ЖАҢЫ КОНУШТАРДЫН БАЛДАРЫНА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА
- 03.07.2023
- 0
Бишкек шаарындагы үч жаңы конушта үч жаңы бала бакча курулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Калыс-Ордо конушунда — 140, Көк-Жар конушунда — 180 жана Дордой конушунда 280 орундуу үч бала бакча курулмакчы. Алсак, Калыс-Ордодогу жети тайпага ылайыкташкан бала бакчанын жалпы аянты 0,68 гектарды түзөт. Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн-зоок бөлмөлөрү, буфет, ашкана, жуунгуч бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар каралган. Бала бакчаны шаардык бюджеттин эсебинен подрядчы «Арай» ЖЧКсы куруп жатат.
Ал эми «Дордой» конушундагы 140 орунга эсептелген бала бакча эки блоктон турат. Учурда подрядчы тарабынан курулуш-монтаждоо иштери, имараттын ички жасалгасы, откананы монтаждоо иштери бүткөрүлдү. Жер участогунун аянты 0,57 га, жайдын аянты 1600 чарчы метрди түзөт. Анда да уктоочу бөлмө, оюн-зоок, кампа, ашкана, жуунгуч бөлмө, медициналык кабинет, кызматкерлер бөлмөсү, кампалар жана техникалык бөлмөлөрдүн курулушу каралган. Подрядчысы — «Монолит Строй» ЖЧКсы.

Ошондой эле Көк-Жар конушунда дагы 280 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда. Бул мектепке чейинки билим берүү мекемеси эки кабаттуу. Имаратта, кийинүүчү, уктоочу бөлмөлөр, оюн-зоок, кампа, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ошондой эле машыгуу залы, музыкалык зал ж.б. каралган.
Комментарийлер