ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

  • 18.01.2018
  • 0

КР премьер-министри С.Исаковдун буйругу менен Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы болуп Ташиев Жапаркул дайындалды.

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

Жапаркул Актаевич бул кызматка дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы болуп беш жыл  иштеди. Ал Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин аяктаган. Алгачкы эмгек жолун журналисттиктен баштап, Ош облусунда газетанын баш редакторунун орун басары, башкы редактору,  “Кыргыз Туусу” газетасынын башкы редакторунун орун басары болуп иштеген. Кийин КР Өкмөтүнүн Аппаратында референт,  Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директорунун орун басары кызматында иштеген.

Министрликтин мурдагы статс-катчысы Калыс Шадыханов Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды.

Бөлүшүү

Комментарийлер