жылдын 17-февралынан 2-апрелине чейин Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды.

Каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун https://testing.kg сайтынын жаңы каттоо платформасында жүргүзүлөт.
Быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрүн каттоо “Э-Күндөлүк” мобилдик тиркемеси аркылуу болсо, мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрүн каттоо ББОУБдун www.testing.kg сайтындагы “Түндүк” бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Каттоодон өтүш үчүн:
- Абитуриентте паспорттун түп нускасы болуш керек;
- Талаптарга жооп берген түстүү сүрөтүн жүктөш керек;
- Бирдиктүү QR кодун колдонуу менен ЖРТга каттоо акысын төлөш керек;
- Мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрүндө орто билими тууралуу аттестат/диплому болушу керек.
Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү — 2026-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, жалпы орто билим (11-класстар) алган абитуриенттерди орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын гранттык жана контракттык орундарына кабыл алуу Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.
Буга чейин ЖРТ Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алууда гана талап кылынчу.
ЖРТ 2026-жылдын 16–23-майында өткөрүлөт. Тестке кирүү үчүн жашы 16дан жогору болгон бардык абитуриенттердин жанында ПАСПОРТТУН ТҮП НУСКАСЫ болушу керек.
Бардык суроолор боюнча:
0312 66-48-38,
0500 66-48-38 ,
0550 66-48-38,
0222 66-48-38
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер