ЖАҢЫ ЗАМАНГА — ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ОКУУ КИТЕБИ

  • 25.01.2018
  • 0

Кийинки окуу жылынан баштап республикадагы бардык мектептердин 5-6-класстарынын окуучулары жаңы муундагы окуу китептери менен билим алып башташат. Учурда жаңы жазылган китептер сынактан өтүп бүтүп,  эксперттер тарабынан анализделип, айрым китептер оңдолуп-түзөтүлүү үчүн кайра жөнөтүлсө, айрымдары массалык басууга сунушталды.

ЖАҢЫ ЗАМАНГА - ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ОКУУ КИТЕБИ

2014-жылы мамлекетте кабыл алынган билим берүү стандарттарына ылайык 5-11-класстар үчүн бардык предметтер боюнча жаңы стандарттар иштелип чыккан. Ага ылайык Билим берүү жана илим министрлиги жаңы муундагы окуу китептерин, окуу-методикалык комплекстерди  иштеп чыгуу ишин баштаган. Иштин биринчи этабында 5-6-класстар үчүн жалпы 33 окуу китеби жана 3-4-класстар үчүн англис тили китеби жазылып, министрликтин буйругу менен өткөн жылдын 1-сентябрынан баштап сынактан өткөрүлүп башталган. Апробациянын жыйынтыгынын негизинде Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңеши 15-январда эксперттердин, мугалимдердин ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен китептерди кайрадан оңдоп-түзөтүү үчүн авторлорго жиберди. Авторлор бир ай аралыгында китептерди толуктап, иштеп чыгып КББАга бериши керек. Ал китептер кайрадан каралып, эксперттер кол койгондон кийин талапка жооп бергендери март айынан министрликтин коллегиясына сунушталат жана массалык түрдө басылып, жаңы окуу жылына чейин республикадагы бардык мектептерге таркатылат. 3-4-класстардын англис тили китеби массалык басылууга жөнөтүлдү. Китептерди басуу жана таркатуу ишин “Билим компьютер” жана “АртКус” басмаканалары аткарат.

  • Окуу китеби адегенде мугалимдердин, окуучулардын колунан өтүп, анан массалык түрдө басылса сапатка жетишебиз. Буга чейин китептер КББАдан бекитилип, министрликтин уруксаты менен эле чыгып кетчү. Натыйжада мектептерде пачкасы ачылбай, окулбай жаткан жаңы китептер толуп кеткен. Себеби ал китептер балдарга жеткиликтүү эмес, мугалимдер иштей албайт. Ошондуктан окуу китептерин басаардан мурун апробациядан өткөрүү зарылчылыгы келип чыкты, — дейт Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн консультанты Сейит Джаанбаев.

Китептердин чыгышын Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү каржылоодо.

 

Окуу китептери кандай тартипте сынактан өттү?

Жаңы стандартка ылайык окуу китептери конкурс аркылуу Координациялык кеңештин кароосунан өткөрүлүп, сунушталган. Координациялык кеңештин мүчөлөрү жогорку окуу жайлардын окутуучуларынан, мектеп мугалимдеринен, мугалим-методисттерден, Кыргыз билим берүү академиясынан жана практик мугалимдерден түзүлгөн. Андан соң бардык предмет боюнча жазылган кол жазмалар Кыргыз билим берүү академиясынын  алгачкы сынагынан өтүп, Окумуштуулар кеңешинин чечими менен басмаканадан басылып чыгып пилоттук мектептерге апробацияга жөнөтүлгөн. Талапка ылайык, окуу китептеринин мазмундук сапаты үчүн  Кыргыз билим берүү академиясы жооптуу.

Апробациядан өткөрүү үчүн жети областтан жана Ош, Бишкек шаарларынан алтыдан: окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерден үчтөн, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерден үчтөн, жалпы  56 мектеп тандалып алынган. Бул пилоттук мектептердин директорлору, орун басарлары жана мугалимдери июль, август жана октябрь айларында атайын даярдыктан өткөрүлгөн.  Сынак өткөрүүчү мугалимдерге атайын күндөлүктөр иштелип чыгып, үч жолу семинар-тренинг уюштурулган. Сынак өткөрүүнүн жол-жоболору түшүндүрүлгөн.

Сынакты өткөрүүдө мугалимдердин ишин, китептин концепциясын илимий жактан баалоо максатында министрликтин буйругу менен атайын он беш кишиден турган эксперттик топ түзүлгөн. Анын бешөө И.Арабаев атындагы КМУнун окумуштуулары болсо, үчөө №5 Улуттук компьютердик гимназиянын мугалими, жетөө КББАнын методист-окумуштуусу. Бул топ эки жолу бардык региондорду кыдырып, сынак өтүп жаткан мектептерде болуп, мугалимдер менен көзмө-көз жолугушуп, сүйлөшүшүп, китепке карата алардын көз караштарын, сунуштарын угушуп, китептердин сапатына өз алдынча баа беришкен. Мугалимдердин толтурган күндөлүктөрү сабактын өтүлүшү, программага, календардык планга туура келиши, окуучулардын кабыл алуусу, окуу материалдардын жеткиликтүүлүгү боюнча мугалимдер менен тыгыз баарлашып, иш жүргүзүшкөн.

 

Сынактын өзгөчөлүктөрү

Министрликтин талабы боюнча мындан ары жаңы басылган китептердин бардыгына авторлору менен кошо эксперттердин дагы аты-жөнү жазылат. Себеби китептин мазмунуна авторлор гана эмес эксперттер дагы жооп берүүгө тийиш. Китептердин акыркы варианты макет түрүндө министрликке сунушталат. Ал министрликте дагы бир жолу каралып чыккандан кийин гана басууга жөнөтүлөт. Министрлик китептерде кетирилип жаткан грамматикалык каталар, сүрөттөрдүн сапаты жана карталардын сапаттуу берилишин басмаканадан талап кылууда.

  • Айрым окуу китептеринин катасын окуучулар таап чыгып жатышат. Аны авторлорго айтсаң алар басмакананын күнөөсү дешет, басмакана болсо компьютерге шылтайт. Берилген сүрөттөр тематикага туура келбей калган, же өңү бозала болуп калган, же өтүп жаткан темадан эки-үч барактан кийин жайгашып калган учурлар бар. Талапка жооп бербеген карталар, схемалар дагы жок эмес. Бул кемчиликтер окуучуларга терс таасирин тийгизет. Ошондуктан азыр министрлик басмаканаларга редакторлук жана корректордук талапты катуу коюп жатат, — дейт Сейит Джаанбаев.

 Кемчиликтер дагы жок эмес

Мындай системалуу иш мамлекетте биринчи жолу аткарылып жаткандыктан кемчиликтер дагы болбой койгон жок. Мисалы, окуу китептерин сынактан өткөргөн мугалимдердин кесиптик чеберчилиги, эмгек стажы эске алынбай калган. Экинчиден, алыскы мектептерге жетүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Үчүнчүдөн, окуу китептери пилоттук мектептерге бир учурда жетпей калгандыктан, апробация ар түрдүү убакта башталып калган.

С.Джаанбаевдин айтымында, сынактан бардык китептер ийгиликтүү өткөнү менен айрым предметтер боюнча талаш-тартыш маселелер жаралбай койгон жок. Мисалы, математика, тарых, адам жана коом, кыргыз мектептери үчүн орус тили, орус мектептери үчүн кыргыз тили, кыргыз адабияты китептеринин айланасындагы талкуу азыркыга чейин токтой элек.

  • Орус класстары үчүн кыргыз адабияты, дүйнөлүк адабият деген сабак бар. Ушул бир эле предмет үчкө бөлүнүп калган. Мугалимдер бул сабакты “адабият” деп атап, бир эле предмет кылып койсок жакшы болмок деген сунуштарын айтып жатышат. Ошол эле бир предметтин ичине кыргыз, орус, дүйнөлүк, чыгыш адабияттарын киргизип, сааттарын тийиштүү деңгээлде тууралап бөлүштүрүп койсок бир эле китеп окуп, үч саатты максаттуу пайдаланат элек. Биз болсо кыргыз адабиятына эки саат, дүйнөлүк адабиятка бир саат деп бөлүп алып, ага үч китеп чыгарып жатабыз дешет. Бул жагынан Казакстан менен Өзбекстандын тажрыйбасын алсак болот. Аларда бул предмет адабият деп гана окутулуп, сааттардын 60% жергиликтүү адабиятка, 15% орус адабиятына, 15% дүйнөлүк адабиятына, калган 10% чыгыш адабиятына деп бөлүштүрүлгөн. Биз ушул жагынан аксап жатабыз, — дейт С.Джаанбаев. — Мугалимдердин көпчүлүгү математика китебин логикалык жактан ой жүгүртүүгө кенен басым жасалган жакшы китеп экен, бирок муну кошумча окуу китеби кылып, бизге эски эле китепти бергиле дешти. Демек, азыр биздин мугалимдер мурунку көнүп калган эски китебинен чыга албай жатышат. Бирок биз заман талабына ылайык жаңы багытка бет алышыбыз керек да. Кыргыз тили боюнча китепте эрежеге көбүрөөк басым жасалып калган дешти мугалимдер. Балдар эреже жаттоо менен эле чектелип, жазуу, сүйлөө жөндөмдөрү өнүкпөй калат. Ошондуктан бул китепти дагы кайра толуктоого жөнөттүк.

Азыр адеп, укук, экономиканын негиздери, мекен таануу сабактары адам жана коом деген жаңы предметке бириктирилип, 5-класста өтүлөт. Ушул сабактын окуу китебинин мазмундук өзгөчөлүгү боюнча дагы мугалимдердин арасында талаш-тартыштуу пикирлер бар. Себеби китепке кайталанган, россиялык ж.б. китептерден көчүрүлүп алынган материалдар көп кирип кеткен дагы, тескерисинче, улуттун менталитетине туура келген материалдар аз болуп калган. Ошондуктан бул китеп дагы кайрадан толукталууга жөнөтүлдү.

Иш уланат  

Жаңы муундагы окуу китептерин басып чыгаруу ушуну менен токтоп калбайт. Учурда 7-9-класстардын табигый-математикалык багыттагы беш предмети боюнча 14 окуу китеби жазылып бүттү. Сынактан өткөрүү кийинки окуу жылынан башталат. Ал эми бул класстардын калган  окуу китептерин жазуу жана басуу боюнча министрлик жакында сынак жарыялайт. Алар дагы ушундай эле тартипте жазылып, сынактан өтүп, анан басмага берилет.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер